Wakeboard-вейкборд – бул экстрималдуу спорттун түрү. Дүйнө жүзүндө популярдуу болуп, Кыргызстанга жаңы тарап баштаган спорттун бул түрү менен машыккандар аз. Вейкборд эки түрдүү дисциплинада жүрөт: вейкборд-катер жана вейкборд-электртарткыч (кабелдик аркан аркылуу сууда трасса салынып, айлампа, секирүү үчүн атайын трамплиндер салынат). Европада дал ушул спорттун экинчи эрежеси кулач жайган. Анткени ал экологиялык жактан таза болуп саналат. Ал эми биздин спортчулар болсо катерге жармашып алып таймашат.
Спорттун экстремалдык түрү менен шугулданган кыргызстандык Алмаз Смайлкулов, Виталий Батяйкин жана Арслан Нуритдинходжаев КМШ өлкөлөрүнүн арасында абройлуу ат салышууга катышуу үчүн Орусияга жөнөп кетишти. Айтмакчы, Алмаз Смайлкулов буга чейин Дүйнөлүк чемпионатка катышып байгелүү келип, Орусиянын үч жолку чемпионатын жеңип алган күчтүү райдер. Ал эми Виталий Батяйкин Кыргызстандын чемпиону.
Орусиянын вейкборд боюнча ачык чемпионаты 9-12 июлга чейинки аралыкта Санкт-Петербург шаарындагы вейкпаркта өткөрүлөт. Анда спортчулар вейкборд, вейкскейт, аквабайк боюнча таймашат. Орусиянын чемпионаты эл аралык абройго ээ болуп, дүйнөдөгү 400 мыкты спортчунун рейтингин түзгөн мелдеш болгондуктан, кыргызстандык спортчулар катуу даярдыкта кетишти. Буга чейин алар жалгыздап мелдештерде күч сынашып келсе, бул жолу «Өнүгүү-Прогресс» партиясы бардык чыгымдарын каржылап, биринчи жолу Кыргызстандын курама командасын түздү.
Мирлан Өмүралиев