Акыркы 5 жылда кыргыз саясат майданында орун алган жүрүштөр айрым партияларды алдыга озуп чыгарды да, кайсы бирлерин артка чегинүүгө аргасыз кылды. Эми минтип парламенттик шайлоо жакындаган сайын өлкөдөгү саясий күчтөр кызыкчылыктарына жараша бириге башташты. 5 жыл мурун бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып авторитардык режим менен күрөшүп, башкаруу системин өзгөртүүгө жетишишкен КСДП менен «Ата Мекен» партиялары азыр эки ажырым жолго түшүп калышкандай. Жакынкы айлардын чоң талкуусун жаратчу эки чоң партиянын ортосундагы ажырым эмнеден улам күндөн күнгө күчөп баратат? Ал кимдерге керек? Ушул тууралуу кеп кылалы деп чечтик.
КСДП жана «Ата Мекен»: БИРИГҮҮГӨ БИР КАДАМ КАЛГАНДА...
Кыргызстандагы саясий партиялардын саны учурда 200дөн ашат. Бирок мезгилдин элегинен өткөндөрү саналуу гана. КСДП 1993-жылы каттоодон өтсө, «Ата Мекен» андан бир жыл мурун 1992-жылы каттоодон өткөн. Атүгүл бул партиялар бир убакта биригүүгө да бел байлашканы белгилүү. Эки партиянын лидерлери Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев адегенде, 2005-жылдын Март окуясында, кийин 2010-жылдын Апрель окуясында бир кемеде болушуп, өлкөнүн тагдырын бир үй-бүлө калчап калган, мамлекеттин казынасын өз чөнтөгүнө мойсогон бир эмес, эки президенттин режимине каршы күрөшүштү. Айтор, бул эки саясатчынын ысымдары Кыргызстандын эгемендүү тарыхынын алгачкы жылдарынан бери эң көп жазылып, айтылып, ордулары келечекте өз баасын сөзсүз табары бышык. Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди жаңы Кыргызстандын символу деп атоого да толук негиз бар.
2010-жылга чейин КСДП менен «Ата Мекендин» куугунтук жана кысымдарга карабастан мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөнү, көздөгөн максаттарынын окшоштугу, бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келгени Апрель революциясынан кийин эки партиянын биригүүсүнө пайдубал түзүп койгон болчу. Тилекке каршы, бул эки партия бирикпей гана тим болбостон, парламенттик шайлоодон кийин 2010-2011-жылдары бири оппозиция, бири башкаруучу болгонго да жетишишти. Бир жыл өтүп-өтпөй КСДП менен «Ата Мекен» башкаруучу коалицияга биригишкени менен, «Ата Мекен» КСДПнын лидери болгон президенттен өкмөттү куроо мандатына, башкача айтканда, ишенимине бир да ирет татыган жок. Тескерисинче, партиялардын ортосундагы ажырым күндөн күнгө чоңоюп бара жатат.
ОРТОГО ОТ ЖАККАНДАР КИМДЕР?
2010-жылга чейин КСДП менен «Ата Мекен» катарлаш болуп, бир багытты көздөп жана бир пикирди билдирүү менен анын лидерлери Убактылуу өкмөттүн курамында да экс-президент Роза Отунбаеванын орун басарлары болуп келишти. Дал ушул Апрель окуясынан кийинки тарыхый-саясий кырдаал эки партиянын бир туунун астында чыгышына эң ыңгайлуу шарт түзүп турган. Бирок эки лидердин тегерегиндеги адамдар КСДП менен «Ата Мекендин» өнөктөш болуусуна тоскоолдук жаратышып, акыркы 5 жыл ичинде ажырымды чоңойтууга, от жагууга, тирешти күчөтүүгө талыкпай аракет кылып келишти. Акыркы күндөрү орун алып жаткан окуялар Атамбаев менен Текебаевдин ажырым жолго түшүүсүн каалаган күчтөрдүн тилеги орундалганын көрсөтүүдө.
Парламенттик шайлоо жакындаган сайын Алмазбек мырза менен Өмүрбек мырзаны алыстаткысы келгендер максатына жетип, мындан ары экөөнү атаандаш гана эмес, душманга айлантууга күч үрөп жатышкандары билинип жатат. Себеби эки партиянын ортосунда ыплас эмес, таза шартта атаандаштык орун алчу болсо, мамлекет чайпалбай, бир багытта өнүгүүгө жакшы шарт түзүлмөк, мындан мамлекет гана утуп чыкмак. Атамбаев менен Текебаевдин араздашуусуна кызыкдар күчтөрдү учурда оңолууга жана өнүгүүгө бет алган жаңы кыргыз мамлекетибиздин душмандары деп атаса жарашат.
Эльвира Караева
koom@super.kg