КАЛЫСТАР КАЛЫСТЫКТАН ТАЙГАН УЧУРЛАР

Спорттун кайсы гана түрү болбосун мелдеш учурунда калыстар калыстыктан тайып, туура эмес чечим чыгарып койгон учурлар кездешет. Биз бул сапар бокстогу калыссыз чечимдер тууралуу баяндамакчыбыз. Кызыгы, атайлап ката кетирген калыстардын көпчүлүгүнө эч кандай чара көрүлгөн эмес.

ЮРИЙ ФОРМАН – МИГЕЛЬ КОТТО (КОТТОНУН ЖЕҢИШИ. 2010-ЖЫЛ)
Бул беттешке Форман велосипедден жыгылып жаракат алгандыгына байланыштуу оң тизеси таңылып рингге чыккан. Алгачкы 6 раундда Юрий атаандашы менен тең тайлаша беттешип жаткан, бирок 7-раундда тизесин оорутуп алып, анын айынан 2 ирет жыгылып калган. Аксап жүргөнүн көрсө да рефери Артур Меркантени негедир Формандын ден соолугу кызыктырган эмес. 8-раундда Котто алы кетип калган Форманды колунан келишинче эле сабаган. Бул убакта ак сүлгү ыргытылганына карабай рефери беттешти токтоткон эмес. 9-раундда да ушундай эле көрүнүш кайталанып, Форман отуруп калганда рефери эсептебей туруп беттешти токтоткон.

РОЙ ЖОНС (КИЧҮҮСҮ) – ПАК СИ ХУН (ХУНДУН ЖЕҢИШИ. 1988-ЖЫЛ)
Калыстардын калыссыздыгы атактуу мушкер Рой Жонсту да «сындырып» коё жаздаган. Сеулда өткөн Олимпиада оюндарында келечектеги дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Рой Жонс менен жергиликтүү мушкер Пак Си Хун финалда бет келишет. Рой атаандашына караганда бир топ көп упай топтогону менен, калыстар жеңишти корей мушкерине ыйгарат. Калыстардын бул чечими Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң начар чечим деп табылган. Андагы 5 калыстын үчөөсү кореялыкка жеңишти бергендиги үчүн кийин рефериликтен биротоло четтетилишкен.

УМБЕРТО СОТО – ФРАНЦИСКО ЛОРЕНЦО (ЛОРЕНЦОНУН ЖЕҢИШИ. 2008-ЖЫЛ)
Бул беттеште WBC версиясы боюнча дүйнө чемпиону Сото мыкты оюн көрсөтүп жаткан. 4-раундда ал атаандашын 2 ирет нокдаунга учуратат. Тилекке каршы, Сото чабуул коюп жаткандагы күүсү менен сокку узатып жатып жыгылып бараткан атаандашынын желкесине уруп алган. Анысы үчүн рефери Жо Кортес Сотону беттештен четтетип салган. Беттеш көптөгөн талаш-тартыштарды жараткандыктан WBC Лоренцого чемпиондук титулду ыйгарган эмес.

ЖОЗЕФ АГБЕКО – АБНЕР МАРЕС (МАРЕСТИН ЖЕҢИШИ. 2011-ЖЫЛ)
Беттеш башталганда эле рефери Рассел Моранын сол капталы менен жатып тургандыгы байкалган. IBF версиясы боюнча «көпөлөк» салмактагы дүйнө чемпиону Агбеко биринчи раундда соккудан кача коём деп тең салмактуулугун жоготуп жыгылып кеткен. Рефери муну нокдаун катары эсептеген. Ошондой эле беттештин аягына чейин Марес атаандашына белден ылдый 23 сокку узатып, ал мунусу үчүн бир да эскертүү алган эмес. Белден ылдый урулган таамай тийген соккулардын биринин кесепетинен Агбеко жыгылып калган, ал эми рефери муну да нокдаун катары эсептеген. Жозеф Агбеко бул беттеш тууралуу «мен рингде эки атаандаш менен беттештим, жыйынтыгында Марес эмес, рефери титулумду тартып алды» деп айткан.

ЭМАНУЭЛЬ ОГАСТЕС – КОРТНИ БАРТОН (БАРТОНДУН ЖЕҢИШИ. 2004-ЖЫЛ)
Бул жерде Бартонго жеңишти беришти деген сөздүн өзү да ылайыксыз. Муну чыныгы алдамчылык же тоноо деп атаса да болот. Бул беттеште Огастес Бартонго караганда кыйлага мыкты болгонуна карабастан, Дэн Келли аттуу рефери өзү каалагандай калыстык кылган. 4-раундда Огастестин атаандашын нокдаунга учураткан соккусун жана бир нече денеге таамай урган соккусун рефери белден ылдый урду кылып упайын кемитип салат. Огастес бул сапар баары бир жеңишти ага бербей турганын сезип, атаандашын карабай таамай уруп рингде шылдыңдай баштаган.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
bazarkyl
2015-07-13 13:59:54
бокстун баркын бускан ушулар.
0
ulanbek120190
2015-07-14 15:45:05
bazarkyl,бускан деген соз барбы тообо бузган
-3
as.fanat
2015-07-15 10:26:00
ulanbek120190, мектепте ботаника сабагын жакшы окуган окшойсун э?)
-1
zhenishmyrza
2015-07-18 05:00:06
as.fanat,ботаника эмес адабиятты окуу керек!!
0
ularik_kg
2015-07-14 23:44:49
Бокска кызыкпайм.
0
Neitral86kg
2015-07-19 17:44:12
Бокста, курошто - эркин жана грек-римдик, самбодо, дегээле аралаш боевой искустволордо бир тараптуу, акыйкатсыз калыс чечемидери кез-кез менен оорун алыптурат. Кечээги эле Пакьяо менен кенже Фл. Мейвезердин ортосундагы салгылашууда да эесптер одоно бузулуп, калыстык чыркырап, бокс траурга кабыл болду. Спортто калыстар ачык тарта албаган турлору оор жана женил атлетика. Анткени штанга которсон котордун, болбосо - жок. Чуркоода да ошондой, маарага 1чи келсен сенсин, болбосо жок.
0
admin_superstan
2015-07-20 10:53:05
ularik_kg, killer5, жеке айтышууларга, коомдук адепке туура келбеген сөздөргө жол жок! 10 күндөн БАН!
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан