Назгүл Токтакунова, ырчы: «АТАМ БИЗДИН ҮЙДҮН ТУМАРЫ»

Бул ирет ырчылардын арасында «сарышка» атка конгон, таланттуу ырчы Назгүл Токтакунованын үйүнө конокко бардык. «7-классымда бул үйгө көчүп келгенбиз, быйыл мектепти бүткөнүмө 10 жыл болуптур. Ошондон бери атам бул үйдө жыл сайын оңдоп-түзөө иштери менен алек болот. Дагы деле мага жакпаган жерлери бар» деген ырчы үйүндөгү эрежелери менен тааныштырды.

Биздин үйдүн кире бериши ушундай. 3 кабат үйдө жалпысынан 10 бөлмө жайгашкан. 1-кабатта 3 конок бөлмөсү, ашкана, ванна, ажаткана орун алган.

Үйгө келген меймандар ушул бөлмөлөрдөн орун алышат. Бирок үйдө кандай маараке болбосун ичимдик ичилбейт.

Ашканабызды жеңем менен апам жасалгалашкан. Апам япондордун сакурасын аябай жакшы кєрєт. Ошондуктан кыргыздын сакурасы деп дубалга өрүктүн гүлдөгөн кезин тарттырган.

Ал эми экинчи кабатта байкем үй-бүлөсү менен жашайт. Мында уктоочу бөлмөсү жана 4 кызынын өзүнчө бөлмөлөрү орун алган.

Мен ушул сиңдилеримдей кезимде өзүмдүн бөлмөм болуп, жомоктогу каармандар менен кооздолсо деп кыялданчумун. Бирок андай шарт түзүлгөнчө чоңоюп кеттим. Эми ата-энем неберелерине баарын жасап берип жатышат.

Бул бөлмөдө байкемдин кыздары мультфильм көрүп, көп убактысын өткөрүшөт.

3-кабаттагы бул бөлмө буга чейин атамдын иш бөлмөсү болчу. 2-кабатта тентек сиңдилерим буюмдарыма тийише бергендиктен, бул жакты ээлеп алгам. Формаларым, боёкторум, айтор, тапканымдын баарын ушул жакка катам.

Ата-энемдин бөлмөсү меникине коңшу жайгашкан, эмеректерди ыңгайлуулугуна карап өздөрү тандашкан. Экөө тең мүнөздөп тамак жешкендиктен кичинекей муздаткыч коюп алышкан.

Өткөндө атам 600 долларга жыгачы оюлуп, кооздолуп жасалган сандык сатып алыптыр. «Сени күйөөгө ушул сандыкка салып узатабыз» деп күлдүрөт. Учурда апам сеп даярдап сандыкты толтурууда.

Сырттагы короодо алма бак, балдарга бассейн бар. Андан сырткары гараж, мончо, жайкы ашкана, сарай, кампалар жайгашкан.


ЧАЙ МАЕК

– Назгүл, бул үйгө көчүп келгениңерге канча болду?
– Биз 6-кичирайондо 4 бөлмөлүү батирибизди 2000-жылы 6 миң долларга сатып, бул үйдү 10 миң долларга сатып алганбыз. Жалпы аянты 11 сотых.Башында келгенде чакан, эки кабат болчу.

– Үй сыртынан чакан көрүнгөнү менен ичи аябай кенен экен...
– Ооба, биз 3 бир тууганбыз, эки агам, анан мен. Улуу агам Токмокто үй-бүлөсү менен турат, 3 баласы бар. Биз менен кичүү агам, жеңем, 4 кызы менен жашашат. Ошондуктан неберелери төрөлүп, үй-бүлөдө адам көбөйгөн сайын атам үйдү чоңойтуп жатат. Атамдын кесиби инженер-архитектор болгондуктан өз колу менен үйдүн кошумчасын курган. Негизи атам биздин үйдүн тумары десем болот. Акча тапкан, бизди баккан, үйдү кооздоп, бардык шарт түзүп берген, үйгө береке-кут алып келген да атам.

– Кыз бала атанын үйүндө конок деп коёт. Өз үйүңдү кандай элестетесиң?
– Эч кандай элестетпейм, Кудай буюрган үйгө бара берем. Калганын өзүбүз жасап алабыз.

– Үйдө эрке окшойсуң?
– Албетте, жалгыз кыз болсом эркемин да. Ата-энем «кыз бала үйдүн коногу» деп такыр урушушпайт. Эмне айтсам, аткарышат.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Назгүл Токтакунованын 3 кабаттуу үйүнө саякат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Koshaly
2015-07-13 11:04:49
баардык ыры жагат
0
KyrkyzKa
2015-07-13 15:42:28
Молодец. Мага баары жакты
+1
eldar87
2015-07-13 19:06:29
Анжеликаныкына качан барасынар
0
fittoniya
2015-07-13 21:26:29
Молодец!!! Суйлогондору жонокой,мактанбаган жакшы кыз экен.
0
nur_2010
2015-07-13 23:05:36
магада аябай жакты уйбулоосу.Назгулдун мага жонокойлугу жакты мактанып суйлобогону.Ар дайым эле ушундай болуп журо бер
+1
LadyD
2015-07-14 10:48:39
ата-энесинин ден соолугу чын омурлору узун болсун, Назгул таптакырле эрке кыз болобербей кичине женене жардам берип тур, 4 кыз тороп берген оной эмес....
+1
Aipri
2015-07-14 16:03:36
Назгулянын жонокойлугу жагат. Чынында, бар уй-булодо чонойгону билинип турат. Бунун ордунда Анжелика же Самара болгондо давно мактанып коргозмок.
+1
AFRODITA-89
2015-07-14 17:28:56
жакшы кыз экен ото мактанчаак эмес
0
cosmopolit
2015-07-14 21:28:14
Азамат!!! Кыргызча жакшы суйбойт экен...
-1
AFRODITA-89
2015-07-14 23:14:44
бул кыздын ордуна башкасы болгондо уйун болушунча мактап икир чикирине чейин корсотуп отмок ото тарбиялуу жана сылык, эн негизгиси жонокой кыз экен мунун баарына тарбия берген ата-энеси себепчи, атасынын колу гул экен мыкты мырза десем болчудай уйго тын экен ушундай кылып баары эле жасай бербейт мээнеткеч аракетчил экен, Назгулду мурун баалай берчуу эмесмин эми ото жактыра баштадым жигити Замир да сонун балаго экоо тим эле пара болуп калат эми ушул уйдон кыз тойду королу буйруса! Бактылуу экен!
+4
Deniza88
2015-07-15 13:35:25
Ии менин тааныштарымдын эле кызы турбайбы. Мынча жонокой кишилер тоообооо , ушу Назгулду эч ойлобопмун ошо деп... Я в шоке.. Уй булоосу аябай жакшы адамдар. Тообаааа .. Я в шоке, сколько лет знакомств не знала.... Уйбулосунун баарын таанып жалгыз Назгулду таанычу эмесмин... Неге айтышкан эмес... Я в шоке...
-1
Memory
2015-07-16 15:42:33
Мына Ата деген ушундай болуш керек. Анча мынча биздин эркектер Назгульдун атасынан улгу алгыла.
Мээримдуу уй булоо экен. Женеси жакты мага аябай.
+1
Gundula
2015-07-18 18:38:51
Магада аябай жакты озгочо атасы эн мээримду жоопкерчилуктуу ата экен омурун берсин.Кандай гана сонун ата
+1
Tattybubu93
2015-07-30 22:43:37
jenesi , atasy , Nazgul eje ozu da....baary jakty. Jonokoi, jakwy adamdar eken. Super Info, Omar menen Anjelikanykyna da bargylachy
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан