«БИРӨӨНҮН МАЛЫН БАКСАМ ДА БАЛДАРЫМ МЕНЕН ЧОГУУ БОЛГУМ КЕЛЕТ»

Тагдырдын ташкынында калып, боорукер адамдардан ырайым, жардам, жылуу сөз күткөн адамдар абдан көп. Кеңсебизге келип, арыз-арманы менен бөлүшкөн мындай жарандарыбыздын көпчүлүгүн калктын аялуу катмары болгон аялдар түзөт. Эркайым Аттокурова автокырсыкка кабылып, жолдошунан айрылып, өзү көзүнөн жаракат алган. Учурда балдар үйүндө тарбияланып жаткан 2 баласын колуна алып, ырыстуу жашоо кечирүүнү тилейт.

«АВТОКЫРСЫКТАН ЖАЛГЫЗ МЕН АМАН КАЛДЫМ»
– Мектепти бүтүп эле турмушка чыктым. Эки балалуу болгондон кийин автокырсыкка кабылып, унаада болгон 5 адамдын төртөөсү кайтыш болуп, жалгыз мен аман калдым. Төртөөнүн бири менин жолдошум болчу. Ал мени 2 балам менен таштап аркы дүйнөгө кете берди. Кырсыктан кийин оң көзүм көрбөй азиз болуп калдым. Балдарым менен төркүнүмө келип, апама эки баланы таштап, иштөөмө туура келди.
Колумдан баары келет. Үйдүн ичи-сыртын шыбап, азыркы замандын талабына ылайык евро кылып оңдоп-түзөөнүн бардык түрүн жасайм. Буга да турмуш үйрөттү. Иштеп келем деп Орусияга кетип, ошол жактан кара жумушту көп кылдым. Менин кылган жумушума бир да кардарым нааразы болуп, ишти экинчи ирет жасаган учурларым болгон эмес.
Оор чакаларды көтөрүп, килейген идиштерге аралашма чылайм. Бийиктикке чыгып, дубал шыбайм, айтор, эркек кишилер менен аралашып иштеп жүрүп, жаман-жакшы адамдардын түрүнө жолугат экенсиң. Аялдарынан алыста жүргөн эркектер жалгыз бой аялга ойду-тоону сүйлөп, ар түркүн сөз ыргытып тийишишет. Ушундайдан аябай тажадым. Мирлан аттуу бир жигит бар эле, ал бригаданы башкарып, кол алдындагыларына сөзү өткөн адам болчу. Ал мени коргой аларын билчүмүн. Экөөбүздүн мамилебиз келишип, ошол жактан нике окуттук да, бирге жашай баштадык.

«КОШ БОЙЛУУ ЭКЕНМИН»
– Мирлан экөөбүздүн жумушубуз бир, чогуу барып, чогуу келебиз. Көп өтпөй кош бойлуу экенимди билдим. Ага айтсам, ал «алдырып сал» деди. Мен макул болбой койдум. Мындан соң анын мага болгон мамилеси өзгөрүп, үйгө көп келбей калды. Артынан акмалап жүрүп, Мирландын бир орус аялдын үстүнө кирип алганын билдим. 2-3 ирет бардым, орус аял мени кубалап чыгып салат. Курсактагы бала өсүп, жумушка да жарамдуу болбой калдым. Ошентип темселеп жүрүп документтеримди да жоготтум. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жардам сурап барсам, убактылуу паспорт дайындап, Кыргызстанга салып жиберишти.
Айла жок үйгө кайтып келдим. Апам кош бойлуу экенимди билип, алдырып салуумду айтып жанымды койбой койду. Кара жанымды карч уруп, жандалбастап жүрүп баламды сактап калуу максатында Бишкекке качып келип, уул төрөп алдым.
Бир тоокко дагы жем керек. Мына кызык, эми кантип чоңойтом баланы? Белди бекем буудум да, төрөттөн кийин тыңып-тыңыбай эле баягы көнгөн ишим боюнча кара жумушка кирип кеттим. Акча жакшы тапкан менен бала багуучуга, жалаякка, азык-түлүккө, батир акысына жетпей, айтор, жаным төрт чарчы болуп кетти. Балама 8 ай болуп калганда айланып эле айылга бардым.
Иним үйлөнүп, келиндүү болгонбуз. Келинибизге жүк болбоюн деп, үйдүн ичи-сыртын оңдоп-түзөп, короо жайдын баарын иретке келтирдим. Аны бүтүп, короодогу жүгөрүнү чаап, отоосунан арылтып жатсам, келиним келип мени тескеп калыптыр. Экөөбүз ошол жерден уруша кеттик. Кыскасы апам да, иним да акыры келиндин колунан чай ичишерин түшүнүштү окшойт, мага болуша алышпады. Баламды боорума кысып, Бишкекке баса бердим.

«ДАГЫ БИР ИЧКИЧКЕ ЖОЛУГУПТУРМУН»
– Баягы жетер-жетпес күндөр кайрадан кайталана баштады. Азап тартып бала багам деп жүрүп аябай чарчадым. Башымды жөлөп, көзүмдүн жашын аарчый турган карылуу күчкө муктаж болуп жүргөнүмдө көңүлүмдөгү адамга жолуктум. Ал колумдагы ишимди кармалашып, жардам берип жүрдү. Акыры бирге түтүн булатып калдык.
Кудай берем деген пендесине бере берет экен. Бул жолдошумдан да наристе күтүп калдым. Жоопкерчиликтен корктубу, айтор, анын барган сайын ичкени көбөйүп, бизди баккандын ордуна азапка сала баштады.
Адамдын түрүн көрдүм, дегеле эки буттуудан түңүлбөгөн жан экенмин го деп, өзүмө нааразы болуп, ага да кол шилтеп баса бердим. Бишкекте мен жашабаган кризистик борбор калган жок. Акыры аман-эсен көз жарып алдым. Кудай көрсөткөн күндү көрөрмүн деп эки баламды багып келе жатам. Азыр бири 3 жашка чыгып, кичүүсүнө 8 ай болду. Экөөсүн тең балдар үйүнө убактылуу өткөрүп койгом. Балдарым ушул жакта тарбияланып жатат деп өткөндө балдар үйүнүн 2-кабатындагы 5 бөлмөнү толук оңдоп-түзөп бердим. Бир аз өзүмө келип, батирге акча чогултуп алгыча эле балдар үйүнө берип турам го дегем. Бирок жалгыз башым менен ойлогон оюм ишке ашпай жатат. Мен барганда айрыкча улуусу колун сербеңдетип, кубанып чуркап чыгат.
Азыр ошолор үчүн эле жашап келем. Бирөөнүн кир-когун жууп, малын баксам да, оту менен кирип, күлү менен чыксам дагы балдарымды жаныма кошо ала жүргүм келет. Бирөө мага казаныма аш салып, үстүмдү бүтөп бербесин билем. Ошентсе да ак эмгек менен акча таап, балдарым менен чогуу болгум келет. Экөө тең менин наамыма катталган. Коркконум эле бала багууга шартың жок экен деп мончоктой балдарымдан ажыратып коюшпаса экен деген ой.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
nazya5
2015-07-13 23:14:34
Бала торой эле бербей ойлонуш керек да кантип багам деп, байкуш балдарда не куноо балдар уйундо чоноюп
-2
PeRa
2015-07-14 00:31:21
nazya5, адам баласы жакшылыктан умут узбой жашайбыз, балким мунусу менин бактым деп тороду да. Бироого кыйын суйлосон, оз башына келет. Баарын алдын ала билсек жашоо такыр башкача болмок.
+2
mersedes2013
2015-07-14 02:15:26
Ошондо улуу балдары кайда?
0
Гүлжан Асанкожоева
2015-07-14 11:34:22
mersedes2013,Каза тапкан күйөсүнөн төрөлгөн эки баласы да эркек уулдар экен. Алар тууралуу соз кылгысы келген жок, так как таенеси чоңойткондуктан. Алардын улуусу чоңоюп, Россияга иштеп кетиптир. Аларды багышып, жардам бере албагандыктан, апасынан алып же энеликти талашууга акысы жоктой сезет экен өзүн.
-1
Izdeim_seni.
2015-07-14 12:33:33
эми тайнеси деле бакса озунун кызынын балдарын багып жатыптър,кой чонойдунар ушул аял силердин апанар,бул да кырсыктын айынан ушундай болуп калды,эми каралашып тургула десе болот эле да.
+3
Asel.24.07.93
2015-07-14 23:28:10
Иий алтындарым оксуп оксуп ыйлап алдым, Кыргызстанда эмнеге ушундай, жумуш болсо да акчасы аз эчнерсеге жетпейт. Колуман келсе аябай жардам бергим келип турат, кичине белек болсо да берет элем кичинекей наристелери учун
0
nur_2010
2015-07-15 00:36:54
окуп жатып аябай боорум ооруду, эми ошон учун тугандан кийин ойлобой туганга чейин ойлонуш керек болчуда.БАЛА бул жоопкерчилик, балдарын эле эстеп жаман болтам.менин балдарым менен тен экен
0
nur_2010
2015-07-15 00:39:37
каза болгон куйоосунон балдары чоноюп иштеп калЫШса ошолор жардам бериш керек, эмнеси болсо да ЭНЕ
+1
AlbertEnshtein
2015-07-16 09:11:47
Эмнеге атане бир туугандары жардам бербеди. Анан да тиги балдарынын аталары тируу болсо сотко берсин, алиментке. А то кылаар ишти кылып коюп жоопкерчилик тартпай чардап жургонуно жол болсун. Негизи эркек камкор болбосо аял да бала да кор эле болот. Эхх, ошон учун жаштар камкор эркектен бала торогуло. Устундо уйун, же иштеген постоянный ишин болбой туруп конулдоштон же аракечтен бала торогон туура эмес. Кудай ырыскы берет дегенге гана ишенип торой берсек, атане да бала да бактысыз болот.
0
ertur
2015-07-16 10:46:55
Кудай Таалам мээримдуу сабыр кылыныз
0
jaskaaa
2015-07-17 00:48:54
Баласы танынакай экен! Жаш болсо бир жон эле. Чон эле аял экен го. Эркектен эч качан тунулбойсуз. Ошон учун туугандары да жардам бербейт да. Туштон кийин ойлонуп коет.
0
HAPPY.GIRL
2015-07-17 00:50:44
Жетим журуп жетилет-деген соз бар бизде. Курама темир курч болоор,биринчи турмуштагы балдарынызды озунузго алсаныз.Бул кундор да отуп балдарыныздын колунан ысык чай иче турга кун алыс эмесс.
0
moskva
2015-07-19 18:41:21
Кудайым берерин унутпасын!кантип байланышса болот?Биздин бишкекте уйубуз бар.эки кабаттуу.Биринчи кабаты буткон.Жашоого болот.Иши болсо балдары менен жашап турса болот эле.Биз Москвадабыз.
+2
Biinura
2015-07-20 01:04:13
Бир туугандары жардам берсе болмок. Адамгерчилик жоголуп баратат.
0
pirim77
2015-07-28 14:20:45
бул аялды тааныйм. убагыда аты чыгып ата-энесин уятка калтырып бала тороп сатып ийген деп айтып аныз кылышчу. таенемдин кошунасы. апанды жамандабай эле койбопсун да. ошол кызын чоноюп 18 жашында озундун ининдин колуна келди го. чын-тогунун билбей айткан адамдыкы туура боло берет экен да. жомокторун окуп отуруп жакамды кармадым.
+1
Kulpunai95
2015-08-18 03:47:03
Тушунбой калдым 4 баласы бар экен экоо кайда?
0
Kulpunai95
2015-08-18 03:48:03
Кызык 2 баласы кайда
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан