«НАРИСТЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАР ҮЙҮНДӨМҮН. ЫРЫСКЫБЫЗ ТҮГӨНБӨСӨ ЧОҢОЁРБУЗ»

5-июнда Бишкек шаарындагы Бала жана энени коргоо улуттук борборунда Бактыгүл аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну үч эм наристени жарык дүйнөгө алып келген. Анын барарга жери жок, кароосуз экендиги билинип, эне ымыркайлары менен Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө жайгаштырылган. Бактыгүл айымга жолугуп, балдарынын ден соолугун сураганча баарлашып кайттык.

«ЖОЛДОШУМДУН ДОСТОРУ КИЙЛИГИШПЕГЕНДЕ...»
– Мен Жалал-Абад облусунда 1992-жылы туулгам. 2014-жылдын август айынын башында Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну Алтынбек Үсөнбек уулуна турмушка чыктым. Экөөбүз бири-бирибиздин көңүлүбүздү таап, өз тандообуз менен үйлөнгөнбүз. Ортодогу чыр-чатактын келип чыгышына жана ырбашына жолдошумдун достору себепкер болду. Алтынбек өз үй-бүлөсүн өзү билип, өзү каалагандай чече алган жок. Турмушта казан-аяк кагышат экен, ага экөөбүз тең күнөөлүүбүз. Бирок бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт да. Ортодон жолдошумдун достору келип аралашып, «сени кетирип, досубузга башка аял алып беребиз» деп туруп алышты. Ооба, ошол учурда кош бойлуу болгондуктан үйдөгү өйдө-ылдый маселелерди оор кабыл алып, жолдошума өчөшүп, тилимди тартпай туруп алган күндөрүм да болгон. Албетте, бул кыялым кайын-журтума жаккан жок.

«МЕНДЕН БААРЫ БАШ ТАРТЫШТЫ»
– Акыры ар ким кийлигишип жатып декабрдын башында биздин уя бузулду. Мен Жалал-Абадга апама келдим. Үйдөн кусуп, тамакка табитим тартпай жатканын байкаган апам «кош бойлуусуңбу?» деди. Ошол учурда кайненем апама телефон чалып, жамандап койгон экен. Апам «барган жериңе жакшы келин болбопсуң, кайненең айтып жатат. Кыз келин болуп барган жеринен кайтпай, өлсө сөөгү ошол журттан чыгышы керек» деп катуу айтып урушту. Өзүм кош бойлуу болсом, мындай сөздү көтөрө албай, Бишкекке кетип калдым. Бул жактан көрүнгөн жумушту кылдым. «Ош базарга» манты жасап чыгып саттым. Оор тартып, ичим чоңоё баштаганда бирөөлөрдүн баласын багып иштедим. Ошол кезге чейин УЗИге түшүп, курсактагы баланын абалын билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Жашай турган жерим да жок болгондуктан 6 жарым айлык болуп калганда мечитке бардым. Ал жактан Зарина Батыралиева аттуу эжеге жолуктум. Эже мени өзү менен чогуу жашатып жүрдү. 8 ай толду дегенде УЗИге түшсөм, «эгиз экен, бири уул, бири кыз» дешти. Андан соң Зарина эже мени №6-төрөт үйүнө каттоого тургузду. Ошол жерден алдын ала текшерүү жүргүзүшүп, наристелеримдин 3 эм экенин айтышты. 4-июнда толгоом башталып, күндүзгү саат 4тө суу кетип баштады. Ошол боюнча түнкү саат 3кө чейин суу токтогон жок. Акушерлер «кесарево жолу менен төрөтпөсөк, суу көп кетип кургап калды, кыйналасың» дешти.
Баарын сезип турат экенсиң. Алгач уулум, андан кийин удаа эки кызым төрөлдү. Кудай сүйгөн пендесине наристе берет деген чын экен. Ушундай балдарынан баш тарткан жолдошума аябай капамын. Мен көз жаргандан кийин бул жактан социалдык кызматкерлер жолдошума барып «келинчегиң үч эмди жарыкка алып келди. Балдарыңды кабыл аласыңбы?» десе, «жок, алардын менден экенине күмөнүм бар» деп келбей коюптур. Анда «ДНКсын текшертип, өзүңдөн кан алууга уруксат бер» дешсе да качып болбой койду. Деги эмне каалап жатканын түшүнбөй койдум. Көз жарганга чейин анын акыркы чечимин угуш үчүн «чогуу жашайлы, аттарын өзүң кой, фамилияңды бер» деп телефон чалганымды койгон жокмун. Бир ирет «макул, балдарымды барып көрөйүн, алып кетейин» деген. Мен ага сүйүнүп, баарына «жолдошум келип алып кетем деди» деп айтып койгом. Бирок келген жок. Үмүтүм үзүлгөн соң балдардын жана өзүмдүн ден соолугум турукташкыча Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө чыгарышты. 6 ай ушул жакта жашайт экенмин. Андан аркысын балдардын ырыскысы түгөнбөсө көрөбүз да. Кудай балдарымдын ырыскысына дагы бир нерсе даярдап тургандыр. Кыздарыма Ханифа жана Хабиба, ал эми уулума Хабибулла деген ысымдарды ыйгардым.

Бактыгүл Камчыбек кызына өкмөт 300 миң сом, ал эми президент 100 миң сом жардам катары ыйгарды. Ал өз кезегинде үч эмден сырткары дагы баласы бар экенин кабарлаган. Бул маалыматты жокко чыгарбаса дагы "Мен мурунку жашоомо кайрылгым келбейт. Азыр мен үчүн үч эм наристемдин аман-эсен чоңоюшу маанилүү" деген оюн билдирип, башка баласы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Барарга жерим жок" дейт үч эмдин энеси
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
sonka89.
2015-07-13 22:06:11
Апасы кандай аял уккандыр кызынын уч эм торогонун,кандай чыдап тынч уктап жатты экен. Энесине тапрынып уйдон кеткен бул да акмак.
+1
nur_2010
2015-07-14 12:42:44
ушул кызга 1 болмолуу уй берип коюшса болмок,демоорчулор деле топтолуп орозо кунундо эн чон собоп иш болмок.куйоосу жок болсо азыркы кундо 3 баланы эмес 1 баланы эптеп багуу ото кыйын.
0
nur_2010
2015-07-14 12:45:01
2 айдан бери суперинфого чыгарасынар.интервью алып андан коро фонд уюштургула акча топтойлуу коп тукурсон кол болот демекчи кепе болсо да уй алып берейли
0
LadyD
2015-07-14 14:24:36
баардыгы жаман, анан ушул кыз эле жакшы... эмнегедир куноонун баары озундо окшойт...1 эмес 3 баланы тороп атса, же куйоосу, же оз апасы басып келген жок, эн жакын адамдары карабай жатса, демек алардын конулу калган бул кыздан.. башка тараптын оюн билбейле аларды жамандабай коелу. иши кылып балдары аман болушсун
0
mig
2015-07-14 17:57:23
Кыргызча аттар калбай калган го. Бапдары омурлуу болсун.
+1
kaniet
2015-07-18 13:24:51
mig,балдарына койгон аттар ыйык аттар болот, кыргыхда деле бар мындай ат койгондор
0
KYRGYZJERI
2015-07-15 12:33:09
Бактыгулго айтаарым, колунан келсе куйонду эстеп нервинди коротпой эле кой.
Эркек болсо ошондо эле уй булосуно эч кимди аралаштырмак эмес, ал азыр да аял, аялдардын созун угуп, энесинин созун угуп сага да келе алган эмес, келсе да бети бет эмес.
Отконду эстеп кайгырба, нервинди коротпо, болгону балдарына озунду арна, бир Алла таразалап турат.
Эртен куйон келген кундо да кечирип жашап алба, сени оор убакта таштап кеткенден кийин ал эртен келип сени багып кыйратпайт, эркек болсо эбак келмек эледа!
+2
karona
2015-07-15 15:40:01
Уй-булого учунчу адам киришти дегенде уй-було бузулду деп тушунуш керек. Кээ бир энелер балам бактылуу болсун деп жашоосуна кийлигишип отуруп кантип бактысыз кылып койгонун байкабай калышат. Досторуна не жок десен, алар оздорунун арабасын сого бербейби!? Ушунчалык досун ойлошот экен башта эле уйлондурбой койбойт беле! Бул кыздан эмне учун оз апасы дагы баш тартты, ото табышмактуу. Урматтуу суперчилер, бир эле тарапты угуза бербей жакындарынан да маек алып бербейсинерби, сураныч. Чынын билели.
0
Boldukan86
2015-07-16 01:06:17
ошондо балдардын атасыда озунун апасы да келген эмеспи? таза жиндиго. мамлекет багып алсын башка айла жок. турмодогулорду да багып жататго.
0
kg_egizder
2015-07-16 08:35:35
Бир эмес уч баланы ХХХ тиги креслодогу жеп жутарлар ичинер жарылып кетбесин бар жокту жей берип бул эжеге ла кичине берип койгула
0
kg_egizder
2015-07-16 08:44:06
Уят да ээ уят бир эмес уч бала менен кочодо калса, тиги эри боюна кылганы билеби бакканды да билиш керек, аялына жини келсе да балдарынан кабар албайбы ? Наристелерде не куноо ? Тиги ДЕПУТАТТАР ушундай койгойлорду чечпей эшек такалап журушобу?
0
kg_egizder
2015-07-16 08:52:23
Не паляя ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-07-16 11:45:19
kg_egizder,
1. Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
2. Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
0
AlbertEnshtein
2015-07-16 08:53:37
Куйосунун достору кызык адамдар экен. Туугандарычы, кокуй кандаш неберелерин багышканы кайнене кургур акылы жетпесе, келиндин оз апасы эмне кылып отурат. Озу торогон кызы интернатта жашап, 3 баланы удаа тороп кыйналып жатса эне журогу бир болк этпеди бекен.
Анан да бизде эн жаман нерсе бар. Бул куру намыс. Кееде адамдын тагдырынан да ойдо коебуз да ошол куру намысты. Эл эмне дейт девей, мээни иштетип, сабырдуу болуп, тиги наристелердин тагдыры учун жардам бериш керек туугандары Бактыгулго.
0
kaniet
2015-07-18 13:23:28
Ошо эрини алигисин кесип салыш керек, тукумсуз калтырып, мал турбайбы, кана менин аялым уч эм эмес, бир эле перзент тороп берсе, аттин дуйно деген ушул да, уч эм буюрса оз ырыскылары менен торолгондур, келечеги кен болсун,ден-соолук менен аманчылык болсо али алдыда коооп жакшылыктарды коросун, кудай берет, унутпайт!!!
0
agnesa
2015-09-09 12:00:01
Бактылуу эне экенсиз. Иншааллах Аллахтан гана жардам кутунуз баары жакшы болот. Балдардын ырыскысы болгон учун бул жашоого келишти. Аллах Таалам кыйынчылыгыныз женил кылсын амин!
0
Alicia
2016-01-09 00:55:18
Super Baktygulgo kaisyl jerden joluksa bolot? tel nomerin bere alasyngarby? kiim keche jardam bereli dedik ele
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан