«Өз бактың – өз колуңда» дегендей, колуңузду карап кандай адам экениңизди же жакыныңыз кандай адам экенин билип алсаңыз болот. Хиромантия илими колдордун түзүлүшү жана алакандагы сызыктар тууралуу (оң алаканды карайбыз) кызыктарды айтып берет.
НИКЕ СЫЗЫГЫ
Нике сызыгы – чыпалактын алдында горизонталь жаткан сызыктар. Кээ бир адамдарда бул сызык жок болсо, анда алар турмуш курбай калышы мүмкүн. Эгерде үй-бүлөлүү адамдын нике сызыгы жок болсо, демек, ал адам никеге эсеп менен, кайсы бир максатты көздөп турганын билдирет.
ИЙГИЛИК СЫЗЫГЫ
Ийгилик сызыгы – аты жоктон ылдый кете турган сызык. Мындай сызыгы жок болсо, кандай таланттуу болсо да, ийгиликке көп жылдарда жетет.
Эгерде майда билинер-билинбес сызыкчалар болсо, бул колдун ээси өзүнө өзү жакшы ишенбейт, ошону менен ийгиликти качырып жиберет.
1. СӨӨМӨЙҮҢҮЗ АТЫ ЖОКТОН КИЧИНЕ БОЛСО...
Мындай адамдар көп учурда сүйкүмдүүлүгү жана харизмасы менен жеңишке жетишишет. Чечкиндүү, алдында пайда болгон маселелерди жаштайынан өз алдынча чечүүгө чебер келишет. Ошондой эле көп учурда бирөөгө жардам бергенден ырахат алышат. Так илимдерге жөндөмдүү болушат.
2. АТЫ ЖОК СӨӨМӨЙДӨН КИЧИНЕ БОЛСО...
Бул адамдар эч качан бирөөнүн алдында башын ийишпейт. Майда-барат нерселер менен башын ооруткан адамдарды аябай жаман көрүшөт, уюштуруучулук сапаты жогору. Башкалардын өзүнө дайыма көңүл буруусун каалап турушат. Эгерде манжаңыз ушундай түзүлүштө болсо, бизнесте болобу, сүйүүдөбү эч качан биринчи кадам жасай албай, экинчи тарапты күтүп отура бергендердин катарындасыз.
3. АТЫ ЖОК МЕНЕН СӨӨМӨЙ БИРДЕЙ БОЛСО...
Өтө мээримдүү, чыр-чатактан алыс адамдар. Баары менен тил табыша алат жана үй-бүлөсүнө, ишине туруктуу. Сыртынан жоош көрүнгөнү менен, жини келгенде эч нерсе аларды токтото албайт.
КОЛДУН ФОРМАСЫНА КАРАТА
Төрт бурчтуу, алакандары кең, манжалары кыска кол болсо, жөндөмдүү, эмгекчил, жөнөкөй адам. Энергиясы күчтүү, тил табышканга ылайыктуу. Мындай адамдар кыялкеч эмес, реалдуу нерсе тууралуу ойлонуп, ошону жасаганды жакшы көрүшөт. Керек жерден кимге болсо да жардамга келет.
Эгерде колуңуз узун, шадылуу болсо, кыялкеч адамсыз. Кара жумушка караганда чыгармачылыкта өзүңүздү таба аласыз. Сизди бир калыптагы көнүмүш жашоо тажатып жиберет, ар бир күндүн жаңылык менен коштолушун каалайсыз. Мындай колдун ээси көп учурда финансы жактан кыйынчылыкка учурайт.
Манжалары кыска колдордун ээси өтө өжөр болот. Өзүн ар дайым туура деп эсептейт, башкалардын пикирин уккусу келбейт. Аларга өз оюн, пикирин элге айтып түшүндүрүү кыйынга турат. Кээ бир учурда агрессивдүү болуп чыга келет. Бирок алдыга максат койсо, кандай болсо да жетип, ийгиликти багындыра алат.
Конус түрүндөгү колдордун ээси өтө назик адамдар. Алар орой нерсени кабыл ала алышпайт. Дүйнөнү жаш баланын көзү менен көргөн жан дүйнөсү таза адамдар. Мындай колдор негизи аз кездешет. Жаман жагы – жашоосунда кыйынчылык көрсө сынып калат.
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg