СДПК: 5 ЖЫЛДА БААРЫБЫЗ ӨЗГӨРДҮК

«Биз шайлоочу-ларыбыздын көзүн тике карайбыз!». Жогорку Кеңеште СДПК фракциясы 5 жылда аткарган иштерин жыйынтыктаган фракция өкүлдөрү ушундай билдирүүсүн шайлоочуларына шардана кылышты. Алардын айтымында, кыйын учурда бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, өлкөбүздө туруктуулукту орнотууга олуттуу салым кошкон, парламенттеги ыдырабаган жалгыз партия – бул СДПК болду.

БАШКЫ МАКСАТ – ТЫНЧТЫКТЫ ОРНОТУУ БОЛГОН
ЧЫНЫБАЙ ТУРСУНБЕКОВ, СДПК фракциясынын лидери:
– Эң башкысы, биз 5 жыл ичинде жеке кызыкчылыктардын артынан түшүп, убактылуу урмат-сый, даңк издеген жокпуз. Чуулгандуу маселелерди көтөрүп, элдин кулагына жаккан, бирок түбү барып мамлекеттин өнүгүшүнө пайда алып келбеген популисттик кадамдарды жасабай, олуттуу иш жүргүзө алдык.
2010-жылы башкы максатыбыз – Кыргызстанда тынчтыкты орнотуу, кыйраганды калыбына келтирүү болгону эсибизде. Президентибиздин улут аралык жана экономикалык саясатын ар тараптан колдодук, өлкөдө жана парламентте саясий туруктуулукка жетишүү милдетин моюнубузга алып, үч жолу коалиция түздүк. Эркиндик, ачыктык жана маселени акылдашып чечүү ишибиздин негизги эрежелеринен болуп калды.
Бүгүн Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң эркин өлкө катары аташат. Бизде көз карандысыз жана эркин ЖМКлар бар, эл өз оюн ачык билдире алат. Эркин ишкерлик үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондуктан жер-жерлерде чакан жана орто бизнес тез жанданууда.
2014-жылдан тарта эл аралык финансы уюмдары Кыргызстанды кедей өлкөлөр тизмесинен чыгарды жана өзүбүз деле кедейбиз деп эсептебей калдык. Бул биздин өлкө бутуна бекем туруп, өргө карай өнүгүүгө негиз түзүлгөнүн, өз күчүбүзгө таянып жашоого даяр болгонубузду билдирет.
Тынчтык менен туруктуулук аркылуу өргө карай өнүгүү жышааны кадимкидей көзгө урунат. Бир нече мисал келтирейин. 2010-жылы СДПК Кыргызстандын ички дүң продуктусун эки эсеге өстүрөбүз деп сөз бергенбиз. Ал убада аткарылды: 2009-жылы ИДП 201 миллиард сом болсо, 2014-жылы 390 миллиард сомду түздү, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, ИДП 400 миллиард сомдон ашат.

ИРИ ДОЛБООРЛОР ӨРГӨ КАРАЙ ЖОЛ САЛДЫ
ГАЛИНА СКРИПКИНА, СДПК фракциясынын өкүлү:
– Беш жылда биз Кыргызстандын бардык булуң-бурчун кыдырып, райборборлорундагы жолдорго асфальт төшөлүп, ички жолдор оңдолуп жатканын көрдүк. Жарандарыбыз менен жолугушууларда кимиси болбосун көңүлүн өйүгөн маселелерди ачык айтып жатышты. Түндүк-түштүк жаңы жолу, Камбар-Ата ГЭСи, Датка-Самат жана Датка-Кемин электр чубалгыларынын тартылуусу, жаңы үйлөрдүн курулушу алардын келечекке ишенимин арттырганы даана байкалат.
Социалдык тармак боюнча айтсак, СДПК «Ден соолук кербени», «Спорт – улут саламаттыгына данакер» деген атайын программаларды ишке ашырууда. 2010-жылдан башталган «Ден соолук кербени» мурда чектелүү гана аймакты камтыса, быйыл алыскы райондорго чейин жетип, мекендештерибизди ден соолугун кароодо. Ал эми спорт боюнча кабыл алынган партиянын программасы Кыргызстандын бардык аймактарында массалык спортту өнүктүрүүгө багытталган. Жер-жерлерде спорт залдарын, аянтчаларды куруу иштерине өзүбүз да активдүү катышып, башка булактарды да таап берип өкмөткө көмөктөшүп жатабыз.

КОРРУПЦИЯНЫ ЖЕҢҮҮ МҮМКҮНБҮ?
Кыргызстанда коррупциянын тамыры өтө терең. Бул илдет коом ичинде күнүмдүк турмушка кеңири сиңип, кадыресе көрүнүшкө айланган. Бул илдетке каршы күрөшүүдө президенттин чечимин СДПК ар тараптан колдойт.

АБДЫМАНАП КУТУШЕВ, СДПК фракциясынын өкүлү:
– Партия коомдук турмушта маалымат технологиясын кеңири колдонууга багытталган «Таза коом» долбоорун демилгелеп жатат. Мунун эң башкы натыйжасы – коррупциянын азайышына алып келет. Анткени «Электрондук өкмөттүн» технологиясы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү интернет аркылуу алууну шарттайт. Ал эми жол эрежесин бузууну болсо милиция кызматкеринин катышуусу жок эле видеокамера тартып алат. Ошентип чиновниктер менен болгон түз байланыш бара-бара жоюлуп, мамлекеттик кызматкерлердин пара талап кылууга эч мүмкүнчүлүгү калбайт.
Депутаттын айтымында, «Тaza.com» күнүмдүк жашообуздун бардык жагына кирип, чоң өзгөрүүлөрдү жасайт. Алсак, анын дагы бир багыты – Кыргызстандын аймагында сатылып жаткан дары-дармек жана медициналык шаймандардын электрондук базасын түзүү болуп саналат. Бул аркылуу өлкөдөгү дары-дармек рыногу иретке келтирилет.
СДПК президенттин коррупцияга каршы саясатын колдоп, аны ишке ашырган күч экени да коомчулукка кеңири белгилүү. Алсак, Жогорку Кеңеште СДПК фракциясы биринчилерден болуп депутаттардан кол тийбестикти алып салууну колдогон. Коррупция иштери боюнча мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти кыскартуу жөнүндөгү жобону алуунун мыйзамдуу чечилишин да жактап чыгышкан. Азыр болсо өзүнүн катарындагы булганган адамдардан тазаланып, аны үзгүлтүксүз тартипке айландырууда. Маселен, партиянын демилгеси менен Партиялык көзөмөл комитети түзүлүп иштей баштады.

ЕАЭБ БИРИМДИГИНЕН ЭМНЕ КҮТӨБҮЗ?
Чыныбай Турсунбеков:
– Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу – бул өнүгүүгө карай жол. Бул кадам улуттук кызыкчылыктарыбызга шайкеш, ошондуктан СДПК бул кадамды колдойт. Евразия экономикалык биримдигине жана Бажы биримдигине кирүү – биздин ондогон жылдарга багытталган стратегиялык тандообуз. Биздин өлкөлөр соода, маданий, руханий жана тарыхый жактан бекем чырмалышкан. Бири-бирибизге мейманчылап жана жумуштап баруу кыйла жеңилдейт. 170 миллиондук рынокко жеңил шартта киргени турабыз. Бизге инвестиция агымы көбөйөт, жаңы өндүрүш жана жумуш орундар түзүлөт.
Экинчиден, мындай ири аймактык интеграцияга катышуу менен өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдайбыз, ЕАЭБдин тышкы чек аралары, демек, Кыргызстандын чек аралары бекемделет.

ШАЙЛОО АКЫЙКАТ ӨТӨБҮ?
СДПК соңку 5 жылда Жогорку Кеңеште шайлоону таза жана ачык өткөрүү максатын көздөп, шайлоо мыйзамдарын реформалоо үстүндө иштеди.
Абдыманап Кутушев
:
– Биз шайлоо процессине заманбап технологиялардын, анын ичинде биометриялык маалыматтардын киргизилишин жактайбыз. Бул мыйзам кабыл алынып, азыр бардык жерлерде жарандардын биометриялык маалыматтары чогултулууда. Алдыдагы парламенттик шайлоого биометриялык каттоодон өткөн гана шайлоочулар катыша алат деген чечим кабыл алынды. Албетте, буга каршы пикир айтып, шайлоонун алдында козутчу күчтөр да болушу мүмкүн. Алар кимдер? Алар – мурдатан шайлоолорду бурмалап, бюллетенди пачкасы менен урнага салып, өз кызыкчылыгын ишке ашырып жүргөндөр. Шайлоого биометриялык жол менен барууга каршы айткан алардын аргументтери суу кечпейт. Жакында мага кысталыш абалда калган таластык жигит кайрылды. Анын паспорту менен досу банктан кредит алып качып кетиптир. Банк эми аны акчаны төгөсүң деп кыстап жатыптыр. Биометриялык каттоо ушундай учурда коргойт. Биометрия тууралуу куру кеп кылуунун кажети деле жок.  
Биз калыс жарыш аркылуу гана парламентке келиш керек деген позициядабыз.

Чыңгыз Аскаров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
hairullo
2015-07-14 15:13:40
Оббо эми, Кумторду чече албадынар го? Доллар 62сомго чыгып кетти, бензин 40сом. Силер антип жибердик мынтип жибердик дебей, системаны таза коррупциясы жок кылып тузуп бергиле, калганын эл озу онуктурот.
0
ertur
2015-07-16 11:09:42
чыныбай калпыбайлардые созу ишине дал келбейт, "биз шайлоочулардын козуно тике карайбыз" не деген соз? кумтор, бакткаев, соттордун паракорлугу баары силер менен байланыштуу, же ГЭСтер курулдубу, эмне Бишкектеги жаны конуштардагы инфраструктура ондолдубу, Мумкун ар бир облуска жаны Аэропорт курулуп, мигранттарга дыйкандарга, карапайым элге жумуш орундар тузулуп , завод фабрикалар иштей баштадыбы? Андай болсо айткыла биз билбей журбойлу
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан