«ЗАМАНДАШ» ТАЗАЛАНДЫ

5-июлда Бишкек шаарында «Замандаш» саясий партиясынын кезексиз 9-съезди өттү. Делегаттардын айтымында, бул съезд "тазалануу" съезди деп аталды.

«ЗАМАНДАШ» БАШТАПКЫ ЖОЛУНА КАЙТАТ
Партиянын тең төрагасы Сапар Асанов партия ичинде түзүлгөн кырдаалга кенен токтолуп, буга чейин ага кошулган түрдүү саясый топтордун ишмердүүлүгү «Замандаш» менен айкалышпай калганын айтып, баштапкы тандап алган жолго кайрылуу зарылдыгын белгиледи. Айтылып келген ураандар менен сунушталган идеология «Замандаш» партиясынын мүдөөсүнө жана элдин күтүүсүнө шайкеш келбегендиги аныкталып, партиянын катары тазаланууга муктаж экендиги белгиленди. Бул ойду Кыргызстандын бардык аймактарындагы партиянын комитеттеринин, баштапкы уюмдарынын өкүлдөрү, катардагы мүчөлөрү толугу менен колдоп, кетирилген каталар менен калпыстыктар талкууланып, мындан кийинки кадамдар сунушталды.
Партияда болуп жаткан кырдаал туурасында олуттуу жана принципиалдуу маселелер ортого салынып, мындан ары анын катарын чыңдоо жана консолидацияга келүү демилгелери көтөрүлдү. Съезддин ишине жалпысынан 220дан ашык делегат катышып, партиянын тазалануу жана жандануу аракети абдан зарыл болуп жаткандыгы баса белгиленди.

ШАЙЛООЧУЛАРДЫН МҮДӨӨСҮН АТКАРУУ ҮЧҮН ПАРТИЯ ШАЙЛООГО КАТЫШАТ
Партиянын 8-съездинде Улуттук кайра жаралуу багытындагы идеологиялык программа сунушталып, ал жалпы элдик талкууга коюлган. Жарым жыл аралыкта коомчулуктун сунуш-пикирлери эске алынып, чечкиндүү өзгөрүү керектиги аныкталган. Чукул чакырылган 9-съездде партиянын жаңыланган уставы менен программасын кабыл алды. Учурдагы кырдаалдын айынан партиянын саясий кеңешинин курамы жаңыланып, кол коюу укугу менен тең төрагалыкка Сапар Асанов шайланды. Жарыш сөзгө чыккан делегаттар мындай өзгөрүү «Замандаштын» катарына түрдүү себептерден кошулуп кеткен жана ой-максаты менен дал келбеген айрым саясий топтордун өкүлдөрүнөн тазалануу иш-аракети экендигин баса белгилешти.
Делегаттар «Замандаш» партиясы буга чейин топтогон аброюн бийик көтөрүп, шайлоочуларынын мүдөөсүн аткаруу максатында парламенттик шайлоого катышууга милдеттүү» деп айтышты. Бул чакырык делегаттардын колдоосуна алынып, партиянын социалдык базасы менен мүмкүнчүлүктөрү кенендиги баса көрсөтүлдү.
Олуттуу өзгөрүүлөрдөн улам партиянын аталышы жана саясый багыты такталып, «Замандаш улуттук кайра жаралуу» эмес, «Замандаш» саясий партиясы деп баштапкы аталышына кайтып келди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан