Кумар Жалиев: “ӨЗҮМДҮ “КРАСАВЧИК” ДЕП ЭСЕПТЕБЕЙМ”

Атактуулар айылында

КАЛП ТАПКЫЧ

Бүгүн калп тапкыч менен кикбоксчу Кумар Жалиев жекеме-жеке беттешти. 11 раундга созулган беттештин жыйынтыгына назар салыңыздар.

– Мектепти бүтүрүү кечесинде ичимдик ичтиң беле?
Кумар: Жок.
Детектор: Ооба.
Кумардын комментарийи: Бир аз шарап ичкем. Калпым дароо эле чыгып калды окшойт.

– Палоо жасай аласыңбы?
Кумар: Жок.
Детектор: Жок.

– Кино көрүп жатып ыйлаган учуруң болгонбу?
Кумар: Ооба.
Детектор: Ооба.

– Сүйүүң үчүн спортту таштай алат белең?
Кумар: Жок.
Детектор: Жок.
Кумардын комментарийи: Өзүмдү “романтик” деп айта алам. Жүрөктө сүйүү бар. Аялзатынын сезимдерин сыйлайм. Бирок азыр спорт мен үчүн сүйүүдөн бир аз жогору турат. Анткени мүмкүнчүлүгүм бар кезде спорттогу максаттарыма жетишүүм керек.

– Допинг колдонуп көргөнсүңбү?
Кумар: Жок.
Детектор: Ооба.
Кумардын комментарийи: Күчүбүздү көбөйтүү үчүн допинг колдонгон эмеспиз. Жөн гана атайын витаминдерди кабыл алганбыз. Ошолор оюма келип кетти.

– Көчөдө жекеме-жеке чыгып,таяк жеп калган учурлар болгонбу?
Кумар: Жок.
Детектор: Ооба.
Кумардын комментарийи: Спорт менен машыга баштагандан бери жекеме-жеке чыгып, таяк жей элекмин. Ал эми балалык кезде андайлар болгон. Бирок кийин кайра өчүмдү алгам.

– Акчалуу айымдар чогуу эс алууга чакырса барат белең?
Кумар: Жок.
Детектор: Жок.

– Өзүңдү «красавчик» деп эсептейсиңби?
Кумар: Жок.
Детектор: Ооба.
Кумардын комментарийи: Сырткы жагынан өзүмдү “красавчик” деп эсептебейм. Ал эми спортто жетишкен ийгиликтерим, жоро-жолдошторумдун арасындагы абройлуу болуп калгандыгым тууралуу сөз кылууга болот.

– “Супер Инфо” гезитинин “Жылдын мыкты спортчусу” наамын албай калганыңа ызаландыңбы?
Кумар: Жок.
Детектор: Ооба.
Кумардын комментарийи: Өтө кейиген деле жокмун. Бардык эле адамдардай эле ички туюмумда кичине кейиген окшойм.

– Ата Мекен үчүн дүйнөнүн от күйүп жаткан жерлеринде согушууга барат белең?
Кумар: Ооба.
Детектор: Ооба.
Кумардын комментарийи: Патриотмун. Кыргызстан, кыргыз эли үчүн эч ойлонбой эле бармакмын.

– Чет өлкөдөн чоң акча сунушталса, башка мамлекеттин атынан чыгууга макул болот белең?
Кумар: Жок.
Детектор: Жок.

Залкарбек Карабалаев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Robingud
2010-01-08 19:40:25
Azamat patriot.KIRGIZSTAN u4un kan kuygon,jan kuygon jerlerge da 4ymynday jandan tunulup baruuga ar ubakta dayarbiz.Sebebi,KIRGIZSTAN-BIZDIN YIYK MEKENIBIZ!!!YIYK jeribizdi e4 kimge tebeletpeybiz!!!
0
jazka
2010-01-11 04:51:54
КРАСАВЧИК!!!
0
almasbek
2010-01-13 17:35:27
KIRGIZSTAN-эмес KYRGYZSTAN
0
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан