Жашылча-жемиш сатып алууга базарга барып, кабакчага (кабачки) көзүм түштү. Килограммы 15-20 сомдон экен. Бул жашылчадан кандай тамактарды жасадым, рецепттерин сизге да сунуштайм.
КАЙЫК
Керектелүүчү азыктар:
Кабакча – 2 даана
Сыр (голландский) – 100 грамм
Сабиз – 1 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 1 тишче
Помидор – 1 даана
Татымына жараша туз, кара мурч
1. Кабакчаны жууп, узунунан экиге бөлүп, ортосун бычак менен кылдат оюп алабыз.
2. Сабизди, кабакчанын өзөгүн, пиязды майда чарчы туурайбыз.
3. Көмөч казанды ысытып, май куюп туурагандарыбызды кичине куурабыз да, майда тууралган сарымсак менен помидорду салып, туз, кара мурч кошуп аралаштырып эле оттон алабыз.
4. Даяр болгон массаны ортосу оюлган кабакчалардын ичине салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелейбиз. Анан 170 градус температурада ысып турган духовкага салабыз, 15-20 мүнөттө тамагыбыз даяр болот.
КУЙМАК
Керектелүүчү азыктар:
Кабакча – 1 даана
Ун – 3 аш кашык
Жумуртка – 2 даана
Өсүмдүк майы – 70 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч
1. Чуңкур идишке жумуртканы чагып алып, кара мурч, туз кошуп көбүртө чалабыз.
2. Кабакчаны таза жууп, сүргүчтөн өткөрөбүз (кабакча өтө бышып кеткен болсо, сыртын аарчып салабыз).
3. Сүргүчтөн өткөрүлгөн кабакчаны, унду жумурткага кошуп аябай аралаштырабыз.
4. Даяр болгон массаны 1 аш кашыктан майы ысыган көмөч казанга салып, орточо отто эки тарабын кызарта бышырабыз. Кетчуп, каймак кошуп жей берсеңиз болот.
ФАРШТАЛГАН КАБАКЧА
Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн)
Кабакча – 4 даана
Сабиз – 2 даана
Пияз – 2 даана
Сарымсак – 4 тишче
Фарш (уй, кой этинен) – 500 грамм
Каймак – 1 стакан
Татымына жараша туз, калемпир
Кабакчаларды жууп-тазалайбыз, эгер өтө бышып кетсе, сыртын аарчыйбыз да, түптөрүн кесебиз.
Анан кашык, бычактын жардамы менен ичиндеги өзөгүн оюп алабыз.
1 даана пиязды төрт чарчы туурап, 1 даана сабизди майда сүргүчтөн өткөрөбүз. Аларды фаршка кошуп, мурч, туз салып аралаштырабыз.
Даяр болгон массаны кабакчалардын ичине салып чыгабыз.
1 пияз менен 1 сабизди төрт чарчы туурап, өсүмдүк майы куюлган чуңкур мискейге чала куурабыз да, татымына жараша туз кошуп, майда тууралган сарымсакты кошобуз.
Мискейге туурамжы толтурулган кабакчаларды тизип, үстүн жапкыдай суу куюп демдейбиз.
Тамагыбыз 30-40 мүнөттө бышат, ага каймак кошуп, жашылча-чөптөр менен кооздоо табитиңизди ачат.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg