«ЫНТЫМАК БАКЧАСЫ» ЫРЫСКА ШЕРИК ДОЛБООР

Мындан аз убакыт мурун эле Бишкек шаарынын Түштүк дарбазасындагы Жеңиш паркында «Ынтымак бакчасы» долбоору өз ишин баштаган болчу. Аталган долбоор СДПКнын демилгеси жана Бишкек шаардык кеңешинин СДПК фракциясынын түздөн түз аракети менен уюштурулган.

ДОЛБООР ОШТО АР УЛУТТАГЫ БАЛДАРДЫН БАШЫН БИРИКТИРДИ
«Ынтымак бакчасынын» максаты бийик. Аты айтып тургандай жеткинчектерди бала күнүнөн тартып ынтымак менен биримдикке, улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызааттоого, бири экинчисине жөлөк-тирек болууга, дос-жолдош болууга үндөө.
Чын-чынына келгенде СДПКнын жаш жеткинчектердин жайкы эс алууларын жагымдуу окуялар менен коштоого багытталган бул долбоор Бишкек шаарынын райондоруна кеңири тарап кетти. Башталгандан бери 60тан ашуун иш-чаралар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда өткөрүлүп, балдарды куштар кылган окуялар менен коштолуп турду. Долбоор токтоп калбай короодон короого өтүп, шайыр-шаң менен уланып жатат.
Жакшынын шарапаты демекчи, Бишкек шаарында башталган бул долбоор эми шаардан шаарга өтө баштады. СДПКнын башка шаарлардагы жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, алар менен ниет-тилеги бир адамдар, активисттер «Ынтымак бакчасын» колдоп, улантып жөнөштү. Короодон короого, үйдөн үйгө, баладан балага өтүп келе жаткан бул долбоордун ачылыш салтанаты 1-июлда Кыргызстандын экинчи борбору Ош шаарынын «Мээрим» сейил багында болуп өттү.
Үч миң жылдык тарыхы бар байыркы Ош балдардын аба жарган күлкүсүнө, кучак толо кубанычына, бакытка баткан ырахатына ортоктош болду. Бир топтон бери балдарга арналган мындай иш-чаралар боло элек болчу. «Балам –  бактым, балам – базарым»  демекчи, ата-энелер да уюштуруучулардын бул демилгесине терең ыраазы. Баары эле бала-чакасынын бактылуу болушун, ынтымак менен тынчтык өкүм сүрүп турушун каалайт эмеспи.
«Бала деген баладай, башы-көзү чарадай» дейбиз го. Ош жергесинде башталган «Ынтымак бакчасы» долбоору ар башка үйдө, ар башка чөлкөмдө, өз-өзүнчө короодо жашаган ар улуттун балдарынын башын кошуп, ынтымакка чакырып, балдарга араналган ыр-күүлөр, ар кандай оюн-зоок программалар менен көңүлдөрүн көтөрүп, бакыраң көз балдарды бирде таң калтырып, бирде күлдүрүп ырахатка батырууда.
Балдарга арналган мындай майрам Ош шаардык кеңешинин СДПК фракциясынын депутаттарынын, шаардык активисттердин аракети жана Ош шаарынын депутаты Абдувахаб Нурбаевдин жеке колдоосунда ишке ашып жатканын белгилей кетүүгө болот.Уюштуруучулардын айтымына караганда, 45 короодо ушундай иш-чаралар өткөрүлөт.

КАРАКОЛДО ДОЛБООР ЗООПАРКТА ЖАЙКЫ ЛАГЕРЬ АЧТЫ
Мына ушундай эле дагы бир жагымдуу жагдай Каракол шаарында уюштурулду. Каракол шаарындагы Кыргызстандын жападан жалгыз зоопаркында балдардын жайкы лагери иштей баштады. Бул дагы СДПКнын өкүлдөрүнүн балдар үчүн жасаган белеги десек болот. Зоопарктын директору Салтанат Сейитованын айтымында, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш менен коюн-колтук алышып жашоо, балдарды курчап турган чөйрөнү таза кармоого үйрөтүү, жан-жаныбарларды сүйүүгө байланышкан атайын программа түзүлгөн.
Лагердин салтанаттуу ачылышына катышкан СДПКнын республикалык штабынын жетекчиси Данияр Аттокуров балдардын жайкы каникулдагы эс алуусун уюштуруу менен эле аларды жаратылышты сүйүүгө тарбиялоонун мүмкүнчүлүгү жаралды деп белгиледи. СДПКнын балдардын жайкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүүсүн уюштурууга байланышкан иш-чараларынын алкагында мындан башка да бир катар иштер жасалып жатканын белгиледи. Балдар лагерине СДПКнын өкүлдөрүнүн жардамы менен чатырлар тигилип, тамак-ашы уюштурулуп, балдар үчүн керек боло турган башка буюмдар алынып берилген.
«Балдардын экологиялык лагери биргелешкен долбоор болуп калды. Балдар – биздин келечегибиз. Алар өз мекенинин патриоту болуп өсүүгө тийиш. Мекенин сүйүү биринчи кезекте анын кайталангыс жаратылышын сүйүүдөн башталат. Ошондон улам биз зоопарктын бул демилгесин колдоого алдык»,- деди лагердин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Аттокуров.
Ал эми жалпысынан алганда СДПКнын демилгеси менен ишке ашып жаткан «Ынтымак бакчасы» долбоору көпчүлүктүн көңүлүнө төп келүүдө. Анын балдарга арналган башка иш-чаралар менен коштолуп жатканы да кубанарлык көрүнүш. Кандай гана кубаттуу өлкө болбосун өз мекенин сүйгөн келечек муун өсүп чыгып турбаса, анда ал өлкөнүн келечеги күмөн. Демек, СДПКнын балдарга арналган бул долбоору аталган партиянын алган багытынын тууралыгын көрсөтөт.

Бахтияр Шаматов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан