ЧАТКАЛДА ЖАШТАР БЫЧАКТАШЫП, АЛТОО ООР ЖАРАКАТ АЛДЫ

4-июлдан 5ине караган түнү Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында 20-21 жаштагы жигиттер арасында чыккан мушташтан улам 6 бала ар түрдүү жаракат алып ооруканага түшкөн. Ичер суусу бир айылдын жаштарынын бири-бирин бычактап, мындай мушташка барып жатканынын себеби эмнеде?

ИНИЛЕРИ АГАЛАРЫН БЫЧАКТАП...
Айгыр-Жал айылынын тургундарынын айтымында, бул окуя куру намыстан тутанып, бири-бирине текеберлигин көрсөтүп үстөмдүк кылуудан улам күч алган. Тактап айтканда, 1994-жылы туулган жигитти өзүнөн бир жаш кичүү балдар сабап коюшкан. Досунун өзүнөн кичүүлөрдөн токмок жегенине намыстанган классташтары кичүүлөрдү мушташууга чакырган. «Разборканы» айылдан алыс Арстан-Сай талаасында өткөрүүнү белгилешип, болжогон жерге автоунаалар менен 30 чакты жигит барышкан. Алардын көпчүлүгү 1995-жылы, 10 чактысы 1994-жылы туулган айыл тургундары болушкан. Массалык мушташ чыгып, 6 жигит бычак жеп, дагы экөө денесинен жаракат алган. Жаракат алгандардын бардыгы 1994-жылы туулган жигиттер.
Чаткал РИИБи окуяга байланыштуу "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда Жалал-Абад облустук ИИБинен 20дай кызматкер аталган айылда окуяны териштирип жаткан учуру. Анткен менен чырга катышы бар делинген жигиттердин ата-энелери окуяны чиелентпей элдешип, кылмыштын жигин билдирбей, «кар жаады, из басылды» кылууну суранып жатышкан чагы.

МУШТАШКАНДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ СТУДЕНТТЕР
Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев төмөнкүлөргө токтолду:
-Бул кылмыш боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Массалык мушташты уюштургандар менен ага катышы барлардын баары суракка алынып, кылмышты уюштурду деп 1995-жылы туулган Алишер уулу Бектур камакка алынды. Кылмышка катышкандардын көпчүлүгү студенттер. Ош жана Жалал-Абад шаарларында билим алышат.

КЫЛМЫШТЫ ЖАШЫРГЫСЫ КЕЛИШҮҮДӨ
Жабыр тарткандар да, күнөөлүү тарап да бир айылдан. Басар көчөсү, жан берсе жатар мазары да бир. Андыктан элдешүүгө далалат кылышууда.
Урушкандарды элдештирип, тартипке чакыруу ата салтыбыздагы жакшы жөрөлгө. Бирок «жаштык кылып коюшуптур», «бала да» деп мындай кылмыштарды жашыра берүү кандай натыйжа берет?.. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» болбойбу? Айыл аксакалдары менен мушташка катышкандардын ата-энелерин мындай кой, оор жараат алды деген Өмүрбектин ата-энеси да тосмо арыз жазууга макул өңдүү. Биз Өмүрбектин атасы Курманбек Абдылдаевге телефон аркылуу байланышканыбызда, ал «балдарыбыз жаштык кылып коюшуптур, бул окуянын эмнесин жазасыңар? Азыр жооп бере албайм» деп билдирди.

МЫНДАЙ ОКУЯ МУРДА ДА КАТТАЛГАН
Ушул окуя өңдүү кырсык Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында ушул эле жылдын 21-январында катталган. Анда ушундай массалык мушташтан аталган айылдын Байдөөлөтов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Ашырбек уулу Адылбек каза тапкан. Бул окуя боюнча ИИМ 6 жигитке «бейбаштык» жана бирөөнө «киши өлтүрүү» беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Чаткал РИИБинин тергөө бөлүмү тергеген соң, ишти ошол эле райондук сотуна өткөрүп берген. Сот кылмышка шектүүлөрдүн жашы жете электигин, мурда-кийин соттолбогонун эске алып, бардыгын 2 жылдан шарттуу түрдө кескен.

Болор иш болду. Элчилик кылып жарашып алуу – ата салты. Бирок мыйзамдын да бар экенин унутта калтырбасак. Антпесе жогорудагыдай окуялар кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mirana9395
2015-07-13 18:42:06
Эн туура айтасыздар,супер инфо
0
HAPPY.GIRL
2015-07-16 01:02:48
Куда катится Чаткал?
0
AlbertEnshtein
2015-07-16 09:18:20
Бири бирине бычак саярда айылдаш экенин эстеп койбоптур да
0
AlbertEnshtein
2015-07-16 09:19:43
Ушундай ээнбаштарды атанеси калкалай берсе, эртен Россияга барып оздорунчо патриот болуп алышат да. Ар кимди тоноп, уруп, жердештерди, кыздарды кордоп.
0
chingiz1987
2015-07-21 04:02:52
Андай мышташтар жаштыкта болотда баары елдештирип койелу деп сурангандан кийин елдештирип коюш керек. Биросун камаса калганы дагы бири бирине болгон коз караш ж.б сезим куч алат
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан