Жакында 83 жаштагы карыяны мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
АКЧА АЛМАШТЫРАМ ДЕП АЖАЛ ТАПТЫ
Ала-Бука районунун Падек айылынын тургуну 83 жаштагы Мутал Абдуразаков үстүбүздөгү жылдын 29-июнь күнү чыгып кеткен боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Карыган атадан кам санаган жакындары арыз менен Ала-Бука РИИБине кайрылышкан. Аталган райондун милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп башталган. 3-июль күнү дайынсыз делген Мутал Абдуразаковдун мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси Ак-Коргон айыл аймагындагы эгин талаасынан табылган. Бул факт боюнча «киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, абышканы өлтүргөнгө шектүүлөрдү издөө иштери башталган. Ошол эле күнү Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери тарабынан ушул эле шаардын Спутник кичи районунан Ала-Бука районунун Баястан айылынын 1996-жылы туулган Курбанов Базарали Мавлонжонович аттуу тургуну шектүү катары кармалып, кылмышын моюнуна алган.
АКЧАСЫН БАЙКАП КАЛГАН
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой окуя төмөнкүчө болгон. Базарали уурулук кылмышы үчүн кармалып, бир жарым жыл абакта отуруп чыкканына 4 эле күн болгон. Кылмыш болгон күнү ал райондук базардагы акча алмаштыруучу жайда карыянын ири суммадагы акча (болжол менен 60 миң сом) көтөрүп жүргөнүн байкап, «менде сизге керектүү акча бар, акчаңызды башка валютага алмаштырып берем» деп ишеничине кирген. Анан аксакалды айылдын четине алып барып, моюнуна бычак сайып өлтүрүп, акчасын жана уюлдук телефонун алып изин сууткан.
Учурда кылмышка шектелип кармалган Базарали Курбанов СИЗОго киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Султан Төрөбеков
koom@super.kg