КҮНГӨ ТУУРА КҮЙҮҮ – БУЛ ИСКУССТВО

Эмне үчүн эл оозунда «күнгө туура күйүү – өзүнчө эле искусство» деп айтылат? Ушул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Анткени ага чеберчилик керек. Эгер адам күнгө туура күйсө, денеси күрөң түс алып, сексуалдуу көрүнөт. Анын үстүнө күн нурунан иммунитет бекемделет. Бирок ошол искусство эмнелерди талап кылат? Келгиле, билип алалы.

УЛЬТРА СЫЯ-КӨК НУРЛАРДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ
Пайдасы. Ультра сыя-көк нурлар иммунитетти бекемдеп, денедеги зат алмашууну тездетет. Сөөк жана булчуңду бекемдей турган D3 витаминин иштеп чыгууга жардам берет.
Зыяны. 2 сааттан ашык күндүн түз тийген нурларынын алдында жүргөн адамдын териси бузулуп, чачы кургап түшө баштайт. Ашыкча күйүү терини картайтып, ал тургай теринин рагына дейре жеткирерин эске алуу кажет. Көздүн торчосу да жабыркап, көз оору жаралат. Андыктан күнгө күйүүдө көздү, чачты жана бетти өзгөчө сактоо кажет.

ТУУРА УБАКЫТ КАЙСЫ?
Туура убакыт – эртең мененки саат 9дан 11ге чейин, түштөн кийинки саат 16дан 19га чейин.
Күнгө күйүү 2 сааттан ашпашы керек. Алгач күнгө кактанууну 5 мүнөттөн баштаңыз. Андан кийин 10 мүнөт. Ошентип отуруп шашпай 2 саатка жеткиребиз.
Биринчи жолкусунда колуңузду, бутуңузду кактаңыз. Баш кийим кийип, көз айнек тагынууну унутпаңыз. Суудан чыккан соң желге курганууга болбойт. Денедеги суунун тамчылары линза сымал күн нурларын өзүнө чогултуп, терини күйүккө чалдыктырат. Андыктан аарчыныңыз.

КАНДАЙ ООРУСУ БАРЛАРГА КҮЙГӨНГӨ БОЛБОЙТ?
Варикоз, жүрөк, рак, кургак учук, гипертония (1-2 даражасы менен ооругандар), богок оорусу барлар, терисин сыйрытып же кестирип алгандар, бетинде сепкили барлар (сепкил бетке жайылып кетет), кош бойлуулар, күндөн аллергиясы барларга, 5 жашка чейинки балдарга болбойт.
Экзема, псориаз, витилиго менен жабыркагандар дарыгер менен кеңешүүлөрү керек.

КЕРЕКТҮҮ КАРАЖАТТАР
Пляжда күн нурларынан сактоочу кремди сыйпоо туура. Аны сатып алууда анын курамында SPF (күндөн коргоочу фактор) деңгээли канчалык экенин караңыз. Эгер кремдин сыртында SPF 15 деп көрсөтүлсө, ал ультра сыя-көк нурлардан 93 пайыз сактай алат. SPF 30 деп жазылса, анда 95-97 пайыз, ал эми SPF 50 деп көрсөтүлсө, күндүн нурларынан 98 пайыз коргойт. Мындай кремдерди ар бир 2 саат сайын сүйкөп туруу керек.
Күнгө күйүүгө карата крем, май, лосьон, молочко чыгарылат. Териси кургак жана калыптагыдайларга (нормальный) крем, ал эми териси аралаш (комбинированный) жана майлууларга молочко же лосьон колдонуу сунушталат. Бирок молочко менен лосьон сууда бат жуулуп кеткендиктен, аларды бат-баттан жаңылап сүйкөөгө туура келет.
Негизи, кандай каражат сатып алсаңыз да сыртындагы көрсөтмөсүн окуп, ошого жараша колдонуңуз.

ДЕНЕ ТЕГИЗ КҮЙҮШҮ ҮЧҮН

  • Тери күнгө жакшы тотугуусу (загар) үчүн жаздан баштап даярдык көрүү кажет. Алгач күнгө аз-аздан чыгып, кийин убактыны узартуу керек. Офистен эч жакка чыкпай отура берип, анан бир күнү эле күнгө күйөм деп чыга калуудан тери күйүккө учурайт.
  • Ашкабак, манго, шабдалы, өрүк, коон, дарбыз, сабиз жесе териде меланин пигменти жакшы иштелип чыгып, адам жакшы тотугат.
  • Жарым көлөкөдө күнгө тотугуу жакшы жүрүп, тери тегиз күйөт. Бул үчүн күн тоскучту пайдалануу кажет.
  • Ар бир 5-10 мүнөт сайын бирде чалкадан, бирде көмкөрөдөн жатып, дененин тегиз күйүүсүнө шарт түзүңүз.
  • Күнгө кактангандан кийин таза сууга жуунуп, анан денеге нымдандыруучу атайын крем, лосьондорду сүйкөңүз.

ТЕРИ КҮЙҮККӨ УЧУРАСА...

Күйүктүн 2 даражасы бар:
1. Тери кызарат.
2. Тери кызарып, ыйлаакчалар пайда болот.

Эмне кылуу керек?
1-даражада. Күнгө, өзгөчө бат күйүп калган дене бөлүктөрүнө (бет, кулак, моюн, ийин) көк чайдан компресс жасоо керек. Ал жок болсо муздак сууга нымдалган сүлгүнү колдонуу оң. Же муздак ваннага түшүңүз. Компресстен соң денеге пантенол спрейин чачып же бепантенди (крем, лосьон, дары майы) сүйкөөгө болот. Дене табы көтөрүлсө парацетамол ичип, кызаргандар толук кеткиче күнгө чыкпай туруу зарыл.
2-даражада. Ыйлаакчаларды өз алдынча жарбоо кажет. Анткени микробдор кирип кетип, күйүктү ырбатат. Оорутууну басуу үчүн ибупрофен, ал эми дене табын түшүрүү үчүн парацетамол ичүү, денеге пантенол спрейин чачуу сунушталат. Кокус көбүрөөк бөлүгү күйсө, даки менен таңып, врачка кайрылуу кажет. Ооруканада ыйлаакчаларды жарып, ордун антисептикалык дары майлар менен майлайт. Ичүүгө дары-дармек жана күйгөн жер айыкканча сыйпаганга дары май жазып берет.
Ал эми элдик медицина боюнча күйүктө алоэнин ширеси менен каймак, бадыраңдан ботко жасап денеге сүйкөлөт.

ТЕРИҢИЗДИН ТИБИНЕ КАРАП КҮЙҮҢҮЗ
I типтеги тери. Буга териси ак, ошондой эле ак саргыл, көзү көк, сары чачтуу, бетинде сепкили көптөр кирет. Терилери назик. Денеси күнгө тотугуунун ордуна кызарат жана териси түлөйт. Андыктан күнгө күйүүгө болбойт. Болбой эле күнгө күйөм дегендер атайын кремдерди күнгө чыгарда жана күйүп бүткөндөн кийин да колдонуулары абзел. Күнгө чыгууну аптасына 2 ирет 3-5 мүнөттөн баштап, кийин 10 мүнөттөн ашырбоолору кажет.
II типтеги тери. Буга ак-саргыл, сепкилдери азыраак, көк, жашыл көздүү, ак саргыл чачтуулар кирет. Булардын денеси чанда гана күнгө тотугушу мүмкүн. Бирок тотугуунун белгилери бат эле кайра кетип калат. Күнгө кактанам дегендерге аптасына 3 ирет 15 мүнөткө чейин гана уруксат. Болбосо териси күйүккө учурайт.
III типтеги тери. Буга өңү ак жумал жана ак саргылдан тартып кара торуларга чейинкилер кирет. Көзү кой көз, чачы күрөңдөр ошондой эле чачы-көзү каралар кошулат. Сепкил чандасында гана жолугат. Териси күйсө да жеңил түрдө күйөт. Андыктан күнгө тотугуусу мыкты. Булар аптасына 3 жолу 2 маалдан 20 мүнөттөн күйсө болот.
IV типтеги тери. Териси, көзү, чачы кара, сепкили жоктор кирет. Териси күнгө жакшы тотугат жана күйүп калбайт. Буларга аптасына 4 жолу 2 маалдан 20-25 мүнөттөн күйүү жетиштүү.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ereka
2015-07-14 15:12:53
Ала-була болуп куйуп калгандан кийин, кунго туура куйуу чын эле искусство экенин тушундум го.
+1
HAPPY.GIRL
2015-07-15 00:21:26
Бала кезде колдун жээгинде жыланач ойноп эле журчубуз,андан бери канча укбакыт отту.Азыр кичикей кыздарды жалгыз колго жибербей калышты педофил деген балее чыкты деп.А биздин бала кез сонун отуптур.
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан