МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

Кыз талаш болуп, болбогон жерден уруш чыгып эки жигит кармаша кетти. Көздөрү топтоголок болгон Адел дал ошол бурчта кептелип туруп калган эле. Бир маалда кайдан-жайдан жалаңдаган бычак пайда болду да, олбурлуу жигит тигинисине матырып алды.
– А-аа!..
Ач айкырыкты салган жигит кулап түштү. Чурулдаган жигит-кыздар тапырап сыртты көздөй чуркап жөнөштү. Дирилдеп тиги баланын ичинен агып жаткан канды көрүп нес болуп туруп калган Адел гана кача албады. Бычакты кармап турган жигиттин көзүнө Адел уруна берди. Дароо колундагы канга боёлгон бычакты кыздын колуна кармата салып, ачык турган терезеден секирип түшүп, түн коюнуна сиңип кетти. Кыз бычакты ыргыта албай туруп калган учурда милиция кызматкерлери кирип келди. Бөлмөдө андан башка эч ким калбаганын кыз ошондо гана байкады.
– Мына сага тамаша!- деди ал колунда кан куюлган бычакты кармап дирилдеп турган жапжаш кызды таң кала карап.
– Байке, мен эмес... тиги... ал качып кетти... Тээтиги жакка качып...- деди мукактанган кыз эмне болуп кеткенине башы жетпей.
– Карасаң, эне сүтү оозунан кете элек немелердин кылганын,- деди милиция кызматкери сүйлөнүп.
– Мен эмес, мен жөн эле келгем...- деп жалооруган кыздын сөзүнө эч ким көңүл бурган жок. Жүзтөмөндөп жаткан жигит эбак эле үзүлүп кеткен экен. Билектерине кишен салынганда гана Адел эмне болгонун түшүндү.
– Апа-а!- деп бакырып алды. Анын каршылыгына, көз жашына, жалынып жалбарганына карабай машинага салып узап кетишти.

ххх

Турсун апа кечке сарсанаа болуп Аделди күтүп жаткан. Телефонуна чалса өчүк. “Аа, чунагым, улактай секирип жүрүп менин сарсанаа болорумду унутуп калса керек” деп өзүн жооткоткону менен, жүрөгү дүпөйүл болуп турду. Таптакыр кечигип жатканынан таежесине чалса, ал дагы албай койду. Тиричиликке алаксып жүргөнчө тез эле күн кеч кирип кетти. Улам жолду акмалай берип чарчаган апа эмне кыларын билбей улам үйгө кирет, кайра чыгат. Бир маалда отурган боюнча көзү илинип кеткен экен. “Апа-а!” деп бакырган жапан үндөн жүрөгү кептеле түшүп ойгонуп кетти. Саатты караса түнкү 3 болгон экен. Адел! Оюна келгени ушул болду, чала-була кийинип сыртка чуркап чыкты. “Эми эмне кылам, катыгүн, кимге барам бул учурда? Ким мага машина айдап Караколго барып бермек эле?” деди карбаластаган ойлору. Оюна кошунасы Эсен келди да, дароо анын үйүнө келип дарбазасын кагып жиберди.
– Тургулачы, кагылайындар, Эсен, Айша, Айкөл, барсыңарбы?
Аңгыча эшик ачылып, кошунасынын эр жетип калган уулу Айкөл чыга келди.
– Эмне болду, Турсун апа?
– Адел шаарга кетти эле, ушуга чейин жок, телефону өчүк. Жанымды коёрго жер таппай калдым, балам, эптеп мени Караколго жеткир.
– Азырбы?
– Ооба, азыр, кызым бир нерсе болду окшойт, дегеле суранбай бир жакка чыкчу эмес эле. Жүрөгүм тынч эмес. Бир жакшылык кыл, балам.
Суранып турган Турсун апаны аяп кеттиби, жигит тез кийинип короодо турган машинени от алдырды. Ушу учурда атасы чыгып кыйкырып калды.
– Ой, жети түндө машинаны эмне кыласың?
– Турсун апа Аделди издеп жатыптыр, шаарга барып келели дейт.
– Эч кайда барбайсың, бирөөнүн кызын түн ортосунда издеп бензинди коротуп жүрөт белек. Жүргөндүр бир жерде...
Корс чыккан эркектин үнү Турсун апанын жүрөгүн тешип өткөндөй болду.
– Эсен, кагылайын...
– Жок, эже, мындай караңгы түндө бере албайм машинемди.
– Ата?
– Алып кел ачкычты...
Уулунун колунан машиненин ачкычын жулуп алып, шарт үйүнө кирип кетти. Томсоргон апаны карай албай жигит терс бурула берди.
Эртеси Айкөл кечке акмалап жатып Турсун апа аялдамадан түшкөндө жетип барды.
– Турсун апа, Адел кайда экен? Эмне болуптур?
Эриндери кургап, кареги нурсуз караган апаны көрүп таң кала түштү. Адам бир күндүн ичинде ушундай карып кетеби?
– Сизге эмне болду?
– Эч нерсе, балам, эч нерсе болгон жок.
Шалдырай басып бараткан Турсун апанын акыбалы чын эле оор эле. Таң атпай шаарга жетип барган ал каргашалуу кабарды угуп эсин жоготту. Бетине суу чачып араң эсине келтиришти. Чырылдап жүрүп кызына да жолуга алган жок. Керсары тарткан жүзү кумсарып араң үйгө жетип сулк жыгылды. Айкөл бул тууралуу бир аз убакыттан кийин укту. Жамандык жерге жатпайт деген чын белем, бул кабар чакан айылды чагылгандай каптап өттү.
– Ий, жаман болгон тура, жибектей созулган эле кыз эле, кайдан минтип калды экен?
– Турсун көзүн көп карап койду да, жалгыздан калган жалгыз деп.
– Деги азыр жаштар башкача чыкты...
Айкөл бул кабарды уккандан бери дендароо. Такыр ишенгиси келбейт. Адел, өз колу менен чоңойткон, ыйласа тургузуп, күлсө кошо күлгөн, карындашынан артык көргөн кыз мындай болот деп күткөн эмес эле. Жүрөгү ачышып чыкты. Азыр Адел менен орун алмаш десе, ойлонбой туруп орун алмашат болчу. Айкөл өз ойлорунан коркуп кетти.

ххх

Адел ачык турган күн бүркөлүп, башына каран күн түшкөндөй, коркунучтуу түштөн ойгоно албай жаткандай болду. Орой түртүп камерага киргизген милиция кызматкеринин эркинде гана болуп сенделип жүрө берди. Камера аталган бөлмөдөн төрт керебет, тамтыгы чыгып калган төшөк-жууркандар көзүнө урунду. Алы кетип бир керебетке отура кетти.
– Канчадасың?- деген эркектей коркурап сүйлөгөн өйдөкү керебеттеги аялды көрүп коркуп тиктеп калды.
– 18ге эми чыгам.
– Канчанчы “ходкаң”?
– Кандай дейсиз?
– Канчанчы жолу отурушуң?
– Мен биринчи жолу...
Ыйламсыраган кыз айланасын коркуп карап алды. Тиги суроосу бүттүбү же кызыгуусу тарадыбы көпкө тиктеп турду да, ары карап жатып алды. Адел чыйрыгып чыкты, эки тизесин бооруна кыса бүрүшүп отуруп калды. Кечке маал тергөөчү чакыртты. Кирип келген кыздын сулуу жүзүнөн көзүн албай тиктеп калды. “Периште го” деди ойлору бузула.
– Атың ким?
– Адел.
– Анда башынан баштайлы, качан, саат канчада бул кечеге келдиң? Баарын жашырбай кандай болсо, ошондой айтсаң өзүңө жакшы.
Кыз баарын айтып берди. Ишенип коюшун өтүнүп жалдырады.
– Билесиңби, сен өлтүргөн жигит кимдин баласы экенин?
– Жок, мен аны тааныбайм.
– Акимдин жалгыз уулу болчу.
– Мен аны таанычу эмесмин.
– Эми ал жомокту унут. Андан көрө “ооба, мен кылдым эле” деп өзүң эле моюнуңа алганың туура. Башка айлаң жок.
– Жок! Мен күнөөлүү эмесмин, мен...- деп чаңырып жиберди.
– Бас оозуңду!
Тергөөчү жаактан ары берип калды.

(Уландысы кийинки санда)

Нурия Кудайбергенова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
mirana9395
2015-07-13 10:51:05
Байкуш кыз
0
aqua-94mema
2015-07-13 12:43:59
Сериял баштап ийипсинерго
+1
abdyldaeva
2015-07-13 15:09:54
ииий эми качан жаны саны чыгат......
0
sultanova
2015-07-13 20:33:02
Ай ииий. Байкуш. (Толугурак жазгылачы сураныч)
0
kanyshaikg
2015-07-14 17:43:36
Жакшы чыгарма окшойт. Бакуш кыз((((((((
0
Emu-Janyl
2015-07-15 12:41:52
Кызыктуу чыгарма окшойт тагдыр оюнуна окшоп,мен уже ыйлап баштадымго.
0
Milana.
2015-07-17 10:59:40
Ehhh jasho
+1
jakka.9999
2015-07-21 00:31:34
Ээми кызыгы башталатго э
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан