КУМАР АЗАБЫ

(Башталышы өткөн сандарда)

Акыл ата-энеси ак мээнети менен салган үйдү уттуруп таң сүрүлгөндө үйгө келди. Бөлмөгө кире албай үшкүрүп, «үйдү кайтарып алышым керек, атам укса эми соо койбойт» деп тынчсызданып отурду. Таң атпай уулунун эшикте жүргөнүн көргөн Садыр:
– Эмне болду, балам, таң атпай маанайың жок го?- деди. Тили күрмөлбөй, атасынын бетин түз карай албастан Акыл жер тепкилейт. Бир нерсени сезгендей атасы дагы суроо узатты.
– Айтпайсыңбы себебин?
Уттуруп ийдим,- деп күңк этти жер тепкен калыбында:
– Эмнени уттурат?
– Баарын. Үйдү, малды...
Уккан кулагына ишенбеген Садыр ордунда калчылдап турду. Бир саамдан соң желкеден ала:
– Акмак экенсиң! Кимге уттурдуң? Азыр барып көргүлүктү көрсөтөм.
Бул кыйкырык үйдөгүлөргө дагы угулуп, Жылдыз чуркап чыкты.
– Тынччылыкпы деги?!
– Акмак Кеңеш баланы алдап үйдү тартып алыптыр.
Бул сөздү угары менен Жылдыз үн-сөзсүз жерге кулап түштү. Ызы-чууну уккан коңшулары жардамга келип, ооруканага алып барышты. Көп узабай Жылдыз ооруканада кан басымы түшпөй жан берди. Өлүк каадасын көрсөтүп аны жерге беришти. «Өлгөндүн өзүнүн шору» демекчи, тирүүлөргө мурункудай эле күн өтүп жатты. Жубайынын көзү өткөндөн кийин Садыр да баарына кайыл болуп койду. Айыл-ападагылар «милицияга арыздан. Элдик сотко кайрыл. Ант-минт...» дешсе:
– Алары ушул үй болсо, алып тынсын. Жылдыз экөөбүзгө буюрбаган үй ошолорго буюрат беле,- деп тим кылды.
Маркумдун кыркы өткөндөн кийин Кеңеш Садырдын үйүнө келип калп эле кайрат айтымыш болду.
– Пендечилик экен, Саке. Кайрат кыл,- деди. Анын эмнеге келгенин Садыр жана эле билген. «Эх» деп терең дем алып:
– Жаш баланы алдап бул жолго салбаганыңарда мындай болбойт эле. Адам эмес экенсиң! Айта турган сөзүңдү айт,- деди.
– Акыл акча карыз эле. Бере албасам үйдү аласыз деген. Ишенбесеңиз тил каты мына,- деп Акылдын жазып бергенин көрсөттү.
– Максатыңа жеттиңби? Акча үчүн адамдын башын аттаган айбан. Үйдү бир жумада бошотобуз.
Садыр ордунан туруп басып кетти.
Кайненеси каза болгондон кийин Бермет жалгызсырап, алсырап, кең дүйнөгө баткан менен, өзүнө-өзү батпай жүрдү. Акыл үйдү кайтарып алуунун жолун издеп убара.
Адыл болсо Бермет менен канткенде бир болуунун жолун издеп, Акыл менен кумар ойноп, акчанын ордуна Берметти коюшун талап кылууну ойлоду. Кайра утулуп калсам эмне кылам
деп чочуп, бул ишти Кеңеш менен сүйлөшүүнү туура көрдү. Эмне деп айтарын билбей Кеңештин үйүнө келип:
– Кеңеш аке, барсызбы?- деп эшикти тыкылдатты. Үйдүн ичинен «ким бул, кире бер» деген үн угулду. Адылды көрөрү менен жаткан жеринен тура калып:
– Эмнеге келдиң?- деди суроолуу карап.
– Акеси, сиздин жардамыңыз керек. Аткарсаңыз эки дүйнө ыраазымын.
– Айтчы, угуп көрөйүн. Колдон келсе акысын төлөп берсең аткарыш менден болсун.
Анын оюн жалаң акча бийлеп алган эле.
– Бермет менин сүйгөнүм экенин билсеңиз керек. Акыл колумдан тартып кетти.
– Ошондо мага сүйгөнүңдү утуп бер деп жатасыңбы? Тапкан экенсиң аңкоону. Өзүң ойноп, өзүң утуп ал.
– Кеңеш аке, жардам кылыңызчы?
Жалооруп жиберген Адылды карап:
– Кайрып берсем канча төлөйсүң? Эки жылкы бересиңби?- деди.
– Макул,- деген Адыл азыр эле сүйүктүүсү колуна тийгендей кудуңдай түштү. Эртеси күнү Кеңеш Акыл менен жолугуп оюн тууралуу сүйлөштү.
– Дагы оюн кылбайлыбы, балакай?
– Азыр акчам жок,- деди Акыл.
– Үйүңдү кайтарып алгың келеби?
– Акча таппай жатам. Мал-мүлктөн эч нерсе калган жок.
– Аялыңды кой.
Акыл ачууланып, жерди муштуму менен койгулап барып токтоду:
– Шылдыңдабай кетип кал. Аялымды койбойм,- деди.
– Көп кумарчылар аялын койгончо баарын уттуруп, кайра баарын кайтарып алышкан. Ойлонуп көр, жигит,- деп кетип калды. Ар кандай ойго чайналып жатып акыры Кеңештин сунушуна аргасыз макул болду.
Эртеси кумар ойногонго белгиленген сааттан кечикпей Акыл Кеңештин үйүнө келип нес боло түштү. Ал он ойлосо да Адылды бул жерден кезиктирем деген эмес эле.
– Сага эмне бар бул жерде?- дей бергенде, Кеңеш:
– Биз менен ойнойт,- деп жооп берди. Акыл үнсүз отуруп калды.
– Урушта туруш жок. Оюнду баштайлыбы?- деди Акыл. Ачыла элек картаны кайра-кайра аралаштырып жатып Кеңеш мындай шарт койду.
– Мен оюнга утуп алган үйүңдү кайра коём, сен жубайыңды коёсуң. Эгер утуп алсаң үй сеники, утулуп калсаң жубайыңды Адыл алат. Мен андан олжонун акысын алам,- деди. Акыл жинденип:
– Шарт ушундай деңизчи? Адыл, өчүңдү ушинтип алайын дедиң беле?
– Чырдын кереги жок. Каршы болсоң оюнду токтотобуз,- деди кумарчы.
– Баштаган соң артыма кайтпайм, кайткан да эмесмин. Бүгүн бар же жок болом,- деп күрсүндү Акыл.

(Уландысы кийинки санда)

Султан Кадыртегин

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Gulya.akbaralieva
2015-07-13 10:54:47
Мен биринчи окудум!!!
0
Gulya.akbaralieva
2015-07-13 10:55:01
Мен биринчи
+1
mers8
2015-07-13 10:55:33

Биринчи мен окудум окшой аа акылдын атын акмак деп койбогон экенда
0
anara-anara
2015-07-13 11:03:32
mers8,Ообадаа
0
MurJenDuishabaevizh
2015-07-13 12:33:45
Мен канчанчы окудум анда
0
kirgizstan
2015-07-13 13:42:35
Мен ааакыркы болуп калдымгооо
0
ailam14
2015-07-13 15:27:05
Не болот болду экен?????
0
Ayperi94
2015-07-13 21:54:35
Адылдын оз суйуусу учун акырына чейин курошкону жакты . Бору баласы ит болбойт дегендей Жылдызга Акыл бала эмей эле балээ болду го аан коро баласыз отсо жакшы болмок.
0
zara__
2015-07-16 13:05:01
Жаман чоздуго куттуруп.
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан