Нурлан Шакиев, экс-министр, коомдук ишмер: «МИНУСУМ ДА, ПЛЮСУМ ДА БЕТКЕ АЙТКАНДЫГЫМ»

Экс-министр Нурлан Шакиев менен маектешүүнү болжоп, ал иштеген кеңсеге баш бактык. Парламенттик шайлоого катуу даярданышып жаткандай. Телефондун жаны тынбай, кирген-чыккан киши көп. А Нурлан мырзанын чарчай турган түрү жок. Орозо кармады болду бекен деп ойлонуп, кызыгып сурап жибердим. Анан сөздөр уланып кетти.

– Нурлан мырза, орозо тутуп жатасызбы?
– Ооба, 7 жылдан бери үзбөй орозо тутам. Быйыл да, салтты бузган жокмун. Негизи пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи саламдын жасаган иштерин кайталоо сүннөт деп коёт го. Пайгамбарыбыз жеке эле Рамазан айында эмес, жыл бою шейшемби жана бейшемби күндөрү орозо тутчу экен. Былтыр жыл бою, шейшемби жана бейшемби күндөрү орозо кармап көрдүм. Салмагым азайды, ден соолугум жакшырды. Орозонун өзгөчө касиети бар.

– Анда орозоңуз кабыл болсун! Мен билгенден сиз телефонуңузга адамдардын атын жазып сактачу эмессиз, жүздөгөн номурларды жатка билчүсүз. Ошол жөндөмүңүз дагы эле барбы же жаш өткөн сайын эске тутуу мурункудай болбой калдыбы?
– Мындан 5 жыл мурун классташ балдар менен бильярд ойноп жатып ушул жөндөмдү текшерип көрдүк. Балдар эсептеп турушту, 110 телефон номурун жатка айтып бергемин. 2 ай мурун да текшерип көрүп 73 номурду так айттым. Адамдын ресурсу жыл өткөн сайын азаят окшойт.

– Дайыма позитивдүү жүргөндү билесиз. Мына ушул сапатыңыздан улам адамдардын көбүнө жагат болушуңуз керек. Бакиев, Мадумаров, Ташиев менен тил табышканыңыздын деле сыры ушундабы? Же айрымдардын «Шакиев кадыры бар адамды өкүл ата кылып алып, пайдаланат» дегендери чынбы?
– Бүгүнкү күндө өкүл атам жок. Кезинде Баяман Эркинбаевди өкүл ата койгом. Ал киши өтүп кетти. Бейиши болсун! Ошондон кийин бир да адамды өкүл ата койгон эмесмин. Анан көрө албагандар «Жумалиевди өкүл ата коюптур, Бакиевди өкүл ата коюптур» деп чыгышты. Кошоматчылык дегенди жек көрөм.
Минусум да, плюсум да бетке айткандыгым. Чоң кызматтабы же мени менен тең кызматтабы, баарына бетке айтам.
Бакиев мага «сен бардыгын бетке, анан болгонун болгондой айтасың» дечү, Мадумаров менен өнөктөш болдум, экөөбүз «Бүтүн Кыргызстанды» түзүп шайлоого чыктык. Биз утуп чыктык, бирок партиянын жеңишин бербей коюшту. Ал эми Ташиев менен 5-6 жылдан бери иштешип келе жатам. Баарынан мага Камчыбек Кыдыршаевич менен иштешкен оор болду. Адегенде кызыл чеке болуп талашып-тартыша кетчүбүз. Анын мүнөзү аябай чукул экен. Чечимдерди да тез кабыл алчу. Кийин-кийин  бири-бирибиздин мүнөзүбүзгө көндүк. Азыр жарым сөздөн түшүнүшөбүз. Анын үстүнө 2 жылдан бери 5 маал намаз окуп жүрөт, сабырдуу да болуп калды. Ал эми Өмүрбек Бабанов менен да башында принципиалдуу маселелерде талашып-тартышып жатып, азыр өз ара түшүнүшүп калдык.

– «Ата Журт» «Республика» менен бириккен. Ташиев менен Бабановдун башы бир казанда кайнай алат бекен?
– Бул эки лидердин жаш курактары дээрлик бирдей, ошону менен катар алардын мамлекетти өнүктүрсөк деген изги тилектери окшош. Олуттуу маселелерде талаш-тартыш чыга элек. Мына партияларыбыздын бириккенине бир жылга чукулдап калды. Талаш-тартыштар артта калды.

– Саясатта өзгөрүүлөр болуп турат, ага таң калбай деле калдык. Сиз ошол кубулма саясий чөйрөдө жүрөсүз. Орусча айтканда, «защитная реакция» деп коёт го, ошол сезим пайда болуп калса керек. Эгер шайлоодон кийин Бабанов-Ташиев командасында борттон сыртта калсаңыз, кандай кыласыз?
– Мен турмушта оптимист да, пессимист да эмес, реалистмин. Эгер реалдуу жагдай ошондой болсо, бул мага трагедия эмес. Кудайдын буйругу менен Нурлан Шакиев деген ысымды кайсы бир деңгээлде жасап алгам. Мага саясатта утуу да, утулуш да маселе эмес. Адам катары өзүмдүн атымды сактап калуу негизги маселе. Бул тандем ийгилик алып келет деген жакшы тилектер менен иш алып барып жатабыз.

– Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин кандай кабыл алдыңыз?
– Конституция бул мамлекеттин жашоосунун формуласы. Биздин Конституцияда кемчиликтер аябай көп. Президент, парламент, премьер-министр жана башка адамдар, эч ким эч нерсеге жооп бербегидей жазылып калган. Ырааттап, парламенттик багыт менен кетип, жоопкерчиликтер так белгилениши керек деген ойдомун.
Бизде азыр ботинкенин үстүнөн байпак кийгизип коё тургандай баш аламан мыйзамдар бар. Аларды оңдоп-түзөп алуунун эмне зыяны бар экенин мен түшүнбөйм. Негизинен биздин партия өлкөнүн башкаруу системин реформалоону негизги программабыздын бири деп эсептейбиз.

– «Республика-Ата Журт» партиясынын катарында депутаттыкка ат салышканы жатыпсыз. Шайлоодо босоголук чекти 9 пайызга жогорулатуу аракети болду. Өтпөй калабыз деген чочулоо болдубу?
– Жаш партияларга кыйын болот деп жатышпайбы, албетте, куда сөөк, туугандары менен партия түзүп алгандарга кыйын болот. Бирок партиялар мамлекетти өзгөртөбүз, экономиканы оңдойбуз деген олуттуу кадамдары менен биригип, артында жүз миңдеген колдоочулары менен парламентке келсе, менимче баш аламандык болмок эмес. 9 пайыздык чектин болушун каалап жаткам. 7 пайыздык чек менен 6-7 партия өтсө, азыркы 5 партиянын чалмакейи ушунча болуп жатат, мындан дагы жаман болуп кетпейби. Ошон үчүн келечекте партиялар ирилешиши керек. Парламенттик бийлиги өнүккөн мамлекеттерде 2-3 партия эле ат салышат. Демек, биз 2 партиялуулукту ишке ашырышыбыз керек. Бирөөсү бийликке келсе, экинчиси конструктивдүү оппозиция болуп турат. Мына ошондой болгондо гана идеялардын, программалардын кагылышы болот. Азыр бизде ар ким ар кандай партия түзүп алып, адамдык ресурстар менен чабышып жатабыз.

– Саясатта жүргөндөрдүн бирисиз. Кыргызстанга, кыргызга эмне кылып берем деген дымагыңыз бар?
– Быйыл мына партиябыздын катарында шайлоодо ат салышабыз. Парламентке келсек, чыныгы зарыл болуп турган, керектүү мыйзамдарды жазсам дейм. Миңдеген керексиз, элди кыйнаган мыйзамдар толтура. Кыска-нуска пайдасы көп мыйзамдарды жазып, демократиялык процесстердин өнүгүшүнө салым кошкум келет. Анан асмандагы Айды, жердеги алтынды алып берем деген сындуу убадалардан алысмын.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Etka
2015-07-13 20:51:53
Озу Нурлан чыныгы патриот жигитеррдин бири. Ойлогон ой максаттарына жетишишине чоон тилектешмин.
+1
ertur
2015-07-14 15:46:45
Билбейм, реформатор эмес наватор эмес,аратор эмес бул партияга менеджер керек
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан