СДПК: ЭЛ ӨМҮР САКЧЫЛАРЫНА ӨМҮР БОЮ ЫРААЗЫ

Июлдун биринчи жекшембиси, медициналык кызматкерлердин күнү алдында СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаардык кеңешинин СДПК фракциясынын депутаттары жана партиянын активисттери республиканын дарылоо мекемелеринде болушуп, өмүр сакчыларын кесиптик майрамдары менен куттукташты.

«Ден соолук кербенин” ийгиликтүү ашырууга катышкан жана ишке ашырып жаткан Улуттук госпиталдын, облустук, аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачтарына карата да айтылды. «Ден соолук кербени” демекчи, уюштуруучулардын жана медиктердин биргелешкен ырааттуу ишинин натыйжасында 2,5 айдын аралыгында республиканын алыскы аймактарында жашаган 50 миңден ашуун кишини медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө мүмкүн болду.
Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Улуттук госпиталда, СДПК фракциясынан депутат Галина Скрипкина, СДПКнын саясий кеңешинин мүчөсү Болот Отунбаев Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда болуп, ден соолук сакчыларын майрамы менен куттуктап, ардагер дарыгерлерге акчалай сыйлыктарды тапшырып, «Ден соолук кербенине” катышкан врачтарга партиянын ыраазычылык каттарын тапшырышты.
Жогорку Кеңештин вице-спикери, СДПК фракциясынан депутат Т.Зулпукаров, депутаттар А.Султанов жана З.Жоошбеков Ош облусунун, депутат А.Измалкова Чүй облусунун, депутат Э.Иманкожоева, СДПКнын саясий кеңешинин мүчөсү Э.Сатылганов Ысык-Көл облусунун, СДПКнын саясий кеңешинин мүчөсү Ж.Мусабекова Нарын облусунун, депутат А.Кутушев Талас облусунун, Жалал-Абад шаары боюнча координатор Б.Нуралиева, Сузак району боюнча координатор А.Саражиев Жалал-Абад облусунун, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы М.Аманкулов Улуттук онкология борборунун, К.Узакбаев Энени жана балдарды коргоо Улуттук борборунун, шаардык кеңешке СДПК фракциясынан депутат  Т.Өмүрбеков №3-балдар клиникалык ооруканасынын медиктерин куттукташты.
«Дени сак улут гана өнүккөн, бакубат, күчтүү жана коопсуз мамлекеттин пайдубалын түптөй алат” деп бекеринен айтылган эмес. Ден соолук – карылар үчүн кубаныч, жаштар үчүн күч-кубат, кайрат, дем, жигер, демек, калктын саламаттыгы улут, эл үчүн алмаштырылгыс байлык, мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу, бардарчылыгы деген сөз. Кыргызда «дендин сагы жакшы, пейилдин агы жакшы” деген кеп бар. Дени сактын — руху бийик. Дени соонун — байлыгы түмөн. Дени соонун — жаны соо. Дени тазанын деми таза.
СДПКчылар куттук сөздө айткандай, өмүр сакчылары майрам күнү да иш үстүндө. Оору-сыркоо майрам жана дем алыш күндү тандабайт. Дарыгерлер күн сайын, саат сайын алтын жана камкор колдору менен адамдын өмүрүн сактап жатышат. Аларга ыраазычылыктан башка айтарыбыз жок.

СДПКнын басма сөз кызматы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан