АЖО КЫРГЫЗСТАНДЫК КӨРҮНҮКТҮҮ ИШМЕРЛЕРДИ СЫЙЛАДЫ

28-декабрда мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Кыргызстанга өзгөчө эмгеги сиңген Кыргыз орус-славян университетинин медициналык факультетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы Хаки Бебезов III даражадагы “Манас” орденине татыктуу болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов “Даңк” медалы менен сыйланды. Каржы министри Марат Султанов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, А.Малдыбаев атындагы Опера жана Балет театрынын ырчысы Кайымбек Кусаков Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Бишкек экономикалык эркин аймагынын башкы директорунун биринчи орун басары Бахтияр Салиев КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер наамын алды. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык округунун башчысы Жаныбек Осмонканов Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Мамлекет башчысы сыйлыкка татыктуу болгондорду куттуктап, мындан аркы эмгек ишмердигинде ийгиликтерди каалады.


Казак ИИМи: "Г.ПАВЛЮКТУН ӨЛҮМҮНӨ
КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНЫН ТИЕШЕСИ БАР"

28-декабрда Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу маалымат таратты. Анда издөө-иликтөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка бир канча кыргызстандык атуулдун тиешеси бар экени аныкталгандыгы маалымдалды.

Маалыматта журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында казак милициясы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы, аны менен бирге топтолгон маалыматтар менен далилдерди кыргыз тараптын тиешелүү кызматтарына берүү маселеси чечилип жатканы айтылат. Кыргызстан Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Б.Сейитов аталган материалдарды берүү эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары тарабынан ишке ашырыларын, азырынча Кыргызстанга эч кандай материалдар бериле электигин билдирди.
Белгилүү болгондой, журналист Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматынын Фурманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинде оор абалда ооруканага жеткирилип, эсине келбеген калыбында 22-декабрда кайтыш болгон эле.


ИСМАИЛ ИСАКОВДУН СОТУ
11-ЯНВАРГА ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

Мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант Исмаил Исаковго байланыштуу Бишкек гарнизондук аскердик сот отуруму 11-январга жылдырылды.

25-декабрдагы сот отурумунда сот өкүмү угузулмак. Сот отурумунун кайрадан артка жылдырылышына айыпталуучу Исмаил Исаковдун ооруп келбей калганы себеп болду. 30-ноябрдагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен ажыратып, аскердик чининен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүүнү сураган. Ал «кызматынан кыянаттык менен пайдаланган» делип айыпталып жатат.
P.S. Өткөн сандагы маалыматтагы Исмаил Исаковдун чинин генерал-майор эмес, генерал-лейтенант деп тактайбыз.


“БОИНГ-737” УЧАГЫНЫН УЧКУЧТАРЫ СОТТОЛДУ

2008-жылдын 24-августунда Бишкек шаарына жакын Жаңы-Жер айылында кырсыкка учураган “Боинг-737” учагынын учкучтары боюнча сот чечими чыкты.

Сот иши бир жарым жылга созулуп, 28-декабрда учкучтарга өкүм чыкты. Башкы учкуч Ю.Гончаров жана экинчи учкуч Т.Водолагин 5 жылга эркинен ажыратылышты. Ал эми 19 атуулдун “Итек эйр” жана “Асман эйр” авиакомпанияларынан материалдык чыгым өндүрүү боюнча берилген доо арызы кийинки сот отурумунда каралмакчы.
Эскерте кетсек, 2008-жылдын 24-августунда Бишкек–Тегеран каттамында абага көтө­рүлгөн учактын кырсыкка учураганынан улам 65 адам каза болуп, учактын экипажы аман калган.


БАЛЫКЧЫ СОТУ ТӨРТ КИШИНИ ЭРКИНЕН АЖЫРАТТЫ

25-декабрдагы сот отурумунда президенттик шайлоо учурундагы Балыкчы окуясы боюнча 4 киши эркинен ажыратылып, калган 14 киши шарттуу түрдө экиден үч жылга чейин эркинен ажыратылды.

КСДП­нын төрагасы Алмазбек Атам­баевдин президенттик шайлоо кезиндеги Балыкчыдагы ишенимдүү өкүлдөрү Гүлнара Жамгырчиева, Белек Касымов, партиянын Балыкчы боюнча координатору Мирлан Бообеков жана ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Мирбек Асанакуновдун иниси Бакыт Асанакунов төрт жылга эркинен ажыратылышты. Сот отурумуна катышкан “Социал-демократтар” партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев “бул маселенин аягына чыгып, камакка алынгандарды азаттыкка чыгарам” деп убада кылды. Соттун чечими 10 күндөн кийин күчүнө кирет.


ОРУСИЯДА 15 КЫРГЫЗСТАНДЫК
БАЛА КУЛЧУЛУКТАН БОШОТУЛДУ

Москва облусуна караштуу Ногинск районунда жайгашкан өнөр жай ишканаларынын аймагынан 15 жашы жете элек кыргызстандык өспүрүмдөр кулчулуктан бошотулду.

Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров маалымат берди. Анын айтымында, кыргыз элчилигинин кайрылуусунан улам Ногинск райондук милициясы бошоткон балдардын 11и – эркек бала, төртөөсү – кыздар. Мындан тышкары, 18 жашка толгон 8 жаран да бар. Балдар мыйзамсыз иш жүргүзгөн тигүү цехинде эмгектенишкен. Бардык документтерин алдырган бул балдар 24 саат бою көзөмөл астында болуп, казарма өңдүү, бирок жашоого шарты жок жайда жашашкан. Ошондой эле балдарды түнкүсүн да иштөөгө мажбурлашкан. Эгер план аткарылбай калса, жазалашкан. 11 жашар баланын денесинен оор соккудан алган көгөргөн жана жанчылуудан калган тактар табылган.


АЖЫЛЫК САПАРГА БАРГАНДАРДАН ЖЕТӨӨ ЭМЕС, ЭКӨӨ КАЙТЫШ БОЛДУ

Быйыл Меккеге 4782 адам ажыга барып, алардын экөө кайтыш болду. Ажылардын акыркы тобу 20-декабрда өлкөгө кайтып келишти.

Зыярат убагында Жалал-Абаддан 1 эркек, ал эми Ош шаарынан 1 аял каза болушкан. Экөө тең эч кандай кырсыктарга тиешеси жок эле, ден соолугунун начардыгынан көз жумушкан. Муфтияттын маалыматына караганда, көз жумган ажылардын сөөгү Меккеде жерге берилди. Ал эми буюмдары жакындарына жеткирилип берилген.
Тактоо: Гезитибиздин өткөн санында техникалык себептерге байланыштуу Меккеде каза тапкандардын саны экөө эмес, жетөө болуп кеткен. Андыктан 7 санын 2 деп тактайбыз.


ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ КЫМБАТТАДЫ.
АЗЫК-ТҮЛҮКЧҮ?

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтик баасынын кымбатташы азык-түлүк товарларынын баасынын кескин кымбатташына негиз болбойт.

Бул туурасында өкмөткө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Надырбек Турганбаев маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстандын азык-түлүктөрү чет жактан ташылып келинет. Ошондуктан электр энергиясынын кымбаттаганына шылтоолоп алардын бааларынын өсүшү мүмкүн эмес.
«Электр энергиясынын баасы канчалык өспөсүн, азык-түлүктүн бааларында ал аз гана сумманы камтыйт. Учурда биринчи сорттогу 1 килограмм ундун өздүк наркы 12 сом 56 тыйын болсо, унду өндүрүүдө электр энергиясынын чыгымы 1,2 пайызды же 15 тыйынды түзөт. Тарифтер жогорулагандан кийин электр энергиясынын үлүшү 6 тыйынга гана жогорулайт»,- дейт Надырбек Турганбаев.


Саясий божомол

2010-ЖЫЛ КАНДАЙ БОЛОТ?

“Келерки жылы президент, парламент, өкмөт, оппозициянын аракеттери, элдин жашоо абалы кандай болот деген ойдосуз?” деп саясатчыларга кайрылдык.

Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
– 2010-жылдын апрель-май айларында тарифтердин жогорулашына нааразы болуп эл толкушу мүмкүн. Кымбаттоо буга чейин сөз жүзүндө гана айтылып, аны эл жон териси менен сезе элек. Жылдын биринчи айынан баштап элдин нааразычылыгы күчөйт. Бирок бийлик элди толкутпоонун бир жолун табат деп ойлойм. Келерки жылы парламент тарашы мүмкүн. Министрликтерден, агенттиктердин директорлорунан да 3-4 жетекчи алмашышы ыктымал.
Президент уулун өлкөнүн каржы тармагын көзөмөлдөй турган кызматка алып келди. Мунун артында көп нерсе жатат. Максим Бакиев атасынын, элдин ишеничин актап, Кыргызстанга пайдалуу инвесторлорду тартып, элге жардам катары арзан пайыздагы кредиттерди берүү менен эл оозуна алынса жакшы. Андай иштерди жасай албай элди иренжитип алса, анда башка сөз.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, “Ата мекен” партиясынын лидери:
– Өзүңүздөр жакшы билесиздер, учурдагы тарифтердин кымбатташы элдин нааразычылыгын жаратты. 2010-жылы бул нааразычылык күчөбөйт деп эч ким кепил боло албайт. Себеп дегенде кымбаттаган төлөмдөрдү төлөөгө элдин чама-чаркы жете бербейт. Айлык-пенсияга кошкон анча-мынча акча менен элди алдоого болбойт. Мына Жаңы жылга чейин Түндүк электр тармагы сатылганы турат. Буга чейин эки жолу тендер жарыяланып сатылбай калган. Бул жолкусунда аукцион болбой, үстүртөн арзан бааланып сатылып кетет деп ойлойм. Келерки жылы башка электр тармактарыбыздын да аябагандай арзан баада сатылганына күбө болосуздар. Аны өзүбүздүн эле коррупциячы чиновниктерибиз сатып алышы мүмкүн. Алар сатып алгандан кийин каалаган баасын коюп, элди туңгуюкка такашы турган иш.
“Жаңырган жылда парламент тарашы мүмкүн” деген пикирге кошулбайм. Алдын ала божомолдоп айтыш кыйын. Бирок президенттин кызматтан алып, кызматка койгон реформасы мындан ары да жүрүшү ыктымал. Ажобуз уулу Максим Бакиевди мураскер катары элге таанытууга аракет кылып жатат. Аны эл кандай кабыл алат, мезгил көрсөтөт.

Айбек Кочкоров, Амантур Султанкулов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан