ЖЫЛДЫЗДАР КАЙДА, КАНТИП ЭС АЛЫШУУДА...

Жыл бою иштеп короткон энергиябызды жайында эмгек өргүүсүнө чыгып калыбына келтирет эмеспизби. Быйылкы жылдын эсебинен белгилүү жылдыздарыбыз Бишкектин ысыгынан качып кайда эс алат, сурап көрөлү...

Айчүрөк Иманалиева: «КӨЛДӨ УНААБЫЗДЫН АЧКЫЧЫН ЖОГОТУП...»
– Азырынча шаарда эс алып жатабыз. Жакында эле жоро-жолдошторубуз менен жаратылыш коюнуна барып эс алып кайттык. Мен негизи талбай эмгектенип, ошол эмгектин артынан ийгилик жаратканда ушундай бир эс алам. Албетте, айылда эс алган жагат, бирок айылга барбаганыма 5 жылдай болуп калды. Акыркы жолу апамдын ашын бергенде барган болчумун. Ата-эненин көзү өткөндөн кийин чыккан кыз чийден сырткары кала берет тура.
Буюрса, эл катары үй-бүлөм менен көлгө барабыз. Көл демекчи, бир окуя эсиме түшүп кетти. Былтыр да бала-чакам менен көлгө барганбыз. 3 күн жыргап эс алып, төртүнчү күнү машинебиздин ачкычын жоготуп алдык. Көбүнчө эл буюмдарын көлгө чөктүрүп ийет го. Кашайып биз кумдан жоготуп жибергенбиз. Көлдүн жээгиндеги кумду эки күн тыттык, ачкычты таба албадык. Үйдөн кошумча ачкычты алдырып, машинени ачканбыз. Буюрса, август айында үй-бүлөм менен Прагага барып эс алууну пландап жатабыз. Конкурстарга барып жүрүп көптөгөн досторду таптым. Ошолор бир жумага эс алып кеткиле деп чакырды.

Съездбек Искеналиев: «СУУДАН КОРКСОМ ДА КӨЛГӨ БАРГЫМ КЕЛЕ БЕРЕТ»
– Учурда орозо кармап жатам, ага байланыштуу жумушту жыйыштырып коюп үйдө эс алуудамын. Рамазан айы бүтсө эле эс алууну баштайбыз. Келинчегим экөөбүздүн туулган күндөрүбүз бир күндө 2-августта. Жылда досторубуз менен көлдө өздүк майрамыбызды майрамдоо салт болуп калган. 7 жылдан бери уланып келе жаткан бул жөрөлгөнү быйыл да бузбай көлгө камынып жатабыз. Балдарым «качан барабыз?» деп күн санап уктабай калышты. Кызым «эмнеге 2-августта төрөлөсүңөр, андан эртерээк төрөлбөйт белеңер, көлгө бармакпыз» деп кулактын кужурун алып жаткан учур. Өзүм сууда сүзө албайм, бирок сыр бербей сүзүмүш болуп жүрө берем. Бир жолу сүзө албаганымды билдирбейин деп жатып, алысыраак кетип калган экенмин, чөгүп кете жаздап араң калгам. Ошондон кийин суу менин фобияма айланды. Андыктан балдарымды сууга түшүргөн, ойноткон киши болуп жээкте эле жүрө берем. Көлдөн келгенден кийин дос балдарымды туулган жериме Кочкорго алып барып, кооз жерлерин көрсөтүп келейин деп жатам.

Назира Токонова: «ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ЧЫККАНДАН КӨРӨ АЙЫЛГА БАРГАНЫМ ЖАКШЫ»
– Мага чет мамлекеттерге караганда жайлоодо, көлдө эс алган алда канча пайдалуудай туюлат. Анткени башка өлкөлөргө барганда жол жүрүп чарчайсың, аба ырайына көнгүчө да кыйналасың, айтор, бир топ ыңгайсыздык жаралат. Ошондуктан мен үчүн алгач көлгө барып эс алып, андан соң телефонду өчүрүп, бир айга жайлоого кетип калсам, жыл бою топтолгон стресс, депрессиядан арылууга жакшы шарт түзүлөт. Быйыл да керемет Ысык-Көлүбүзгө барып келдим. Ал жакта баарын унутуп сууда сүзүп жыргайм, керек болсо ырчы экенимди да унутуп коём. Ошентип көңүлдүү жүрсөм тийишип, артымдан ээрчип алып, сууга кенен түшүрбөй тоскоолдук жараткан күйөрмандар да болот экен. Тартынасың, уяласың дегендей.
Былтыр көлдөн келгенден кийин бир айга Суусамырга таежемдикине, жайлоого чыгып кеттим. Ал жакта эч ким жолтоо болбойт, эстен кеткис эс алам деп баргам. Ошол учурда жеңемдин апасы каза болуп, баары айылга түшүп кетишти. Анан мен жалгыз алардын малын карап, уюн, бээсин саап, эс албай эле мал менен алек болуп калдым. Жыйынтыгында жайлоодон чарчап, бетим туурулуп, колум кесилип жүдөп, тоолук кызга айланып келгем. Буюрса, бул жайда да жайлоого барып эс алып келем. А туурулган бетим менен кесилген колумду шаарга келгенде бет май, кол майлар менен жайына келтирип алам.

Гүлжигит Калыков: «БЫЙЫЛ ЭС АЛУУНУН ЖЫЛЫ БОЛДУ»
– Быйылкы жылдын эсебинен жетишерлик эле эс алдым окшойт. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен Малайзияга барып келдим. Чын айтсам, ал жакта иштегенге караганда эс алуу көбүрөөк болду. Аралдарды аралап, түрдүү жаныбарларды көрүп, ойдогудай эс алдык. Ал жактан келген соң ата-энем, досторум менен Нарындын жайлоосуна чыгып кеттик. Жайлоодо саамал ичип, май-каймак жеп, ден соолукту бир топ чыңдап алдык. Тоодо ат минип мөңгүлөргө чейин бардык. Мөңгүгө жетерде атым чарчап калгандыктан аны байлап коюп, досума учкашып алып чыгып кеткен элем. Түшүп келгенде байлап койгон атым жок, таппай убара болбодукпу. Экөөбүз атты издеп көл-шал болуп чарчадык. Жайлоого түшсөк атыбыз жүрөт, көрсө, жибин үзүп качып кетиптир. Анан аны кармап ээсине тапшырдык. Жайлоодон келип, көлгө барып эс алганга да жетиштим.

 

 

 

Гүлнур Асанова: «ЖАРАТЫЛЫШКА ЭРКЕЛЕП ЫЙЛАП АЛАМ...»
– Мен эс алууну майда эле баштагам. Тактап айтканда, жумуш менен эс алууну айкалыштырып, Германияга фестивалга барып катышып келдим. Ал жакта немистердин консерваториясында окуу программалары менен таанышып, таптаза көчөлөрүнө, кооз имараттарына суктанып кайттым. Буюрса, менин да өлкөм гүлдөйт, тазарат, ал үчүн алгач өзүбүз тазарышыбыз керек деп тилек кылдым. Андан кийин кичинемден барам деп кыялданган Индияга сапар тарттым. Ал жакта кыргыздын маданиятын, салттуу музыкасын көрсөтүп келдим. Буюрса, комузум менен добушум мага далай жерлерди көргөзөт окшойт. Ошентип Таж-Махалдан сүрөткө түшсөм деген кыялым орундалды.
Өзүм кыргыз жаратылышын сүйөм. Эх... Жаратылыш коюнунда жыргап эркелей алам, керек болсо ыйлап да алам... Жаратылыш эч кимге сырымды ачпайт, ошондуктан ага ишенем. Бир жума мурун эле кесиптештерим менен жаратылыш кучагында жыргап эс алып келдик. Жакында автокырсыкка кабылгандыктан жумуштун баарын унутуп, ар бир күнүмдү эс алууга арнап жатам. Эч болбосо үйдө эжемдин баласы менен ойноп, уктап дегендей. Кыскасы, бир айдан бери жандуу үн менен ырдабай, жалаң уйкунун планын толтуруудамын.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
ZANIA-92
2015-07-13 12:41:51
Молодцы жакшылап эсалгыла
+1
abdykadyrova
2015-07-14 00:59:54
Айчурок эжеке аявай жагат да
0
mersedes2013
2015-07-14 02:04:09
Айчурок Иманалиева эжени аябай сыйлайм,урматтайм.Баардык жагынан жагат эже.Жашара тушуптур эже мурункудан да сулуу болуп
0
Aipri
2015-07-14 09:28:28
Айчурок эжени аябай сыйлайм. Кыргыздын жаш таланттарыны дайым, колдоо корсотуп, эл аралык сынактарга чыгарганы жагат. Ишинизге ийгилик.
0
ertur
2015-07-14 10:02:45
Гулнур кандайсывн кабарын жокта, тел чалып кой
0
nur_2010
2015-07-14 12:39:10
Назира туура айтасын.жайлоого чыгып кымыз ичип сары май куруттан жеп эс алганга эмне жетсин. мен да аябай сагындым .
+1
Gulnaz.GS
2015-07-15 11:51:36
Нурматтан интервью алгылачы
0
Gulnaz.GS
2015-07-15 11:52:00
Нурматтан интервью алгылачы
0
Deniza88
2015-07-15 15:03:01
Гулжигит крассссавчик
+1
romashkakg
2015-07-16 21:23:09
Айчурок Иманалиева класс !!!
0
Memory
2015-07-17 18:29:17
Мен Германияда жашаганыма 10 жылдай болсо да туулган жеримди сагынып, кымыз, жайлоо, раматылык чон атам коздон учат:(((((((. Барган сайын курут менен кымызга тойуп келем.
+1
Xardinguch
2015-07-18 16:37:57
Съездбек байке Суудан корсонуз ))) дагы, Көлгө барып эс алыныз.
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан