КУМТӨРДҮН ЖАБЫЛЫШЫ КАТАСТРОФАГА АЛЫП КЕЛЕТ

Парламент «Кумтөрдүн» токтотулушун октябрь айына чейин созгон токтом кабыл алды. Ал арада адистер кенде өндүрүш иштеринин токтошу эбегейсиз экономикалык тобокелдиктер менен катар олуттуу экологиялык маселелердин чыгуусу менен кооптуу экенин бир ооздон белгилешүүдө. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн эсептөөлөрү боюнча, «Кумтөр» токтосо, Кыргызстандын ИДПсы 10-12 пайызга чейин азаят. Бирок көйгөйлөр бул менен эле чектелбейт.

Кендин жабылышынан чыкчу ар кандай көйгөйлөргө катар тоо иштеринин планын макулдашпай коюу – кендеги өндүрүштүн токтоп, аталган жайдын консервация болушуна алып келет. Бул болсо «Центерра Голд Инк» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААКтын акцияларынын баасынын кулашына жол ачат. Мындай болгон чакта «Кыргызалтын» ААКтын финансылык-экономикалык абалы начарлап, Макмал, Терек-Сай, Солтон-Сары кендериндеги өндүрүш токтошу мүмкүн.
Айта кетчү жагдай, алтын өндүрүүчү ишкананын айланасында уланган интригалар ансыз да мамлекеттик активдердин чет жактагы баасын түшүрдү. Кезинде «Центерранын» акциялар баасы азыркы баага караганда 4 эсе жогору болгону азыр кыргызстандыктардын эсинде болду бекен?!
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү жылына 5 миллиард сомдон жана 1 миллиард сомдук социалдык төлөмдөрдөн кур калат. Мындан сырткары «Кумтөр» долбоорунун белгисиз убакытка токтотулушу 5 миңден ашуун адамды жумушсуз калтырат. Бийликтин чечимине нааразы болгон жумушчулар эмнеге барышат, аны айтуу кыйын. Эгер алар нааразычылыгын митинг аркылуу билдире турган болушса, бул Кыргызстан эгемендик алгандан берки эң масштабдуу акция болушу толук ыктымал.
Баса, жогорудагыдай көңүл жубатпаган жакынкы келечекти алтын баасынын күндөн-күнгө өсүп жатышына көбөйтсөк, чыгашалар мындан да чоң сандар менен эсептелери түшүнүктүү. Ал арада азыркы геосаясий абалды эске алуу жана ага түздөн-түз байланыштуу болгон планетанын негизги валюталар курстарынын жогорку көрсөткүчүн эске алсак, баалуу металлдын баасы жакында жогорулайт деп жыйынтыктасак болот.
Бирок «Кумтөрдүн» иштешине каршы болгондор, ошол эле айрым партиялардын мүчөлөрү өз позицияларын билдирүүдө зериктирбеген экономикалык сандар, терминдерди айтуунун ордуна экологияга кам көрүү аргументине ыкташууда. Кыргызстандын мөңгүлөрү да анын ичинде.
Эмнеге эл өкүлдөрүн башка мөңгүлөргө болгон кайдигерликтин фонунда белгилүү бир мөңгүлөрдүн тагдыры кызыктырып калды деген суроону бербей эле коёлу. Болгону «Кумтөр»  кени боюнча кырдаалда экологиялык мыйзамдарды аткаруу өкмөткө канчалык эффективдүү болорун карап көрөлү. Суу кодексине өзгөртүүлөрдүн кирбей калышы Давыдов менен Лысый мөңгүсүн сактап калууга жардам береби?
– Чынында, эгер күзүндө «Кумтөргө»  байланыштуу маселеде өндүрүш жабылышы керек деп чечилсе, анда толук кандуу экологиялык жана техногендик катастрофа күтүп турат. Мындай болгон чакта кечке сөз болуп жаткан мөңгүлөр толугу бойдон жок болот. Өзүнүн салмагы астында, мөңгү массалары карьерге сүрүлүп түшөт да, мөңгү катары таптакыр жоголот,-дейт Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбачылыгын коргоо боюнча агенттиктин башчысы Сабир Атажанов.
Карьердин көчүшү кен бар жерди 250 тонна алтыны менен жаап калат. Бул аймактын өзгөчөлүктөрү кен казып алууну токтотот. Албетте мындай кырдаалда баалуу кенди «Кумтөрдөн» алып чыгуу принципиалдуу түрдө мүмкүн болбой калат, себеби кен казуунун жүрүшү казылуучу алтындын баасынан ашып кетет. Андай болсо бир дагы потенциалдуу инвестор кыргызстандык инвестициялык климатынын жагымсыз жактарын көз жаздымда калтырган күндө да, кендеги иштердин келечегин божомолдоп да карабай калат. Ал эми өзүбүз кенди каза алабыз дегендерге таптакыр ишенүүгө болбойт. Өлкөдө кен чыгуучу жайлар толтура, бирок эгемендик жылдарында тилекке каршы, бирөөнү да иштете алган жокпуз го.
– Антсе да, карьер менен байланыштуу, тагыраак айтканда, андан эмне калса ошого байланыштуу болгон маселе биздин акыркы азабыбыз эмес. Учурда компания Петров көлүндөгү суунун деңгээлин жөндөп жана өндүрүш калдыктарын сактоочу жайдын акыбалын көзөмөлдөп турганын да унутпашыбыз керек. Эгер «Центерра» өндүрүштү токтотсо, биз «Кумтөрдүн» аймагындагы экологиялык кырдаалды азыркы абалында сактап тура албайбыз,- дейт Атажанов.
Мындан сырткары, Мамагенттик директорунун ою боюнча, канадалык компания соттук негизде кендин рекультивация процесстеринен четтеп кетиши мүмкүн. Жыйынтыгында, буга байланыштуу финансылык оорчулук республика бюджетинин алы келбеген жүгүнө айланат:
– Ошондуктан бул этапта абдан салмактуу жана абайлаган чечимдерди кабыл алуу маанилүү. Буга байланыштуу биз «Кумтөрдүн» ишине тийиштүү Суу кодексине каршы чыкпайбыз. Октябрга чейин биздин мекеме керектүү болгон экспертизаларды аткарат. Биз кендин ишин үзгүлтүккө учуратпай иштетүү боюнча токтомдун негизинде иш алып бармакчыбыз.
Эске салсак, 30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары документ кабыл алышты. Ага ылайык, өкмөт «Кумтөрдөгү» өндүрүштү токтотпошу керек. Мындай чечим премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда өткөн парламенттик жыйында кабыл алынды.
Токтомго ылайык, өкмөт кендерди жана айлана-чөйрөнү, өндүрүштүк коопсуздукту коргоону жана карьердин инфраструктурасынын сакталышын жана кенге барууну камсыздап бериши керек. Ошондой эле өкмөт «Центерра» компаниясынын 2015-жылы март айында жарыялаган «Кумтөр» кенин эксплуатациялоо боюнча кайра каралып чыккан планындагы алтын запастарын тактоо үчүн экспертиза жүргүзүшү керек. Өкмөт башчы Темир Сариев «Кумтөр» кенине кризистик абалдан чыгуу боюнча өкмөткө сунуш киргизүүчү атайын көз карандысыз илимий-эксперттик топ чогултуу мерчемделип жатканын маалымдады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jaazira13
2015-07-13 17:04:58
бу жерде экономикалык жана экологиялык натыйжасын биринчи орунга коюш керек, бирок биздин популисттер ойноп саясатты эн башкы ролго коюшат
+3
hairullo
2015-07-14 15:03:52
Эмнеге центерраны экологияны бузганы учун доого жыкпайсынар?
-1
Birbaw97
2015-07-18 10:17:52
Ак монгуулу аска зоолор элибиздин жаны м.н барабар болбой калдыго(((
+2
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан