ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИНТЕРНЕТ ААЛАМЫНДА
Хэштег же хештег – бул алдына # белгиси коюлган сөз же фраза. Социалдык түйүндөрдөгү микроблогдорду жазууда колдонулат. Колдонуучулар хештегдерди пайдалануу менен мазмунуна, темасына жараша маалымдамаларды бир топко топтой алышат. Хештегди табуу менен, анын ичиндеги камтылган бир нече маалымдаманы ачууга болот. Мисалы, #ЫсыкКөлдөэсалуу деп белгилеп туруп, социалдык тармакка көп сүрөттөрдү киргизсеңиз, кийин ушул хештег менен сүрөттөрдү, маалымдамаларды таба аласыз, башкача айтканда, алар хештегдин астында бир топ болуп чогулат.
Твиттердин популярдуу болуп башташы менен, хештегдердин да популярдуулугу өскөн. Крис Мессина аттуу Google+ тармагынын кызматкери микроблогдордогу кызыктуу болгон темаларды # белгиси менен белгилеп коюу идеясын сунуштаган. Ошондон тарта кенен колдонууга өткөн. Бардык тилде жазылган сөздү, фразаны хештег кылып коюуга болот. Болгону сандарды, символдорду жана сөз арасында боштукту пайдаланбай, сөздүн башына # белгисин коюп коюңуз.
Twitter, Instagram, Tumblr, Google+, Pinterest, YouTube, Facebook түйүндөрүндө хештегди колдонууга болот.

 

 

МОДА ДҮЙНӨСҮНДӨ
Омбрe (Ombre) – бул чач боёонун өзгөчө ыкмасы. Баса, быйыл чачты омбре кылып боёо модада. Ombrе деген сөз француз тилинен которгондо «көлөкөлөтүү» дегенди түшүндүрөт. Омбре кылып боёодо түп жагынан чач кара же күңүрт түстө болуп келип, ортолоруна келгенде ачык түскө өтөт. Маалыматтарга караганда, чачты минтип боёо күнөстүү Калифорниянын пляждарында келип чыккан. Чачтар күнгө күйгөндөй элес калтырганы ошондон болсо керек. Омбре техникасында чачтын узундугуна карап түстөрдү берүүдө өзгөчө эрежелер деле жок. Эң башкысы – күңүрт түс ачык түскө акырындап өтүп кетиши керек. Чачты мындай жасалгалоодо чачтын түбү кара түстө болгондуктан кайра-кайра боёп, оңдоп-түздөп турууга муктаж эмес. Кыскасы ыңгайлуу. Акыркы кездерде Дрю Берримор, Кэмерон Диас, Жессика Альба, Эшли Симпсон өңдүү дүйнө жылдыздары чачтарын омбре кылып боёп жүрүшөт. Баса, кээде кийимдеги, макияждагы, маникюрдагы түстөрдүн алмашуусун да омбре деп атап жүрүшөт.

 

 

 

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯДА
Мультикоптер – бул бир нече винттери (дирилдектери) бар учуучу аппарат. Адатта мультикоптерде 4-12 дирилдек болот. Ал эми эки винттүү тик учакты (вертолётту) мультикоптер деп атоого болбойт. 20-кылымда эле бир нече дирилдектүү учуучу аппаратты Георгий Ботезат аттуу ойлоп табуучу элге алып чыккан. Бирок азыркы тик учак ойлоп табылганда, мультикоптердин зарылчылыгы жок болуп калган. 21-кылымда мультикоптерлер жаңыча колдонула баштады. Азыр алардын көлөмү кичирейген жана өз алдынча уча алат. Аны адамдардын учуусу үчүн эмес, бийиктиктен фото жана видеого тартууда кеңири колдоно башташты. Акыркы жылдардагы кыргыз кинолорунда куш учкан бийиктиктен тартылган пейзаждар, Бишкектин, Кыргызстандын көрүнүшү дал ушул мультикоптерлердин жардамы менен ишке ашууда. Алардын кичинеси да, чоңу да бар. Баалары сапатына, көлөмүнө жараша.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Adilet2014
2015-07-13 10:11:01
жакшы маалымат экен!!!
+1
HAPPY.GIRL
2015-07-13 17:00:04
Хочу мультикоптер.
+1
Rifle
2015-07-15 09:35:26
Автономдук убактысы бир нече саат, жана аралыгы жуздогон чакырым болсо жакшы болмок.
-3
Meri111
2015-07-14 15:59:20
амбренин мода болгонуна 2 жыл болдуго
+2
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан