Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Мадамин ынак:
– Майли, кетели Ош-бувадан нары тоо таянып. О таксыр, биякта шаарларда, түздө калган каралай көз калктын күнү не болмокчу? Таштайбызбы, боору таш тагдырдын колуна?! Не кылган менен Кокон өлкөнүн ордосу эмеспи? Кокондон кетпөө лазимдур.
Исхак сынган бутун сыйпалап, көзүнүн төбөсү менен отургандарды сыдырып тиктейт. «Кимиси чыккынчы болду экен? Ушу бирөө достун тонун кийип, ширин сөзүн сүйлөп, ушу азыр чыккынчы жанымда отурат го?! Ыя, кимиси болду экен?...»деп жүрөгү карарып отурду. Көзү Абдылла бекке токтоду. «Жо, ыйык энебиз Курманжан датка айымдын азамат уулунан шек санасам, анда кимге ишенем?..» эки көзү канталап кайнатасы Музафар-шаага урунду. «Мунун күнү мени менен!» деди Исхактын ою. Бекназар баатырга, Момун саркерге кадалып өттү көзү. «Жок... Жок... Булар бир башымда эки көзүм болсо ошол эки көзүм!..» деди. Мадамин ынакты имерип тиктеди. «Бул эмне кызаңдайт?- жүрөгү солк дей түштү. – Көбүрүп сүйлөдү. Эмне ич көптүсү бар мунун? Жо, ынагым туурасын айтты. Элим эмне болот? Жакшы күнүндө бийи болуп, жаман күнүндө өз башымды куткарып кетип не деген атка калам?..» Бирок «кимиси чыккынчы экен, а?..» деген ой такыр кетпей туруп алды. Акыркы сөз аныкы:
– Ынак, каралай көз калкты таш боор тагдырдын колуна таштап кетүү, туура айтасыз, кыйын бизге. Оо, Жараткан! Кантебиз, башка аргабыз жок го, кашкөйлүк кылсак, бекзаада туура айтат, кошуундун уюткусун жок кылып алганы турабыз го? Майли, Каратегин тарапка кетели, ушул оң болуп турат го, жакшылар...
Музаффар-шаа жым этти. Эптеп Каратегин бийлигине жетсе! Көңүлүнүн тереңине катылып жаткан сары убайымы, максаты ушул гана болучу. Эки жак тең томсоруп отуруп ыкрарлык
билдиришти.
– Мен кайда барсак да бирге болоюн,- деди Бекназар. Исхак көзүн акырын жумуп, башын ийкеди.
– Мейли, баатыр акебиз бирге болсун.
Ал Абдылла бекти Ош багытына жол алууга буюрду. Ал Гүлшаага өтүп, кышы бою жазгы жүрүшкө бияктан кам кылмай болду. Мадамин баштаган кокондуктар моюнунан байланган иттей тыржыйышып, хандын эрки – Кудайдын эрки, каяша кылганга ал барбы, Исхактын өзү менен аттанмай болушту.
Жол ката аны ой басты. Эл калды го түздө? Коконго кирип отуруп алса кандай болот эле? Күч кана буга? Кудаяр бир жагынан, анын күчүгү Насирдин бир жагынан коргон тегеренип шимшиген көркоо карышкыр сыяктуу жортуп жүрөт. Кокондун жаман дубалы Искөбүл пашанын замбирегине туруштук кыла алабы?! Анан эмне деп Коконго барышыбыз керек?- жүрөгү солк этип аттын тизгинин жыйды. – Токто, бу Мадамин сарт бизди таш капканга кармап бермекчи экен го?!»
Кара суук сөөктөн өтүп жаткан. Шылкыйып араң ат бастырып келе жаткан Мадамин бектин шайы боштугу анын шегин ого бетер күчөттү.
– Карма, Эшмат!
Кийинки күндөрү өтө шекчил болуп кеткен Исхак үчүнчү сунушту «чыккынчылык» деп эсептеди. «Сой!» деп чаңырды ал.
Арттан кошуун аягын тескеп, «жүр-жүрлөп» кыдырып келе жаткан Бекназар кажы-кужу үндү угуп, темине ийрилип турган топко келди. Койчо мууздалып, ысык каны каңырсып жатат Мадамин ынак!
– Эй,- деп жиберди Бекназар. – Эмне болуп кетти?!
– Бу саткын экен...
– Бирге туруп?! Көч ичинде жүрүп?! Кандай «саткынчылык» кылып жиберди экен?! Ана, саткын деген! Калды го Искебул паша менен...
– Кечеги «калабыз» дегени эмне?!
– О-о, кокуй, ай,- деп ээрдин кашын бир муштап муңканып жиберди Бекназар. – Жаман ою жок эле анын! Каны, беги болуп жакшы күнүндө, кара баштын камына өтүп каран түндө качып чилдей тарадык. Эл ичинде калышка, тайгак жолдо таяныч болушка, кана, кайсы көйкашкабыз жарадык?! Өз алыбыз бул болсо, үч кишинин биринен шекшине берсек, жаныбызда ким калат, кокуй ай, тилибизди ким алат?!
Өзүн өзү басып, дилинде сынгансып калды Исхак.
Жолдо Үч-Коргон эли тосуп, Исхак күн мурунтан даярдатып коюлган бектин жылуу тамына түштү. Ным, суук сөөктөн өтүп келе жаткандыктан, жылуу жерде Исхактын сынган буту эми сыздап ооруду. «Күзөттү күчөткүлө. Аскер жакшылап эс алсын, эртең таң кулан өөк болгондо жолго чыгабыз» деп буйрук берди.
Бекназар коштун төрт тарабына күзөт коюп, саркерлер чогулуп отурган үйгө келди. Саркерлерди кыдырата карап, алдыртан эсепке алды. Сейид Маулан бек жок. «Кыштактын сыртындагы күзөттөргө өзү суранып караул башы болуп кетпеди беле? Кечигип келет го?» деп кайра тынчыды.
Бул түнү Маулан бек өзгөчө сак болду. Бекназар үч жолу күзөттү кыдырып, үч жолу тең Маулан бекти өз ордунан тапты.
Түн көшөгөсүн түрүп, таң таштоого жакындап калган. Бекназар кайра кыдырып келе жаткан. Коркунуч шыбыртты биринчи алдындагы аты сезди. Шап кулагын тикчийтип, селтилдеп кетти. Ошол замат иттер чуу түшүп, каптап келаткан ат дүбүртү жер теңселтип, жабыла атылган мылтык үнү кулак тундуруп жиберди.
Бүткүл кошуун тура чуркады. Исхак биринчи атылган мылтык үнүнөн чочуп, ордунан атып туруп, жарадар бутун унута эшикке чуркап чыкты. Көзү караңгылап темтеңдей түштү.
– Далдага! Далдага! Кыйкырба, дейм, кыйкырба!- деп Бекназардын үнү абаны жарып жатты. – Кач! Чегин... Тоо тарапка... Тоо багытын болжо...
Эки жактан тең атыш болуп жатты. Душман кайда? Өз кайда? Эч ким ажырата алган жок.
– Исхак! Исхак!
Көңүлү бир ачылып, бир караңгылап, ал Бекназардын үнүн араң ажыратты. Аңгыча анын колу кайсалап келип калды.
– Ой, кокуй, сенин бутуңа эмне болду?!- деп жаш балача ыйлактап, шап көтөрүп тыбырап турган кулан чаар аргымактын ыйык жалына арта салып, артынан өзү ыргып минип, «чү!» деп жүрүп берди.
Уюткусу бүтүн бойдон аскерин тоо таянтып кетсе, Каратегинди колуна алса, ал дагы куралып, жаз алды менен тоодон ылдый кара сел болуп каптап түшөрү анык болчу. Өчтүү Абдырахман Исхактын ар бир кадамын жазбай билип турган. Ал колдон чыгып баратканда генерал Скобелев Абдырахман менен Насирдиндин аскерин жол көрсөтүүчү кылып, атчан козак полкун жиберген эле.
Исхактын кошууну капыстан чочуп ойгонуп, уюшуп каршылык көрсөтө албай калды. Көбү колун куушуруп, жер боортоктоп жыгылды. Бүт кошууну, 120 нарга артылган жүгү менен кошо колго түштү.

(Уландысы кийинки сандарда)

Төлөгөн Касымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан