PLANETA MAXIMUS – БИРДИКТҮҮ МЕКТЕП ФОРМАСЫ БОЮНЧА ӨЛКӨДӨГҮ БАШКЫ ДҮКӨН

Борбор шаарда бирдиктүү мектеп формасын сатуучу Planeta Maximus дүкөнү ачылды. Эми бишкектиктер баламды кайдан кийинтем деп баш оорутушпайт.

Жаңы окуу жылынын башталышы алыс эмес. Андыктан ата-энелер жайдын кайнаган учурунда, каникул кезинде, балдары үчүн окуу китептерин жана канцелярдык буюмдарды сатып ала башташат. Үстүбүздөгү жылы ата-энелерге дагы бир мүшкүл кошулду. Анткени кыргызстандык окуучулардын баары бирдиктүү форма менен мектепке баруулары зарыл. Ушуга байланыштуу айтып койчу нерсе, Чүй проспектисинде жайгашкан «1000 түркүн» соода борборунда («Кыргызстан банкынын» катарында) окуучулардын бирдиктүү мектеп формасын сатуучу Planeta Maximus дүкөнү өз эшигин ачты.
«Учурда бардык адамдар бийиктикке умтулушат. Баары күчтүү мамлекетте жашап, балдарынын туура жолго, башкача айтканда, өзүн өнүктүрүү жана ишкер эстетика жолуна түшсө деп каалашат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин азыркы учурдагы мектеп формасы жаатындагы реформасы бул процессти тездетет»,- деп эсептейт Planeta Maximus тигүү ишканасынын башкы директору, «ЛегПром» ассоциациясынын мүчөсү Өмүрбек Назаров.
Дүкөндүн ачылышын уюштуруучулар жаркын майрамга айлантышты. Ачылышы катардагы күнгө белгиленсе да, келген адамдардын саны көп болду. Келгендерди дүкөндүн алдында сөзгө чечен алып баруучу тосуп алды. Балдар менен кошо ата-энелер да көңүлдүү оюндарга катышып, белектерге ээ болушту. Конокторду ырчылар Аскат Мусабеков менен Кундуз Таштаналиева өнөрлөрү менен кубантышты. Дагы бир эсте каларлык нерсе – бул көчө дефилеси болду. Бишкектик жаштар Кыргызстандын окуучулары мындан кийин кандай модалуу жана стилдүү кийинерин көрсөтүштү.
«Planeta Maximus – бул ата мекендик алдыңкы компаниялардын бири. Тажрыйбасы чоң, продукциясын чет элдерге да экспорттойт. Planeta Maximus компаниясынын чеберлери тиккен формаларды Орусиянын жана Казакстандын окуучулары да кийип келишет. Бүгүн биз кубанычтуу окуяга күбө болуп отурабыз. Бишкекте балдары менен барып, баалары чөнтөккө чак келүүчү эң сонун мектеп формаларын сатып алууга боло турган дүкөн ачылды. Мен өзүм ата катары айтсам, баалар кымбат эмес, анын үстүнө комплектке бир нече кийим кирет» дейт Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай ишканасы ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөнов.
Planeta Maximus тигүү ишканасынын башкы директору Өмүрбек Назаровго дүкөндүн салтанаттуу ачылышында Ардак грамота жана «Текстиль-швея тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» юбилейлик медалы тапшырылды.
Салтанаттуу ачылышта кызыл лента кесилген соң каалоочулардын баары дүкөнгө кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Анда балдардын жана кыздардын бирдиктүү мектеп формаларынын комплекттери коюлган. 1-4-класстын окуучулары үчүн: шым менен юбканын өңү боз, костюмунун өңү кочкул кызыл жана кочкул кызыл галстук. 5-8-класстын окуучулары үчүн форма: шым менен юбканын өңү боз, костюмунун өңү кочкул кызыл, ал эми галстугу боз. 9-11-класстын окуучуларынын формалары: шым менен юбканын өңү кара, костюм жана жилетинин өңү боз жана галстугу кара. Дал ушундай эскиздер мурун добуш берүүдө жеңишке жетишип, мыкты деп табылган. Кичи пейил сатуучулар керектүү өлчөмдөгү форманы табууда жардамдашат. Кийип көрүүчү бөлмөлөр, албетте, бар. Мектептер формаларга заказ беришсе болот. Бирдиктүү мектеп форма комплекттери кыздар үчүн да, балдар үчүн да бар жана 28-50-өлчөмдөрдө.

Planeta Maximus дүкөнү дем алышсыз жана түшкү тыныгуусуз эртең мененки
саат 9:00дөн кечки саат 19:00гө чейин иштейт.
Телефону: 0312 90-20-58

«Бул дүкөн – алгачкы карлыгач» деп ой бөлүшөт технолог Василий Чебаев. Василий мырза сөзүн улантып «КМШ боюнча Кыргызстан швея өлкөсү катары саналат. Биз Орусиянын жарымын кийинтсек да, өзүбүз өтүкчүнүн өтүгү жок сыңары жүрөбүз. Бирок учурда баары өзгөрүлүүдө. Бул дүкөндүн ачылышын кубаттайм. Жаңы формалар көптөргө жагат. Ал кооз, маанайды көтөрөт. Окуучуларга жана алардын ата-энелерине ийгиликтерди гана каалайбыз» деди.
Planeta Maximus дүкөнүнүн ураандарынын бири – «Жакшы кийинип, мыкты окуу!». Дүкөндүн ачылыш аземинде «Биздин борбордун башкы проспектсинде жайгашып, жаңы ачылып жаткан бул дүкөн өлкөдөгү башкы дүкөндөрдүн бири болот деп ишенебиз!» деген фраза жаңырды. Бул туура, анткени балдардын бактысынан ашкан эмне бар?!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
tynara81
2015-07-13 12:16:46
Ошондо быйылкы жалпы республика боюнча ушул сүрөттөгүдөй форма болобу?
0
ggvatua
2015-07-13 14:21:58
Жакшы бллуптур да ушунусу,качан ьолоор экен деп журдук эле
0
Asel-91
2015-07-13 15:08:21
Галстук менен чөнтөктөрүндөгү оюлар куп жарашып калыптыр.
0
kobra86
2015-07-13 22:33:05
Оо менин Акылбек,Омурбек акелерим ийгилик сиздерге
0
АйАй
2015-07-13 22:41:31
Биз кече форма алдык балама.Шым жилетти кичине темныйраак экен.Галстук комплекте жок экен.
0
Emil0279
2015-07-14 17:07:18
АйАй,баасы канча сом болот экен
0
Shakarap
2015-07-13 22:59:23
Бирдиктүү форма абдан сонун, бирок айрым аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө женилдиктер каралышы керек. Болбосо Республика боюнча көбү кийбей калат.
0
abdykadyrova
2015-07-14 01:05:37
Оо Фархад Тологонов менин агайымдын баласы. Жакшы иш баштапсыздар.
0
bolotbai
2015-07-14 03:30:01
Ошол жерден оптом сатып алып арзаныраак,бул жакка Ошко алып келип штуктап кымбатыраак сатса болот бекен?
0
Makedonia
2015-07-15 13:35:59
Дагы бир "ЧОН"дун магазин го...
0
HAPPY.GIRL
2015-07-17 00:58:24
Красиво,стильно,а самый главный качество!
0
Azura
2015-07-19 07:58:13
Кыздарга шымы жок болгону жаман экен.кышкысын тонушат го! Кышында кызымды юбкачан жибербейм.
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан