Базарларда же соода түйүндөрүндө көз жоосун алып мөлтүрөгөн, бир кылка тегиз бышкан жер-жемиш, жашылчаларды, көпкө сакталуучу эт-сүт азыктарын албетте, көргөнсүз. Бул азыктардын «керемет» сыры эмнеде?
ГМО ДЕГЕН ЭМНЕ?
ГМО (Генетически модифицированный организм) – англис тилинен которгондо (genetically modified organism) – гени өзгөртүлгөн организм (көбүнчө азык-түлүк катары колдонулган организмдер, өсүмдүктөр, жер-жемиштер). Гендик модифицирленген (өзгөртүлгөн) организмдер ГМО гендик инженерия адистери тарабынан жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн организмдери менен гендик-модифицерленген микроорганизмдерди бириктирет. Жалпак тил менен айтканда, бир гендин кодуна экинчи генди кошуу дегенди билдирет. Мисалы, картошка генине чаяндын генин кошуунун натыйжасында эч бир жандык жебей турган картошканын жаңы түрүн алышкан. ГМО күнүмдүк колдонулуучу жер-жемиштерде: алма, алмурут, картошка, буурчак, күрүч, ашкабак, жүгөрү, сүттөн жасалган азыктарда, кондитердик жана эт азыктарында кездешет.
ГМОнун тарыхы
ГМО ӨНДҮРҮМДӨРҮНҮН ТЕРС ЖАКТАРЫ:
ГМО ӨНДҮРҮМДӨРҮНҮН ОҢ ЖАКТАРЫ:
КЫРГЫЗСТАНДА ГМО ӨНДҮРҮМДӨРҮ КОЛДОНУЛАБЫ?
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык департаментинин маалыматы боюнча, ГМО өндүрүмдөргө тыюу салган мыйзам долбоору даярдалып, бирок иш жүзүнө аша элек. Казакстан, Орусия сыяктуу эле биздин өлкөдө да 0,9 пайыз ГМО кошулган азыктарды сатыкка чыгарууга уруксат берилген. Бирок азыктын курамында ГМО колдонулганы милдеттүү түрдө жазылышы керек. Кыргызстандагы соода түйүндөрүндө жана базарларында сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн ичинен колбаса, сосиска, сарделька, жүгөрү таякчаларынын, картошкадан жасалуучу чипсыларда курамында генетикалык жактан өзгөртүлгөн азыктар колдонулгандыгы аныкталган. Мындан тышкары Кытайдан алынып келинген тамак-ашка кошулуучу жыпар жыттуу кошулмалар жана Америкадан келүүчү тоок эттери да генетикалык жактан өзгөртүлгөн азык-түлүк болуп эсептелет.
ГМО ЭМНЕ МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙТ?
Генетикалык өзгөрүштөр илимий жана чарбачылык максатта жасалат. Окумуштуулардын билдирүүсүндө, гендик инженерия дүйнө калкын ачарчылыктан сактоо үчүн жана климаты начар аймактарда азык-түлүк өсүмдүктөрүн мол өндүрүүнү максат кылат. Ошону менен бирге айыл чарбасында жер семирткичтерди, сууну аз колдонууну шарттайт. Ошол себептен дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө азык-түлүктү арбын өндүрүү үчүн гендик-модифицерленген организмдерди пайдаланышат. Мунун натыйжасында генетикалык жактан өзгөртүлгөн өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү табигый өсүмдүктөргө салыштырмалуу мол болот жана көпкө сакталгандыгы менен арбын киреше алып келет.
ГМО өндүрүмдөрүн өндүрүүчүлөр, «планетадагы адам санынын артышы менен келип чыккан ачарчылыктан ГМО өндүрүмдөрү гана сактап калат» деген пикирде. Ошол эле убакта «табигый жол менен өндүрүлгөн өсүмдүктөр жана жаныбарлар жер шарындагы бардык калкты азык-түлүк менен камсыз кылууга толук жетет» деп билдиришкен айрым окумуштуулар.
ГМО өндүрүмдөрүнүн «тукумсуз» экенин да эске алуубуз зарыл. Себеби гени өзгөртүлгөн жандык же өсүмдүк тукум улоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. ГМО өндүрүмдөрүн өндүргөн жана колдонгон өлкөлөрдүн алдыңкы сабына АКШ (68%), Аргентина (11,8%), Канада (6%), Кытай (3%) кирет жана бул өндүрүш жылдан жылга эселеп көбөйүүдө.
ГМОНУН ИЛИМДЕ КОЛДОНУЛУШУ
Азыркы учурда гендик өзгөртүлгөн организмдерди илимде рак, Альцгеймер (алжып калуу) оорусу, нерв ооруларын, майып мүчөлөрдү калыбына келтирүүдө жана картаюуну изилдөөдө, ошондой эле медицина жана биология тармагындагы учурдагы актуалдуу маселелерди иликтөөдө колдонулат.
АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КУРАМЫНДА ГМО БАР ЭКЕНИН КАНТИП БИЛЕБИЗ?
Негизинен тамак-аштын курамында ГМО бар экенин лабораториялык жол менен толук билүүгө мүмкүн. Антсе да айрым азыктардын этикеткасындагы белгилеринен да айырмалоого болот. Нукура азыктарда өзүнө тиешелүү жыты, даамы болот. Ал эми ГМО жолу менен өндүрүлгөн азыктар табигый азыктардан айырмаланып сырткы көрүнүшү көзгө толумду көрүнүп, курту, жыты жок, бадырайган азык-түлүк, жашылча-жемиштер болот.
Чыңгызхан Кожошов
koom@super.kg