Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 8-июлда Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына курулган көпүрөнүн ачылышына катышты. "Бул көпүрө стратегиялык мааниге ээ. Ал аркылуу өтүүчү жолдун узундугу 570 чакырымды түзөт жана Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары аркылуу өтөт",- деди президент.
Мамлекет жетекчиси бул көпүрө 20 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтпөгөнүн, авариялык абалда турган көпүрөнү бузуп жаңысын курууга япон өкмөтү жана JICA эл аралык кызматташуу агенттиги каражат бөлүп жардам кылганын белгилеп, ыраазычылыгын билдирди. Өлкө башчы: «Элибизде "жолдо жаткан ташты алып коюу жакшы иш, ал эми жол, көпүрө салуу чоң сооп иш" деген жакшы кеп бар. Көпүрөлөр жана жолдор элдерди жакындаштырат. Ар бир кыргызстандык достуктун, биримдиктин көпүрөсү боло алат»,- деди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg