Ирандын Бендер-Аббас портунда Кыргызстандын 11 гектар жери бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Ирандагы мурунку элчиси Медеткан Шеримкулов «Кыргызстандын Евразия экономикалык бирикмесине кириши жана Иран Ислам Республикасы менен экономикалык кызматташтыгынын өнүгүшү» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө маалымдады.
Шеримкуловдун айтымында, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу жана Кыргызстандын дүйнөлүк рынокко деңиз аркылуу чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында эки өлкөнүн ортосунда 11 гектардан жерлер алмаштырылган. Кыргызстан Кара-Балта шаарына жакын аймактан 11 гектар аянтты эт комбинатын курууга Иранга берген. Бүгүнкү күндө Иран Кара-Балтадагы жерди иштетип жатат. Ал эми Кыргызстан деңизге чыгуучу, соода кылууга, экспорт, импорт иштерине шарт түзүүчү жерди максаттуу пайдалана албай жатат. Экс-элчи: «КМШ өлкөлөрүнүн бири да Бендер-Аббас портунан 11 гектар эмес, 1 гектар да жер ала алышкан эмес. Кыргызстан ЕАЭБге толук бойдон киргенден кийин Бендер-Аббастагы жерибизди дүйнөлүк рынокко чыгарып, бул уюмдун аймагында өндүрүлгөн товарларды Жакынкы Чыгыш аймагына экспорттоп, ал жактан да импорттоого мүмкүнчүлүк жаралууда»,- деген оюн билдирди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg