СЕЛСАЯКТАР ДЕЛЕ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТОСУШАТ

Мезгил үнү

Жаңы жыл – үй-бүлөлүк майрам. Баары Жаңы жылды жылуу тосууга камынып жатышат. Мындайда шаардагы таштанды терип жүргөн селсаяктар бул майрам менен таптакыр иши жоктой туюлат. “Чын эле ошондойбу? Дегеле селсаяктар үчүн майрам барбы? Болсо алар Жаңы жылды кантип тосушат?” деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

“АДВОКАТ УУЛУМ АЛЫП КЕТСЕ ДЕП ТИЛЕЙМ”
Алгач “Ош базары” тарапты көздөй сапар тарттык. Эмнегедир аялдамаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында суукта тоңуп, үч бүктөлө бүрүшүп уктап жаткан селсаяктар көрүнбөйт. Көрсө, аларга мамлекет тарабынан баш паанек берилиптир. Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүл дүкөндүн жанында бүжүрөп акча сурап отурган атаны (башкы сүрөттө) көрүп токтодук. Көздөрүнөн мончоктоп жаш куюла селсаякка айланган Пусурманкул ата тагдырын айтып берди.
– Кыздарым, мындан эки жыл мурун мен бирөөлөргө кайыр-садага берчү элем. Эми минтип көчөдө сандалып бирөөдөн кайыр сурап селсаяк аталдым. Өзгөндүн Куршабынан болом. Ата-энем ким экенин билбей, тоголок жетим болуп өстүм. Интернатта жакшы окугандыктан, директорубуз “окуу жайга тапшыр, мен жардам берем” деп колдогонунан Куршабдагы СПТУга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктагам. Биринчи аялымдан уулум бар. Учурда Ошто адвокат болуп иштейт. 1989-жылы туулган кызым бар. Угушумча, Омскиде иштеп жүрөт экен. Апасы кара-кулжалык болчу, турмуш экен, ажырашып кеткенбиз. Экинчи аялым эки балам менен 2007-жылы автокырсыктан каза болуп калышты. Аларды жерге берүүгө акча керек болуп, үйүмдү саттым. Бир жолу саткан үйүмдөн калган 17 миң сомум менен кетип баратсам, акчамды милиция кызматкерибиз деген балдар токмоктоп тоноп кетишти.
Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп күйүттөн ичип кеттим. Ичкилик мени ушул акыбалга алып келди... Ал эми менден башка селсаяктардын тагдырын Фучик багындагы үйүбүзгө барсаңар билесиңер.

БАШ ПААНЕКТЕРИ ФУЧИК СЕЙИЛ БАГЫНДА
Пусурманкул атанын айтканы боюнча селсаяктар түнөгөн жерди издеп жөнөдүк. Күүгүм кирип калган эле. Үлбүрөп араң жарык күйүп турган эски тамдын жанына барып эшигин кактык. Эшикти ачкан орус улутундагы киши өзүн Александр деп тааныштырып, бир чоң бөлмөгө бизди баштап кирди. Эми жагымсыз жытына киши дем алып болбойт. Кирдеген төшөк-жууркандарга оронуп жатканы да бар, тамекисин түтөтө үйлөп отурганы да бар.

“СУУК ТҮШКӨНҮ 6 СЕЛСАЯК КАЗА БОЛДУ”
– Бул жерде эки жылдан бери иштейм. Көпчүлүк “мындай жерде иштесең, чоң суммада айлык алсаң керек” деп сурашат. Буга ооба деп жооп берип коём. Чындыгында, андай эмес. Бир тыйын албайм. Анткени бир кезде кетирген катачылыгымды жууп иштеп жатам. Апам каза болуп, атам ичкиликке берилип, селсаяк болуп кеткенде атамды карабай койгом. Кийинчерээк эсиме келгенде аны издеп сураштырсам, суукка тоңуп каза болуптур. Ошондуктан күнөөмдү жууганга аракет кылып жүрөм.
Учурда бул жерде туруктуу жашоочулардын саны 25тен ашык. Аларга күнүнө эки маал тамак берилет. Алардан тышкары күнүгө саат 16:00дө 40тан ашык селсаяктар келип тамактанып кетишет. Бул жердегилердин баары кадимки эле адамдар. Арасында түрдүү тагдырга туш болуп, күйүткө чыдабай ичкиликке берилип өзүн токтото албай калгандар да кездешет. Кечээ жакында эле бир тургунубуздан айрылдык. Аты – Улан, 31 жашта эле. Суук түшкөндөн бери 6 селсаяк көз жумду. Ал эми ызгардуу кыш алдыда. Эми кыш оор болбосо экен деп тилеп жатабыз.
Жаңы жыл босогодо турат. Селсаяктар да катардагы адамдардай Жаңы жылды тосууну пландап, акча табуунун аракетинде жүрүшөт. Алардын кээ бирлери базарга барып акча табышса, кээ бирлери таштандыдан желим бөтөлкө чогултуп өткөрүп тыйын табышат. Биз да быйыл балаты кооздоп, шампан аттырып майрам кылалы дедик. А өздөрү болсо 50 сомдон топтошуп, дасторкон жасайбыз деп жатышат.
Ошентип, Александр өзүнүн баянын айтты.

“БАШЫМ АРАКТАН ЧЫКПАЙ КАЛДЫ”
Бирибиз ал жердеги жашоону сүрөткө тартып, экинчибиз алардын тагдырын сурап баштадык. Кур барбай ал жерге аздыр-көптүр тамак-аш да ала барган элек. Бир маалда жеңимден бирөө тартат. Карасам, көзү-башы жарылган жаш келин. “Сиңдим, тиги нандан берип койчу” дейт. Өзүн Индира деп тааныштырган келиндин колунда алтын шакектер тизилген. Ал күйөөсү каза болуп, үч баласын бага албай Бишкекке келиптир. Соода-сатыкта иштеп жүрүп банкрот болуп, ичип кеткенин айтып буларды кошумчалады. “Бул жерге кандай келип калганымды билбейм, эртең менен ойгонсом эле аракечтердин арасында жатыптырмын. Ошол болду, эки айдан бери башым арактан чыкпай, өзүм ушул жерде күн кечирүүдөмүн. Балдарым апамда калган эле сагындым, алар менин көчөдө калганымды билишпейт. Жаңы жылды алар менен тоссом деп тилеп, эртең кеткенге камынып жатам. Сүрөткө тартпай эле койгулачы. Апамдын жүрөгү оорулуу”,- деп көз жашын төктү.

Мына окурман, “башымда жамак калпагым, бутумда жыртык байпагым, чөксө да менин кабагым, каткан нан менин тамагым” деген экен бир селсаяк. Кандай жардам берерибизди билбей, Жаңы жылы менен куттуктап, кайтып кете бердик.

Бурул Исмаилова, Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ИЧИМДИКСИЗ ТОССО БОЛОБУ?

Жылдыз,
30 жашта, тигүүчү:
– Жаңы жыл майрамын гана эмес, бардык майрамдарды деле ичимдиксиз тоссо болот. Мисалы, кээ бирлери ичимдиксиз эле шатыра-шатман той берип, майрам тосушат. Ичимдиктин ден соолукка, коомго терс таасири көп. Ага карабай ичимдиктердин жарнагы толтура. Өкмөт ушуну эске алып, чара көрсө.

Анарбай,
18 жашта, студент:
– Мен деги эле ичкилик дегенди жаман көрөм. Ичкиликтин айынан кээ бирөөлөр көчөдө калса, дагы бирөөлөрү кылмышка барып жатышат. Алардын арасында майрамдарда уурттап-татып жүрүп, акырында ичкиликке берилип кеткендер бар. Менин оюма койсо, ичкиликке таптакыр эле чектөө коймокмун.

Лилия,
36 жашта, мугалим:
Негизи, ичкиликсиз деле тоссо болот. Бул ар бир адамдын өз эрки. Бирок майрамдарды ичимдиксиз элестетүү кыйын. Мен бул жылы жаңы жылдык дасторконго ичимдик койбойм деп чечтим. Себеби жолборс жылын ичимдиксиз тоссо, кирешелүү болорун жылдыз төлгөдөн окугам.

Абдужалил,
39 жашта, мугалим:
– Майрамдык маанайды ичимдиксиз деле көтөрсө болот. Сөзсүз эле шампан аттырыш шарт эмес да. Кыргыздын бозо, кымыз, шоро, чалап деген сонун улуттук суусундуктары бар. Мына булар менен деле тост айтып, өзүбүздү тарбиялаганга эмнеге болбосун?! Ичкен күндүн эртеси башты оорутпай, ден соолукка да пайдалуу болмок.

Зафура,
45 жашта, үй кожойкеси:
– “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” деген сөз бекеринен чыккан эмес. Анткени ичимдиксиз Жаңы жыл тосуу мүмкүн эместей. Бул каныбызга сиңип калган нерсе. Башкалары коюлбаса да дасторконго сөзсүз шампан коюлат. Учурда ичкиликке берилгендердин саны көп болгондуктан, ичкиликти сатуу жаатында чектөө киргизилсе.

Кубат,
20 жашта, дизайнер:
– Жаңы жылды ким менен тоссоң ошого байланыштуу болот. Мисалы, мен эгер досторум менен тоссом, ичимдик сөзсүз ичилет. Канча ичпейм десең деле азгырылып кетесиң. Ал эми ата-энеңдин жанында болсоң, албетте, ичимдиксиз тососуң да. Бирок ичимдиктин пайдасынан зыяны көп.

Зарина,
24 жашта, юрист:
– Албетте, тоссо болот. Бирок бизде ичкиликсиз майрам, той-аштар өтпөйт эмеспи. Өзгөчө Жаңы жыл майрамы. Менимче, ичкиликти чеги менен ичсе, көп деле зыян болбосо керек. Бирок элдин арасында ичкилик ичкендер көбөйүүдө. Бул жагы баарыбызды ойлондура турган маселе.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Robingud
2010-01-08 19:12:27
Bizdin kanybyzda bar nerse dep,Taryhta ka4an KIRGIZ arakty uwintip mayram sayin,kun sayin i4ip jatti.Aty o4kur orustar kelgenden bawtaldy go.i4kiliktin takyr paydasy jok.1)kunoo,2)den-soolukka ziyan,3)ak4an kop bolup,awik4alik kilip jatsa,ko4odo kayir suragandarga berip koyson soop ta bolot
0
chopa_07
2010-01-09 04:57:24
Robingud : Tuura aitasyn, bizge Orusdar uirotup ketken. Ichkenderdin biroosuno paidaluu boldu degenin degele uga elekmin, ichimdik siz ele jashasa kyrgyz elim! Iman bersin Inshallah!
0
areneV
2010-01-11 04:03:07
Robingud:..ak4asyn ko4odogu kayir suragandarga berse,alar sossuz arak alyp i4et da....ehhhh
0
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан