КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫ, «АК НИЕТ» ПАРТИЯСЫНЫН ЛИДЕРИ ДАСТАН БЕКЕШЕВДИН БИЛДИРҮҮСҮ

Кымбаттуу жарандар!
2010-жылы мен «Ар-намыс» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландым. Партия парламенттин курамына кирерине, ошону менен бирге 25 депутаттык мандатка ээ болоруна саналуулар гана ишенишкен. Бирок жүз миңдеген адамдар «Ар-намыска» ишеништи жана тандашты. Мен бул үчүн аларга терең ыраазымын.
Партия көптөгөн маселелерди койгон, менин оюмча, биздин программа мыктылардын бири болгон. Бирок парламентке келген соң биз жеңишти өз колубузда кармай алган жокпуз. Көп убадалар аткарылбай, 2012-жылы жергиликтүү шайлоолордо «Ар-намыс» утулууга дуушар болду. Ага объективдүү да, субъективдүү да себептер таасир этти.
Жогорку Кеңеште дуушар болгон кыйынчылыктарга карабастан, "ар-намысчы" депутаттар активдүү депутаттардын катарын толуктап келишет. Алар тарабынан мамлекетке керектүү жана пайдалуу мыйзам долбоорлору демилгеленген. Алардын ишмердүүлүгүнө акыркы бааны эл, шайлоочулар өзүлөрү бериши керек.
Өзүм жөнүндө айтсам, парламентке келгени мен саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы абалды жакшыртуу, майып адамдардын жана жетим балдардын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, салык салууну оптималдаштыруу жана башка демилгелерди ишке ашырдым. Менин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүм 2010-жылы бизге ишенич көрсөткөн «Ар-намыс» партиясынын шайлоочулары аркылуу мүмкүн болду.
Депутаттык ишмердүүлүгүм убагында бардык ой-пикирим «Ар-намыстын» лидеринин көз караштары менен дал келген жок. Ошол себептен 2014-жылы жаш жана прогрессивдүү жарандар менен бирге «Ак ниет» саясий партиясын түздүк. Прогрессивдүү жарандарды бириктирүү, демократиялык идеяларды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү ачыктык жана отчёттуулукту камсыз кылуу, эл агартуу жана билимдүүлүктүн идеологиясын пропагандалоо – биздин партиянын максаттары болуп саналат.
«Ак ниет» жаш партия экендигин, ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекетти өнүктүрүүдөгү оң натыйжалуу иш-аракеттерин эске алуу менен «Ак ниет» партиясы парламенттик шайлоого Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) менен бирге баруу тууралуу чечим кабыл алды.
Президент Атамбаев, өзүнүн тегерегине жаш жана прогрессивдүү адамдарды топтоого ниеттенүүдө, биз ага жардам берүүбүз керек. Биз, «Ак ниет» партиясынын мүчөлөрү, президенттин башкаруусу менен КСДП партиясы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты кызматына татыктуу болгон, бирдиктүү жана күчтүү команданы сунуштаарына ишенебиз.
Ошол себептен бардык мени колдогон, мага ишенген жана көз караштарымды тең бөлүшкөн адамдарды келе жаткан парламенттик шайлоодо КСДП саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлерин колдоого чакырам.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
hairullo
2015-07-14 15:01:07
Башында ойлонуш керек эле, Кулов бечара эми эмне кылат?
0
ertur
2015-07-16 10:59:25
агитацияны туптуз ачык формасында баштаптырго, мындай агитацияга мыйзам жол берилбесин депутат мырза билбейби жэ БШК мындайды козго илбейби
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан