«ФОРСАЖ 7». ПОЛ УОКЕРДИН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛАТ

Жанры – Криминал, триллер, боевик
Режиссёру – Жеймс Ван
Продюсери – Нил Х. Мориц, Вин Дизель
Сценарийдин автору – Крис Морган
Башкы ролдордо – Вин Дизель, Пол Уокер, Жейсон Стэтхэм, Мишель Родригес, Дуэйн Жонсон
Оператору – Стивен Ф. Уиндон
Узактыгы – 137 мүнөт
Бюджети – 190 миллион доллар
Чогултулган каражат – 1,5 миллиарддан ашуун
Тарткан мамлекет – АКШ
Чыккан жылы – 2015-жыл

Бул тайпа Токио, Рио-де-Жанейро, Лос-Анжелес жана Лондонду багынтышкан. Үй-бүлө үчүн күрөшүүгө кезек келди. Бул салгылашуудан ким жеңип чыгат? Чөлдөгү күндүн жон куйкалаган ысыгы, көк тиреген көп кабаттуу үйлөр, чеги жок ылдамдык, каармандардын салгылашуусу, жардыруулар, үй-бүлө, сүйүү, кыскасы, чыныгы эркектин блокбастери «Форсаж 7» тасмасы тууралуу кеп болсун.

ИНИСИ ҮЧҮН АГАСЫ ӨЧ АЛАТ
Күйөрмандардын эсине сала кетсек, "Форсаж 7" тасмасы "Форсаждын" 6-бөлүмүнүн уландысы. Оуэн Шоунун кылмыштуу тобун жеңген соң Доминик Торетто (Вин Дизель), Брайан О’Коннер (Пол Уокер) жана алардын командасынын мүчөлөрү амнистияга кабылып, АКШда жашоого укук берилет. Жаңыдан ата болгон Брайан үй-бүлөлүк жашоого көнүүгө аракет кылса, Торетто сүйүктүүсү Леттинин (Мишель Родригес) эс-тутумун калыбына келтирүүгө киришет. Бул убакта Декард Шоу (Жейсон Стэтхэм) Лондондогу ооруканалардын биринде Доминиктин командасы менен салгылашуудан кийин комада жаткан иниси Оуэнди көрүүгө келет. Кыжыры кайнаган Декард иниси үчүн ырайымсыз өч алууга ант берип, Доминик менен Брайандын үйлөрүнө жардыргыч (бомба) салынган коробка жөнөтөт. Андан аман калган каармандарга Америка өкмөтүнүн сырдуу агенти (Курт Рассел) Доминикке Декардды табуу келишимин сунуштайт. Эгер алар чет өлкөлүктөр тарабынан уурдалган суперхакерди жана бардык компьютердик торду буза алчу күчкө ээ программаны Америкага алып келишсе, бийлик Шоуну табууга көмөк көрсөтөт. Көңүлсүз макул болушкан Доминик, Брайан, Роман (Тайриз Гибсон), Тедж (Крис Бриджес) жана Летти алгач Азербайжанга, кийин Абу-Дабиге сапар тартышат. Хакер Рамзини куткарып чыгышып, Декардды кармоого амалдуу план түзүп, Шоуну түрмөгө түшүрүшөт.

БАШКЫ БУЗУКУНУН РОЛУНДА ЖЕЙСОН СТЭТХЭМ
2011-жылы «Форсаж 5» жарыкка чыкканда, тасманын режиссёру Жастин Лин менен сценарийдин автору Крис Моргандын «2020-жылга чейин ар 2 жыл аралыгында аталган киносериалдын бирден бөлүгүн көрөрмандарга тартуулайбыз» деп айткан кеби бар. Бирок көп убакыт өтпөй режиссёрдук пультту Жеймс Ван башкарары маалым болсо, башкы терс каармандын ролу
«Форсаж 6» фильминин аягында пайда болгон Жейсон Стэтхэмге буюрган. Ал эми Вин Дизель, Пол Уокер, Дуэйн Жонсон баштаган тасманын 6-бөлүгүнүн алдыңкы актёрлору өздөрүнүн образында. Алардын негизги максаты – терс каарманды колго түшүрүү, адилеттик үчүн күрөшүү.

ПОЛ УОКЕРДИН ТАРТЫЛБАЙ КАЛГАН СЦЕНАЛАРЫН БИР ТУУГАН ИНИЛЕРИ АТКАРГАН
Алгач тартуу иштери 2013-жылдын башында Лос-Анжелесте башталып, кийин Токиодо уланмак. Бирок киносериалдын жаратуучуларын күтүүсүз окуя күтүп турган эле. Тасманын негизги каармандарынын бири Брайан О'Коннердин ролундагы Пол Уокер 2013-жылы 30-ноябрда Санта-Кларитада жол кырсыгына кабылып каза табат. Ал жерге актёр Филиппиндеги тайфун бороонунан жабыр тарткандарга каражат чогултууга багытталган автошоуго катышууга барган болчу. Бул трагедиядан соң "Universal" кинокомпаниясы тасманы тартуу иштерин бир канча убакытка токтотушкан. Тыныгуу учурунда кинематографисттер лентанын сценарийин жаңыдан жазып чыгып, 2014-жылы 1-апрелде тасманы тартуу кайрадан жанданган.
2014-жылдын январь айында фильмдин жаратуучулары «Уокердин персонажы тасмада каза болбойт, ал болгону «пенсияга кетет» деп билдиришкен. Ал эми март айында Пол тартылбай калган эпизоддор компьютердик графика менен жасалып, дублёрдун жардамы менен тартылары маалым болгон. Ал эми апрелде ошол дублёрлор Уокердин бир туугандары Калеб менен Коди экени айтылды. Көрөрмандар үчүн тасманын кайсы жеринен тартып Пол өзү ойнобой, дублёр менен алмаштырылганы баарынан кызык болду. Кинотеатрга кирген ар бир адамдын оозунан бул суроону угууга мүмкүн эле. Демек, кино жаратуучулар өз жумушун мыкты аткарышкан деген тыянакка келет экенсиң. Дегеле "Форсаж 7" толугу менен Полдун жаркын элесин чагылдыруу үчүн жаратылып, актёрго арналганын тасманы тартуучулар айтышат.

ТАСМАГА 350 УНАА КОЛДОНУЛГАН
Тасма прокатка чыккандын 17-күнү эле 1,5 миллиарддан ашуун киреше таап, 2015-жылдын киреше көп тапкан тасмасы жана кино тарыхындагы кирешелүү тасмалардын катарында 4-орунду ээлеген.
Ага баш-аягы 350 унаа колдонулуп, Доминик тик учакка жардыруучу зат илген жерин тартуу үчүн 34 унаа пайдаланылган. Тасманы тартуу учурунда жалпысынан 200 темир тулпар жарактан чыгып, айдамак турсун унаа кейпи да калбаптыр. Бирок тасмадан түшкөн киреше чыгашадан көп эсе ашып түштү өңдөнөт.

Пол чыныгы жашоосунда болбосо да тасмада үй-бүлөлүү болот.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
tea23
2015-07-13 12:23:12
Красавчик болчу да..
+1
Decmond
2015-07-13 13:27:02
Соонун актерлор, соонун кино
0
Abdurahman
2015-07-13 14:18:17
Мусулман эместер жаннатка кирбейт
-5
messidinho
2015-07-13 17:01:14
Abdurahman,ушул созун учун сенда киришин кыйындап калгандай...
+7
Abdurahman
2015-07-16 09:21:27
messidinho,Кимдин бейишке киришин Аллах билет бирок каапырлар анык кирбейт бейишке,каапыр болуп отуп кетиштен Кудай озу сактасын,мен именно Пол жонундо эмес жалпы адамзат тууралуу айтып жатам,аны ар ким денгээлине жараша ар кандай кабыл алат.
0
EdikoKG
2015-07-13 16:13:59
Мыкты тасма.
0
doni89
2015-07-13 18:55:38
Соонун тартылган кино театырда көрсоң укмуштуудай болот чооң екранда эми фарсаж 8 диида тартса жакшы болмок.
0
Shakarap
2015-07-13 21:49:29
Мыкты кино!
0
newman
2015-07-13 22:13:34
ошон учун кыргыздар тукум калтырууга кызыкдар.
0
chomly88
2015-07-14 10:31:44
Оозу бузук болсо мусульмандар деле кирбейт калат жаннатка.
+1
dastan_nookat
2015-07-15 09:43:53
Menin suiuktu tasmam !
0
hayley
2015-07-17 20:41:24
Дуйнодогу эн кассавый тасмалардын арасынан 4 орунда турат. Бул фильмди Пол учун гана корчумунда (((
0
dastan_nookat
2015-07-18 16:39:49
Форсаж 8 ди кутобуз эми 2017 жыл чыгат экен!
0
ayima_a
2015-07-18 17:35:40
эн мыкты актерлор ойногон эн соонун тасма
0
Kubalai
2015-07-18 22:25:03
Мен жактырган актер Стетхем терс рольду ойношу окундурот
+2
FCMUKG
2015-07-19 02:43:59
Ушул эле актёрлор башка тасма жаратышса мыкты болмок
0
aijan
2015-07-19 23:21:07
Мишель Родригездей унааны башкара билсем бир кыялым орундалмак.
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан