Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге «Мелис Мырзакматовду Бакиевдин куйругу дебедиңиз беле? Эми эмнеге кошулуп жатасыздар?»- деп КТРКнын кабарчысы суроо берди. Ага жооп берип жатып Текебаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго салам жолдоду. Ал:
– Биринчиден, мен Мырзакматов жөнүндө эч убакта эч кандай массалык маалымат каражаттарына мындай сөздү айткан эмесмин. «Улуттар биримдиги» бизди колдоого алуу чечиминде дал ушул жагдайга көңүл бөлдү. Булар бир позициясында турушат, сатылып кетпейт экен дешти. Ошондуктан сиздин "Бакиевдин куйруктары" деп айтканыңыз өзүңүздүн жаңылыш оюңуз болсо керек. Сиз Коомдук каналдын өкүлүсүз, сурооңуз журналист катары ошол тараптын эмне максатта иштеп жатканын билдирет. Жетекчиңиздер Илим Карыпбеков Максим Бакиев менен ЦАРИИ деген мекемеде чогуу иштешкен. Ошон үчүн менден Карыпбековго салам айтып барыңыз жана мага берген суроону ошол кишиге бериңиз. Силер Бакиевдин куйруктарын «Ата Мекенден» эмес, башка жактан издегиле,- деди
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg