Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында дагы бир ирет коалиция урап, кайрадан өкмөт отставкага кетип, кайрадан министрлер кабинети курала турган абал өкүм сүрүүдө. Кептин баары «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин фракциянын 5 жыл аралыгында жасаган иштери тууралуу маалымат жыйын өткөрүүсүнөн башталды. Журналисттер менен суроо-жооп алышууда башкы «ата мекенчи» КСДП фракциясына, бүгүнкү бийликке карата сын-пикирлерди айтты. Суроолорго жооп берип жатып Өмүрбек Текебаев: «Партиялар клондолуп жатат. Алар КСДПнын батасын алып жатышат. Алардын түзүлүшүнө КСДП өзү макулдук берген»- деди. Ага жооп иретинде КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков: "КСДП менен бир коалицияда туруп өзүнүн стратегиялык өнөктөшүн жана союздашын айыптоону, эң жумшак айтканда, адилеттүүлүк эмес деп эсептейм",- деп билдирди. КСДПнын лидеринин билдиришинче, президенттин саясатын колдогону үчүн партияны айыптоо туура эмес. "Мамлекет башчысы элдин үмүтүн актап, жооптуу саясатчылар муну моюнга алып жатышат. Анын жүргүзүп жаткан саясатын колдоо – эптеп парламентке келүү үчүн өзүнө ыңгайлуу болгондор менен кызматташууга даярдыгын жарыялоого салыштырмалуу адилеттүү позиция",- дейт Турсунбеков. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевге оппозицияда жүргөндө козголгон мурунку кылмыш ишин экс-мэр Мелис Мырзакматовго козголгон кылмыш ишине салыштыруу мүмкүн эместигин кошумчалады. "Акаев менен Бакиев убагында канчалык аракет кылышпасын, Алмазбек Шаршеновичти кылмыш жоопкерчилигине тарта албаганын Өмүрбек мырза абдан жакшы билет. Ал Жогорку Кеңеште оппозициялык фракция жок деп эсептесе, анда "Ата Мекен" коалициялык көпчүлүктөн чыгышы керек",- деди КСДПнын лидери.
Шайлоого Мелис Мырзакматов менен чогуу бармакчы болгон "Ата-Мекен" бул иш үчүн коалициядан чыгабы деген божомолдор учурда активдүү сөз болууда.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg