БИР БҮРКҮМ

  • 2015-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча эмгек мигранттары которгон акчанын көлөмү былтыркы жылдын ушул эле маалындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 33 пайызга аз болду.
  • Өлкө ичинде 278 күрөөкана бар, анын үчтөн бир бөлүгү Бишкекте жайгашкан.
  • Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 7-июль күнү биометрикалык маалыматын тапшырды.
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жайкы мезгил аяктаганга чейин саат 9:00дөн 20:00гө дейре жүк ташуучу унаалардын жолдо жүрүүсүнө чектөө киргизди. Бул аба температурасынын жогору болуп жаткандыгына байланыштуу жана чектөө 28°Сден жогору болгондо күчүндө болот.
  • Кыргызстанда интимдик мүнөздөгү маалыматты камтыган интернет-ресурстарына, анын ичинде порносайттарга да кирүү мүмкүнчүлүгүнө тыюу салынды.
  • Өлкө ичинде жубайлардын 62 пайызы окшош жогорку билимге ээ, үй-бүлөлөрдүн 64 пайызында күйөө көбүрөөк акча тапса, ар бир онунчу үй-бүлөдө аялдар жолдошунан көбүрөөк акча табат. Мындай сурамжылоонун жыйынтыгын БУУнун фонду жарыялады.
  • «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиясынын акыркы тирөөчүнүн пайдубалына бетон куюу иштери 8-июль күнү аягына чыкты.
  • Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов парламенттик шайлоону 1-ноябрга дайындоону өтүнүп президент Алмазбек Атамбаевге кат жиберди.
  • 6-июлда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу чыгып, тажик тараптан бир жаран каза тапты. Окуя Кыргызстандын аймагында, шарттуу түрдө сызылган чек арадан 80 метр ичкери жакта болгон.

 

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан