Жол-кайгуул кызматкерлерине карата карапайым калктын нааразычылыгы күч экени жашыруун эмес. «Жол жээгиндеги бактарга жашынганды жакшы көргөн ала таякчандар» өткөн аптада дагы бир чуулгандуу окуянын башкы каарманына айланышты.
АЛА ТАЯКЧАНДАРДЫН АША ЧАПКАНДАРЫ
Эки жыл мурунку Жол-кайгуул кызматкерлерин дүрбөлөңгө салган аттестация элдин эсинде. Өлкө боюнча аттестациядан өткөн МАИчилердин дээрлик 30-40 пайызы «өз жумушун билбеген» болуп чыккан. Аттестациядан өтүп жаткандардын арасында Өзбек ажы Чотоновду Өзбекстандын, Жантөрө Сатыбалдиевди Кыргызстандын «ажосу» кылгандарды да көргөнбүз. Так ушул тааныш-билиш же пара берип ишке орношкондордун айынан жол эрежесин бузгандардан жең ичинен акча сурагандар, «крышасына» таянып Чодронова сыяктуу чоң сүйлөгөндөр көбөйүп, Жол-кайгуул кызматкерлеринин ишмердигине ишеним сууду. Мисалы, жакында эле 11-июнь түнү Чүй облусуна караштуу Беловодск айыл аймагынан Жол-кайгуул кызматкери 23 жаштагы Тилек Шабаев аттуу жигитке ок чыгарып, ал каза болуп калганын гезит бетине жазган элек.
«5 МИҢ СОМ БЕР ДА, КЕТЕ БЕР»
Көп узабай интернет айдыңында дагы бир чуулгандуу видео пайда болду. 28-июнда түнкү саат 3тө борбор калаадан МАИчилер "эч бир документим жок" деген айдоочудан 5 миң сом талап кылышкан. Анан айдоочу тиешелүү документтерин көрсөткөндө, МАИчилердин жанында турган жарандык кийимчен 2 жигит айдоочуну жана анын жанындагыларды ашата сөгүп, анысы аз келгенсип алар ак түстөгү Мерседес унаасы менен айдоочулардын машинасын артынан кууп жетип, унаанын номурларын чечип алышкан. Ачыгын айтыш керек, МАИчилердин «канатына калкаланган» 2 жарандын өздүгүн тактоодо милиция кызматкерлерине караганда видеонун авторлору натыйжалуу болуп чыкты. "Баатырлардын" бири Адилет Жунусов, экинчиси Азирет Арызов экендиги аныкталды. Интернет колдонуучулар Адилет Жунусовго «Дрыщ» (ред. тыржыйган адам) деген каймана ат ыйгарып, ал интернетте изделип жылдызга айланды. Азыркы тапта милиция кызматкерлери аны издемиш этүүдө. Азирет Арызов болсо кармалып, үй камагына чыгарылган. Ал эми издөөдө жүргөн В7007Х номер Мерседесте эмес, Тойота Ист унаасында тагылып турган сүрөт таркап кетти. Баарынан да коомчулукту «күйдүргөнү» Жеңиш Чокморов менен Урмат Белеков аттуу 2 МАИчиге жетекчилери сөгүш гана жарыялаганы болду.
Таң калычтуусу, 5 миң сом берсе МАИчилер айдоочунун автоунаага тиешелүү жана аты-жөнүн аныктаган документтер жок болсо деле коё берип жиберишмек. Мындан мурун кылмышкерлер таксисттердин колу-бутун байлап же өлүгүн салып бара жатышканда кармалышкан учурлар бир нече ирет катталган. Ал эми МАИчилерге, мүмкүн, унаада кылмышкерлер отургандыр деген ой келбеген өңдүү.
«КЕЧИРИМ СУРАП ЖАТЫШАТ»
Окуя тууралуу видеонун автору, коомдук активист БОЛОТ ИБРАГИМОВ айтып берди:
– 2007-жылдан бери рулдамын. Чынын айтсам, МАИ кызматкерлеринен чарчадым. Пара талап кылган же орой мамиле жасаган учурлары көп кездешет. Республикалык же шаардык Жол-кайгуул кызматына барып кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазсаң, «ооба, карайбыз» же «сен өзүң күнөөлүүсүң» деп коёт, болду. Сенин ишиңди эч кимиси карабайт. Акыры МАИчилердин былыктарын видеого тартып алып интернетке жүктөп, элге уяткарууну чечкем. Видеолор интернетке чыккан сайын МАИ кызматкери пара алгандан бир аз болсо да коркот деп ойлойм. Бизге ошол түнү саат 2лер чамасында тааныштарыбыз «Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде 2 МАИчи жана жарандык кийимчен 2 жаш жигит айдоочуларды токтотуп, документтерин көрсөтпөстөн унааларды тинтип жатышат» деп айтышты. Биз алар кимдер экенин билели деп атайын даярданып барып бардыгын видеого тартып калдык. Биздин айдоочу «документ жок» десе, МАИчилердин бири Азирет Арызовдун унаасында отуруп 5 миң сом сурады. Анан айдоочу документин көрсөтүп, биз окуяны видеого тартып алганыбызды билишкен соң Адилет Жунусов келип, бизди сөгүп, конфликт жараткысы келди. Бирок биз ага жол берген жокпуз. Унаага түшүп кетип баратканыбызда ал артыбыздан кууп келип номерлерибизди чечип алды. Алар кууп жүргөндө биз Бишкек ШИИББине жана 102 кызматына чалып, тилекке каршы, эч кандай жардам ала алган жокпуз.
Видео интернетке жүктөлгөн соң деле милиция кызматкерлери МАИчилердин жардамчыларын издешкен жок. Алардын аты-жөнү ким экенин алгач биз таптык. Бул окуя тууралуу Октябрь РИИБине арыз жазгам. Азыркы тапта Адилет Жунусовдун туугандары машинанын номурун кайтарып беришти. Бизден Адилет видео аркылуу кечирим сурады, бирок муну менен бул иш бүтпөйт. Эгерде жанында Азирет Арызов да болуп, экөө болгон чындыкты айтып, анан кечирим сурашса, кечирмекмин. Менин оюмча, МАИ кызматкерлерине штаттан тышкаркы жардамчылардын кереги жок. Эгер бир нерсе болсо 2 жаш баланын колунан эмне келмек эле?
«ИШТИ ПРОКУРАТУРА КАРАП ЖАТАТ»
Ал эми бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин жетекчиси КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жогорудагы 2 кызматкер иликтөө иштери аяктагыча убактылуу кызматтарынан четтетилишти. Бул видео интернетке тараган күнү эле факт боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө ишти шаардык прокуратура тергеп жатат. Окуяга катышкан 2 кызматкер мыйзамдуу түрдө кандай жаза алышары тергөө соңунда гана аныкталат. Штаттан тышкаркы жардамчылардын бири Азирет Арызов кармалган. Ал эми Адилет Жунусов изделүүдө. Жакынкы күндөрдө ал да колго түшүрүлөт.
«БАРДЫК МАИЧилер ПАРАКОР ЭМЕС»
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, Жол-кайгуул кызматкерлерине штаттан тышкары жардамчылар керек жана алардын МАИчилерге жардам көрсөткөн учурлары көп. Штаттан тышкаркы кызматкерлерге мыйзам чегинде күбөлүк берилет. Ал эми ички иштер министринин орун басары РЫСКУЛ ЖАПАРКУЛОВ буларга токтолду:
– Жыл башынан бери Жол кайгуул кызматкери мыйзам бузган 262 факт катталган. Бардык эле МАИчилерди паракор, мыйзам бузуучулар дегенден алыс болушубуз керек. Таза иштеп үй-бүлөсүн айлык акысы менен багып жүргөндөр бар. 2 ай мурун мас абалдагы айдоочуну токтотууга аракет жасаган 2 жол-кайгуул кызматкерин унаа коюп кеткен. Бирөөсү бир бутунан ажыраган, экинчисинин абалы өтө начар. Жакында эле Токмок шаарында мас абалдагы айдоочу МАИ кызматкеринин моюнуна бычак сайып жиберди. Эмне үчүн буга окшогон фактылар коомдо резонанс жаратпайт?..
Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Нурлан Тагаев бул иш боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын, юридикалык баа тергөө аяктаган соң берилерин айтты. Анын маалыматы боюнча жогорудагы 2 МАИ кызматкери "кызматтык абалынан аша чабуу" беренеси менен айыпталып жатат.
Азат Иманалиев, 31 жашта:
– Унаа айдаганыма көп жыл болду. МАИ кызматкерлери себепсиз да, себептүү да токтоткон учурлар кездешет. Машинамда видеорегистратор коюлган. Жөн жерден токтотуп, акча алуунун жолун издей баштаса, видеону артка түрдүрүп өз укугумду коргойм.
Захида Касымбекова, 48 жашта:
– 2 жылдан бери унаа айдайм. МАИчилер бейчеки токтотушпайт. Көбүнчө өзүм эреже бузуп алганда тосушат. Кечирим сурасам, кээ бир МАИчилер макул деп коё беришет, кээ бирөөсү айып пул төлөтүшөт.
Эржан Осмонов, 27 жашта:
– 4 жылдан бери рулдамын. МАИчилер себепсиз тосушпайт деле, эрежени бузсаң гана токтотушат. Өзүм жол эрежелерин жакшы билгендиктен, күнөөмдү билип мыйзам чегинде айып пул төлөйм. Эгер жөн жерден токтотушса, таламымды талашмакмын.
Жылдыз Тутуева, 36 жашта:
– Айдоочулук күбөлүктү окуп алгам, анын үстүнө 8 жылдык тажрыйбам бар. Ошондуктан укугумду коргой алам. МАИчилер кээде себепсиз тосуп калган учурлар болот. Бирок мени таанып калышса, көп кармабастан коё беришет.
Санжар Абдыжапаров, 26 жашта:
– 3 жылдан бери унаа айдайм. Башында МАИчилер жөнү жок жерден эле токтото беришчү. Ал кезде өзүм да эрежени жакшы билбегендиктен, көпчүлүк учурда пара берип кутулуп кетчүмүн. Азыр өз укугумду жакшы билем, МАИчилер да мурункудай себепсиз токтотпой калышты.
Гүлнара Идирисова, 23 жашта:
– 2 жылдан бери унаа айдайм. Бирок МАИчилер негизсиз токтотуша элек. Эгер жөн жерден токтотсо, укугумду коргой алам. Ошондуктан мыйзамды, өз укугуңду, жол эрежесин билишиң керек.
Бактияр Токторов, 45 жашта:
– Унаа айдоодо 23 жылдык тажрыйбам бар. МАИчилер бир жерде кырсык болсо эле токтотушпаса, мындай учурларда себепсиз тосушпайт. Жол эрежесин бузган учурда гана токтотушат.