Жаш болгондоруна карабай мекенибиздин ысымын чет өлкөлөрдө таанытып келе жаткан эки ырчыдан жагымдуу жаңылык. Кеп Айыма Айылчиева менен Аяна Касымованын жаңы жарык көргөн чыгармасы тууралуу болууда. Бул жаш таланттардын чыгармачылыгына көз салып, суктанып, "экөө чогуу ырдап чыкса кандай болор эле" деп күтүп жүргөн күйөрмандарынын ою оңунан чыкты. Алар кыргыз аттуунун баары сүйгөн Жолдубай
Кайыпов менен Турар Кожомбердиевдин "Атам менен энеме" деген ырын жаңылап ырдап чыгышты. Ошондой эле аталган ырга клип тартууга да жетишишкен. "Буга чейин айрымдар Айыма экөөбүздүн ортобузга от жагуу үчүн ар кандай ушактарды чыгарышкан эле. Бул кадамыбыз менен экөөбүз вокалдан бир мугалимден сабак алып, жакшы мамиледе экенибизди далилдегибиз келди",- дейт Аяна.
Клип интернетке жүктөлөрү менен кызуу талкууга алынып, кыздарды мактаган комментарийлер саат санап көбөйүүдө.