«ПАТРИОТТОР» ДАГЫ БИР КЫЗДЫ КОРДОДУ
Интернет айдыңына жылаңачталып, өзүнүн мекендештери тарабынан сабалып, кордоого алынган кыргыз кызы тууралуу видеотасма тарады. Окуя Орусиянын аймагында болгону видеонун жүрүшүндө байкалат. Муну Ички иштер министрлиги да маалымдады. «19 жаштамын, Баткен облусунан болом» деген кызды кыргызча сүйлөгөн бир нече жигит уруп-согуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп суракка алышкан. «Эмнеге бөлөк улуттун эркектери менен жүрөсүң?!» Негизги суроо ушул. Бир кызды 4-5 эңгезердей жигиттин токмоктогону абийирдин чегинде алганда – алсыздык, мыйзамдын чегинде – кылмыш.
Көпчүлүктүн айтымында, мындай топтор өздөрүн «патриоттор» деп атап алышкан. «Кайсы арына?» деген суроо келип чыгат. Мындай окуя биринчи кайталанып жаткан жок. Бирок ИИМ буга чейинки окуялар боюнча күнөөлүүлөрдү таап, тиешелүү жаза алууга жеткирген жок. Тескерисинче. «Мындай видеону Кыргызстандын аймагында интернетке ким таратып, ким бөлүшүп жатат? Бул видео эки улутту араздаштырууга жол салат...» Кыргызстандын укук коргоо органдарын маселенин ушул жагы гана кызыктырат өңдүү. Анткени ал видеодо жигиттер кызды "өзбек балдар менен жүрөсүң" деп күнөөлөшүүдө. Адамдар динине, терисинин түсүнө, тилине, улутуна карата жиктелбеши, кемсинтилбеши керектиги, ар бир адам каалаган жагына барууга, түгөй, кесип жана башка ушул сыяктууларды тандоодо эркин экендигин бул сыяктуу псевдопатриотторго жеткирүүгө укук коргоо органдары чабалдык кылууда. Андан ары ал кызды зордукташтыбы, өлтүрүштүбү, балким, акыл-эсинен адаштырып майып кылып салыштыбы, белгисиз. Бардык нерсе мыйзам чегинде болуусу керек. Кыргыз коомчулугунда, айрыкча Орусияда жашап-иштеп жүргөн мекендештерибизде ушундайда «патриотторго» чыныгы жигитчилик тарбия сабактарын өтүп коё турган чыныгы патриоттор керек болуп турат.
Бирок, тилекке каршы, бул "патриотторду" коргоп, аларды колдогондор да жок эмес. Интернетте бул окуя боюнча талкуу жаралганда "кыргыз кыздар жеңил ойлуулугунун айынан бөлөк улуттардын алдында кыргыздардын намысын түшүргөнү үчүн ушундай жаза алып жатышат" деген ойду кармангандар да чыкты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (68)
урган патриот эмес болушкан жан тарткан патриот. каяктагы жиндилигин корсоткон тартиби жок бейбаштар.
Жакшы иш болбоптур. No comment
Менин бир туз жургон эле курбум эрте менен жумушуна баратса, метрого киреерде 3-4 жапжаш бирок мас жигиттер жолун тосуп акча суращыптыр. Туну менен клубта ичип бийлеп, тан заарда сокур тыйыны жок турушкан экен. Ашыкча акчам жок эле десе хотябы сигарет алып бер и метрого проезд сатып бер деп копол тилде талап кылышыптыр. Кыжыры келген курбум жолумду тоспо деп уруша кеткен экен эле, тиги балдар азыр сени четке апарып чечинтип ур токмокко алып, видеого тартып шерменде кылавыз акча бербесен дешиптир.
Анан курбу кызым коркуп кетип артка качып жоноптур кайра квартирасына. Жакын жашачу метрого. Тиги балдар артынан сая кууп подьезддин алдында кармап алышыптыр. Жулкуп, кийимдерин жыртып баштаганда курбум унунун барынча кыйкырыптыр. Квартирасынан эжеси и жездеси чуркап чыга калышса тиги балдар качып кеткендин ордуна, силердин кызынарды тажик менен бараткан жеринен кармап келдик деп каратып туруп жалган жалаа жавышыптыр. Мына сага чыныгы жузу ошол балдардын.
AlbertEnshtein,мынтип шантаж кылгандар толтура. Оной олжого конуп калган акмактар да
AlbertEnshtein,кошмар!!!!
kg_egizder,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
Чындыка тике карагыла. Андай башка улуттун балдары менен жургон кыздарыбыз коп. Россиянын чон шаарларында тунку клубдарда жургону жургон. Калп эле намыстана бербегиле кыздар. Ушул жол менен тарбиялаш керек окшойт. Башкага конбойт окшойт ал кыздар.
tolegen-79, журсоле саваш керек бекен чечинтип? Сен ошондой зоокур жырткычтарды колдоп жатасын. Озун тообо деп, озун чындыкка тике кара биринчи. Кудай сактасын де. Ошол кыздын ордунда сенин кызын болуп калышы мумкун келечекте.
tolegen-79,бироонун кызын сен тарбиялаганга эч кандай акын жок, биерде отуруп алып оозуна келгенди оттой бербе, сени да бироо тарбияла коет.
Вахахаха, кайсы арынарга "патриотсунар". Мындайларды "ошибка природы" деп койушат. Башка улуттагыларга чыныгы апенди болуптурсунар "патриоттор".
билбейм эмне дешти, бир жагындан карасан патриоттор тура эмес иш кылышкан, кыздаргада айтат элем башка улуттун балдары менен кантип журоттор экен.
Ошол ары жок Патриот соройлор,емне учун наристе кыздарды зордуктагандарга,кары кишилерди тоноп олтуруп кеткендерге емне чара корушпойт дейм да,ошол патриоттордон кордук коргон кыздардын,зордукталган наристелердин коз жашы,убалы уктатпасын,кыргызда таамай айтылган соз бар,(кайсы елден корсон жудоо зайыпты,ошол елдин уулуна кой айыпты)деген,мумкун биздин жигиттерден укпаган ,корбогон жылуу мамилени ошол башка улуттун жигиттеринен угуп жатышкандыр
Патриоттор коомубузду чириткен педофилдердерден, адам олтургон мыкаачылардан коркуп, алсыз аялзатын сабашабы? Кана далили? Таджикпи озбекпи ким менен жургонун тартып таратпайбы биринчи? Ушуга кетирген убактысын кудайга жагарлык иш кылып, оз аялын, карындаштарын, кыздарын тарбиялашпайбы?
Акмактар колу бутунар сынгырлар
Ырас кылат озбек тажик армендер менен дагы журсун
ruslan95,журсо журбосо озу билет, ал бироонун кызы, сага окшогон АЙНЫТКЫлар арабызда бар экенини кейитет. Алар патриот эмес, шантажисттер, кантип эмне болуп урганын сен билбейсин, себебин "башка улут менен журду"деп оздору ойлоп чыгарып алышкан, сага окшогон саткындар колдосун деп.
Алар Патриот эмес, алардын намысы куру намыс. Куру эле намыстана беришет.
Чынында патриот болсо - пусть ошол кызга акчаны берип Кыргызстанга барып тиричилигини кыл десин!
Если ошончолук эле патриоттук сезимдери кучтуу болсо, ошол кыргыз кыздарды физический аракет менен эмес, психологический аракет менен туура жолго салсын.
Аны сабап эмне кереги бар?
Наоборот кыргыз кыргызды уятка калтырып жатат!
Патриоттор кыргызстанга келип, кыргызстандагы эле кыргыз кыздарды коргошсо болмок деген ой келетда. Неге дегенде кыргызстанда кыргыз кыздар турк, карис улутундагы балдар менен эрчишип эле журушот, алардан никеси жок тороп койгондор да жок эмес.