Гүлнур Сатылганова: «АЗЫРКЫ ЫРЧЫЛАР БҮГҮН БАР ДА, ЭРТЕҢ ЖОК»

Гүлнур Сатылганова. Бул ысым кары-жаш дебей жалпы кыргыз элинин жүрөгүнө жылуулук тартуулайт. Күлгөнүчү, чиркин, Гүлнур эженин күлкүсүн уккан адам эч тойбойт. Кайра-кайра уккуң келет да турат.

– Гүлнур эже, кирип келген Жаңы жылы­ңыз менен!
– Рахмат. Сиздерди да Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Жаңырган жылда албан-албан ийгиликтерди, жакшылыктарды каалайм.
– Жаңы жылды кимдер менен тоскону жатасыз?
– Кайсы майрамда болбосун артисттер иштешет эмеспи. Ошонун сыңары 30-31-декабрь күндөрү мен деле иштейм. Бирок, албетте, саат 12ге аз калганда үйгө шашам. Жолборс жылын адаттагыдай эле уулум экөөбүз үйдө тособуз. Андан кийин бир туугандар бири-бирибиздин үйлөрүбүздү кыдырып, куттукташабыз.
– Репертуарыңыз өтө бай. Ошончо ырдын ичинен сизге өзгөчө жакканы кайсы?
– Мен ырдын сөзүнө, обонуна, аранжировкасына кылдат көңүл бурам. Эгер көңүлүмө туура келбесе ырдабайм. Мен үчүн ырларымдын баары жакшы жана ар бири кымбат.
– Кичүү иниңиз Кайыпберди байке да жакшы ырдайт турбайбы. “Гүлнур “бир үйдөн бир эле ырчы чыгат” деп инисин ырдатпайт экен” деген сөздүн канчалык чындыгы бар?
– Андай эмес. Cиңдим Венера деле ырдап жүрбөйбү. Кайыпберди чын эле жакшы ырдайт, тембри күчтүү. Ошондон улам кел, ырдап чык. Сахна адамында өң-келбет да болуш керек, спорт менен машык. Ырчы болуп элге таанылышыңа мен жардам берейин деп миң ирет айттым. Аракети жок адамга миң эмес, миллион жолу айтсаң деле баары бир экен. Бирок өзүнүн музыкалык аппаратурасы бар, кафеде ырдайт.
– Чыгармачыл адамдын иши көп болот эмеспи. Үй кызматчыңыз барбы?
– Мен гүл өстүргөндү жакшы көрөм. Гастролго чыкканда кадимкидей үй тазалаганды сагынып калам. Негизи, сиңдилерим көп. Баарын ошолор кылышат. Өзүм деле колум бошой калганда жардамдашам.
– Сиңдилериңизди катуу карма­саңыз керек?
– Катуу эле кармайм. Бирок “конокко барып келейин” деп суранышса жиберем. Кийин дагы бирдеме болуп кетсе “Гүлнур эже, сиз баягыда жибербей коюп” деп мени күнөөлөшпөйбү. Наристе деген сиңдим бир жолку менин концертимде ырдап чыккан, билсеңер керек. Ырга шыгы бар. Аны ырчы катары таптап чыгарайын дегем. Ошол сиңдим меникинде үч-төрт жылдан бери жашап, кызымдай эле болуп калган. 26-декабрда менин колумдан турмушка узады.
– Уулуңуз Арнас канчанчы класста окуйт? Сиздин жолуңузду жолдочудайбы?
– Арнас 14 жашта. Бою аябай узарды, 175 сантиметр. Түрк лицейинде 8-класста окуйт. Баламдын сабактан колу такыр бошобойт. Геометрия, алгебра, кыскасы, бардык сабактарды англис тилинде окушат. Андан сырткары футбол, баскетбол ойнойт. Бийге кызыкканы менен, үйрөнгөнгө убактысы болбой жатат. Жолумду жолдобойт окшойт. Эгер шыгы, жөндөмү болсо эмдигиче билинмек да.
– “Эртерээк небере жыттасам экен” деп кайнене болгонго шашылган жоксузбу?
– Кимдин эле картайгысы келсин?! Ар бир нерсенин өз убагы болот. Уулум биринчи өзү сүйгөн кесиптин ээси болсо, анан өз теңин табат да. Келиндүү болсом, каардуу кайнене болоюн деген оюм деле жок. Бирок башыма чыгарып алгандан да алысмын.
– Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенесиз? Кошумча каражат булагыңыз барбы?
– Чыгармачылыкка чындап киришкен адамдын башка иш жасоого убактысы болбойт. Негизи, чыгармачыл адам эркин болушу керек. Сахнага чыгып ырдап койгонубуз элге оңой көрүнгөнү менен, артында көп эмгек жатат. Элдин сүйгөн ырчысы болуу оңой эмес. Азыркы бир-эки ыр жаздыра коюп, радиодон кетирип, жылдыз болуп жатышкандар бүгүн бар да, эртең жок. Менин азырынча башка иш менен алектенгенге убактым жок.
– Алдыда кандай иштерди жасоону пландап жатасыз?
– Жаңы эле Германиядан музыкалык аппаратураларды алдык. Жандуу үн менен ырдоо үчүн музыкалык билими бар балдардан атайын топ түзүп жатабыз. Бизде сахнада музыканттардын коштоосунда ырдаган ырчылар жок. Балдарды сахнага гитараны карматып тургузуп коюп, фонограмма менен элди алдап жатышат.
– Атаандашым деп кимди эсептейсиз?
– Ким менен атаандашмак элем? Менде тигил клип тарттырыптыр, мындай ыр жаздырыптыр деген жок. Болгону, өзүм каалаган ырды ырдап коём. Атаандашкандай эптеп-септеп ырдаган ырчы эмесмин да. Үнүмө таасирленип, мени туурап ырдагандар четтен табылат. Ырдоо жагынан гана эмес, ырларымдын мааниси жагынан да көптөр тарбияланууда деп айта алам. Мисалы, “Санат ырында” “элиңе жүрөктү арнап салгын...” деген саптар бар эмеспи. Ошол ырымды угуп алып аскерден качып жүргөн бир жигит өз каалоосу менен кызмат өтөөгө барыптыр деп уктум. Демек, менин ырларымдын тарбиялык чоң таасири бар.
– Жеке турмушуңуз жөнүндө айтып берсеңиз...
– Жеке турмушумда баары жакшы, Кудайга ыраазымын. Дайыма колдоп, чын дили менен сүйүп, чыгармачылыгымды сыйлаган адам бар. Ал кишинин ысымын атабай эле коёюн.
– “Тамашоу” лигасында калыстар тобунун мүчөсү эмессизби. Алардан сизди дайыма кечигип келет деп уктум...
– Негизи, атайлап кечикпейсиң да. Айрым чакырыктарга жумушум көп болуп жетишпей кечигип калам. Эми «тамашоучуларга» айла жок. Алар көргөн-байкаган нерсенин бардыгын сындап турушат. Мен юморду туура кабыл алам.
– Эл аралык фестивалдарга катышпай калдыңыз го...
– Жыйырма беш жылдык чыгармачылык жолумда жыйырмадан ашык эл аралык, республикалык деңгээлдеги сынактарга катышып, Гран-Прини, байгелүү орундарды алып келгем. Эми жаштар катышсын.
– Жаңы жылдык дасторконду даярдоого колуңуз тиеби?
– Конок тоскондо да, конокко барганда да дүкөндөн сатып келинген тамакты жактырбайм. Андан көрө колго жасай койсоң адам эмгегиңди баалап жейт. Ошондуктан менин жаңы жылдык дасторконумда жалаң колго жасалган тамак-аштар болот. Даярдоодо жылда эле сиңдилерим жардамдашат. Анан да сөзсүз боорсок, икра, казы-карта, чучук коюуга аракет кылам.
– Элге каалоо-тилегиңиз...
– “Жакшы тилек – жарым ырыс” деп коюшат го. Ошондуктан кыргыз элим Жаңы жылды көптөгөн жакшы тилектер менен тоссун. Баары орундалат деген ишеничтен тайышпасын. Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун.
– Маегиңизге рахмат.


Жылмайып коюңуз

ГҮЛНУР РЕСТОРАНДА...
Тамактанып алайын деген Гүлнур Сатылганова Бишкектеги кадыр-барктуу ресторандардын бирине кирет. Ресторандын ырчысы 10-ырын ырдап бүтүп 11-син баштайын дегенде Гүлнур тура калып:
– Мен заказ кылган оюнду ойной турасыңбы?- деп 100 доллар берет.
– Кайсы оюнду ойной берейин?- десе,
– Жарым саат домино ойной турчу,- деген экен.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Перизат
2010-01-05 14:13:11
Раздражаете, будьте по проще!!!!!!!!!!!
0
Robingud
2010-01-08 18:39:55
Жолборс жылын адаттагыдай эле уулум экөөбүз үйдө тособуз.suylomdo janiliwtik bar.je,jani jildi adattagiday ele birge tosobuz dew kerek,je "adattagiday" sozun alip salip jolbors jilin uulum ekoobuz birge tostuk dew kerek...
0
Robingud
2010-01-08 18:44:39
Tuura KIRGIZ-turk litseylerinde anglis tilinde okuwat.kanday gana sagindim al kundordu
0
Robingud
2010-01-08 18:47:35
"Sanat kanday gana sonun yr.tim ele wedevr.Bugun konok erten jomokpuz,owonduktan eline juroktu arnap salgin.Baaribiz KIRGIZSTANIBIZ u4un jurogubuzdu arnap saliwibiz kerek.
0
Robingud
2010-01-08 18:50:26
Gulnur ejenin jurokton 4ykkan ak tilekteri u4un "Oomiyiin"!!!
0
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан