Экс-башкы прокурор Аида Салянованын жакынкы күндөрү балалуу болору күтүлүүдө. Азыр анын жакын санаалаштары жакшы кабарды күтүп жатышкан учуру. Маалыматты "Супер-Инфого" Салянованын партиялаштары кабарлашты. Ал эми Аида айым жетектеп келген «Күчтүү Кыргызстан» партиясынын теңтөрагасы Расул Умбеталиевдин айтымында, учурда жер-жерлерде штабдарды ачып, шайлоого даярдык көрүп жатышат. «Буюрса, Аида Жеңишбековна аман-эсен көз жарып алса, жаңы күч, жаңы дем менен ишке киришебиз. Кайсы бир партия менен биригүү тууралуу сөздөр боло элек. Август айында партиянын съездин өткөрөбүз»,- деп билдирди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg