Бийчи Атай Өмүрзаковдун окуучуларынан куралган «Тумар КР» бий тобу Түркиянын Стамбул шаарында өткөн «Сиздин талантыңыз Түркияда» аттуу сынакка катышып жатканы маалым. Бийчилер өз өнөрлөрүн 6-июлда көрсөтүп, калыстардын бирдей чечими менен финалга өтүштү. Германия, Италия, Испания сыяктуу 24 өлкөнүн өкүлү ат салышкан сынакта көрүүчүлөрдүн 91 пайызы «Тумар КР» бий тобу финалга өтсүн» деген добуш ыйгарышкан. Учурда жигиттер 10-июлда Стамбул шаарында өтчү финалга катуу даярданышууда. Кошумчалай кетсек, баш байге 100 миң евро. Бул кабар сынактын расмий сайтында берилген.