4-июлда Казакстандын Астана шаарында болгон "Астана кубогу" аттуу эл аралык фестивалга бизден "Азия Mix" КВН командасы да катышкан болчу. Бул ирет да ийгилик мекендештерибиз тарапка ооп, алар экинчи ирет аталган кубоктун ээси аталышты. Иш-чара жыл сайын Астана шаарында өткөрүлүп, анда атактуу Орусиядагы эл аралык КВН фестивалын алып барган Александр Масляковдун уулу алпаруучулук тизгинди аркалады.
Бир катар күчтүү командалар менен күч сынашып, утуп чыккан мекендештерибизди алдыда дагы бир чоң таймаш күтүп турат. Алар 18-19-июль күндөрү Орусиянын Светлогорск шаарында өтө турган "Голосящий КиВиН" эл аралык музыкалык фестивалына аттанышмакчы.