«ТАЯКЕМ УЛУКБЕКТИ ИЗДЕЙБИЗ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты. «Издейм сени» рубрикаңыздар аркылуу жардам күтөм. Менин апам Роза Султанова бир тууган иниси Казматов Улукбек Султановичти издейт. Ал 1970-жылы туулган. 2010-жылдын 22-июнунда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Луговое айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Темир алып-сатуу иштери менен алектенчү. Көргөн-билгендер болсо кабарлап коюшабы деген үмүттөбүз. Улукбек таяке, эгер ушул билдирүүнү окуп калсаңыз, бизге сөзсүз кабарлашыңыз. Баарыбыз күтүп жатабыз.
Жээниңиз
Айсулуу Максыталиева. Тел.: 0556 188 229
«ТАЙПАЛАШТАРДЫ ТАПСАМ ДЕЙМ»
– Мен КМУнун химия факультетинин «А» тайпасын 1992-жылы аяктаган бардык тайпалаштарым менен байланышууну каалайм. Тааныгандар болсо кабарлашкыла.
Жылдыз
Тел.: 0702 300 170
«ЗАМИР, КАЙДАСЫҢ?!»
– Мен 1990-жылы туулган Замир деген баланы издеп келем. Ал Баткендин Кызыл-Бел же Кара-Бак айылынан болсо керек эле. Экөөбүз Бишкектен таанышып, сүйлөшүп жүрчүбүз. «Ош базарда» иштечү. Замир, эгер мени унута элек болсоң байланыш, бул мен Мээрим.
Тел.: 89232738923
«БИР ТУУГАН УРАИМОВДОРГО ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ»
– Сузак районунун Боз-Чычкан айылынын тургундары бир туугандар Ураимов Максат Абдумухтарович менен Ураимов Эркин Абдумухтаровичти издейм. Бул эки жигитти көрүп-билгендер болсо кабарлап койсоңуздар.
Кочкорбай Эшпаев
Тел.: 0777 876 658
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Тел.: (0312) 32-33-28