ДОСТОР ҮЧҮН СЫРА ИЧҮҮНҮН ЭТИКЕТИ

Жай мыкты эс алып, күчкө толуп, сонун таасирлерди топтош үчүн жаралган мезгил. Эгер эмгек өргүүсүнө дагы көп бар болсо, күн чайыттай ачылган дем алыш күндүн биринде мурункудай сонун убактарды эске салып досторду табият коюнуна чакырыңыз. Шаардын ызы-чуусунан эс алып, мырзалардын арасында таза аба менен дем алыңыз!
Кудайга шүгүр, биздин өл­кө­дө кайсы тарапка барба бардыгы сонун. Түндүккө барсаң – көз жоосун алган Ысык-Көл, түштүккө барсаң – көк мелжиген Памир тоолору, батышында – өзгөчө көрктүү Фергана өрөөнү, а чыгышта – жер жүзүндөгү эң бийик чокулардын бири Жеңиш чокусун көздөй чубалган кырка тоолор. Бирок шаардан сыртты көздөй 2-3 чакырым чыга калсаң деле көкүрөк толо таза абадан дем алсаң болот. Жаныңда достор болсо, андан сонун! Ал эми мындай саамалыкта анык мырзалардын суусундугу болгон сыранын бир нече бөтөлкөсү эч бир ашыкча болбос.
Бул жайда досто­ру­ңузга жаңы «Достук» сырасын сунуштап көрүңүз. Тамшанткан өз­гө­чөлүк, кыйырсыз талаалардын алтын түстүү мол тү­шү­мү, улуу достуктун ырын чалган тоо желинин жеңилдиги – жүрөгүңдү улуу мамлекетибизге болгон сый менен сыймыкка толтуруучу, аны досторуң менен бө­лүшкүңдү келтирген кандайдыр бир өзү­ңө гана таандык даамды ар бир адам «Достук» сырасынан таба алат. «Достук» – маектешүүнүн жыргалын арттыруу үчүн атайын кайна­тыл­ган сапаттуу, жет­ки­ликтүү баадагы сыра.
А сиз сыраны кантип туура ичүү керектигин билесиз­би? Эмесе, адис­терден жөнөкөй, би­рок ошол эле учурда маа­ни­лүү болгон ке­ңеш­тер тө­мөн­дө.
Биринчи жана негизги эреже: Сыра­ны муздатып ичүү керек. Ачык түс­төгү сы­раны тартуу кылуу үчүн 6-8 градус эң сонун температура. Андан тө­мөн­дөтүүнүн кереги жок. Кеченин жүрүшүндө от боюнда ырдап отурабыз де­сеңиз, та­магыңызды аяңыз. Анын үс­түнө өтө эле муз­дак сыра даамы жоктой се­зилиши мүмкүн. 10 градустан жогору болгон учурда бардык ароматтык компоненттери жок болуп кетет, мунун айынан сыра кайнатуучулардын кайталангыс даамдардын жыйындысын жаратуу аракети ойрон болуп калат.
Эмнеге куюш керек? Сыранын бардык даамдары айнек идиште ачылат. Кыры тегиз сыра кружкалары, узун бокалдар идеалдуу вариант. Эгер идиштин өй­дөң­кү бөлүгү түбүнө жана ортоңку бөлүгүнө караганда ичкерип кетсе да жакшы. Бул көбүктүн чогулуп, өзүнчө капкак сыяктуу болуп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Албетте, жаратылыш коюнунда бир колдонууга жараган идиштер да болот. Эң башкысы эсиңизде болсун: бир бөтөлкөдөн экинчи бөтөлкөгө куюу, чайкоо дегенди бул ичимдик жактырбайт. Эмесе, бир аз кыйшайтылган бокалдан бөтөлкөнү эки эли бийик кармап шашпай куюп баштайбыз («Достук» сырасы менен достордун арасында эс алууда таптакыр шашпаш керек). Көбүктүн коюланышын күтүп турабыз да, бокалдын 3 чейреги толгудай кылып куябыз.
Сыраны “үч ууртам” менен ичүү керек. Бул деген сиз үч ууртамда канча кө­лөм­дөгү сыра иче алсаңыз ошончо куюш керек дегенди түшүндүрөт. Сыраны тез ичүү болбойт, бирок шашпай даамдап отура берүү да туура эмес. Биринчи ууртам кылганда сиз өзүңүздү бош кармап, өзгөчө толкунга кошулуп баштайсыз. Тянь-Шань тоолорунун жели менен ойноп жалын күйүп жатат, табият коюнунда дас­торкон жайылып, маринад­далган эт шампурларга са­йылып, кызыл помидор, жашыл чөптөр, жаңы бышкан нан коюлат. Экинчи ууртам, “Эмесе, достор, жолук­каныбыз үчүн!” Себеби дос­тор менен болгон ар бир жолугушуу көктөн берилген өз­гөчө белек, аны барктай билүү зарыл. Таңдай кытыгылаган, аз-маз ойноок даамы бар үчүнчү ууртам алдыдагы жагымдуу кечтин даамын ойготот. Андан соң биринин артынан бири болуп достордун тосту, үй-бүлөлүк баяндар, балалыктын окуялары, эл ичиндеги накыл кептер, айтор, көптөн берки уккуң келип жүргөн сөздөр айтылат! Достордун арасындагы мындай баарлашуу көпкө чейин эсте сакталат. А эгерде дагы бир «Достук» сырасынын кружкасы менен чогулганга шылтоо керек болсо, достор бир эмес, бир нече жолу жолугуп, баарын кайрадан кайталагандын айласын табышат.

Алга, Досум!

Кызыктуу фактылардын көбү: facebook.com/dostykbeer

Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет:
Алкоголду ашыкча ичүү ден соолукка зыян. Алкоголду 18 жашка чыга элек жарандарга сатууга тыюу салынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан