БАНКТЫК ЖАНА МИКРОФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТТАРЫНЫН КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРҮНҮН УКУГУН КОРГОО

Өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшү анын калкынын финансылык сабаттуулугунун деңгээлинен көз каранды десек жаңылбайбыз. Мындай сабаттуулуктун төмөн деңгээли финансы кызматтардын керектөөчүлөрү үчүн гана эмес, жалпысынан мамлекет, жеке сектор жана коом үчүн да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Финансылык сабаттуулук жарандардын ашыкча карыз болуу тобокелчилигин, финансылык рыноктун ак ниет эмес катышуучуларынын алдамчылыгынын алдын алып, финансы институттарынын өнүгүшүнө, финансы продуктыларын пайдалануу деңгээлинин жана калктын бакубаттуулугунун жогорулоосуна өбөлгө түзүп берет. Ушуга байланыштуу, финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарынын талаптагыдай коргоо деңгээлин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы олуттуу милдет катары камсыз кылып келе жатат. Бул боюнча Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын Банктык жана микрофинансылык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн укуктары боюнча бөлүм башчысы Шаршенов Сейитбек Кубанычбекович менен кеңири маек курдук.

– Саламатсызбы?! Финансылык кызматтардын пайдалануучулардын укугун коргоо жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу учурда канчалык деңгээлде маанилүү?
– Саламатчылык! Акыркы учурда орун алып турган дүйнөлүк финансылык каатчылык, финансылык кызматтардын пайдалануучуларынын укуктарын коргоо жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселелери финансы секторунун узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү экендигин дагы бир жолу тастыктоодо. Негизинен мамлекеттин финансы секторунун өзү ар кандай мыйзам нормаларынан, укуктук тажрыйбалардан жана ишкердикти жүргүзүү ыкмаларынан турат. Ушул себептен өнүккөн өлкөлөрдө банк жана финансы секторлорунун талаптагыдай иш алып барышынын негизги көрсөткүчү катары финансылык сабаттуулук маселеси өзгөчө актуалдуу. Ал эми финансылык сабаттуулукту жогорулатуу ишинин жөнгө салынбашы мыйзамдардын бузулушуна жана банк ишине көңүл бурулбай калышына алып келип, катардагы элдин, чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн ишенимсиз финансылык кызматтарды сунуштоочуларга көз каранды болушуна алып келет.

– Ушул чөйрөдө Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Улуттук банкы тарабынан кандай иш-аракеттер жасалып жатат?
– Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу маселелери өкмөттүн жана Улуттук банктын узак мөөнөткө каралган финансы секторун өнүктүрүү планынын бир бөлүгү болуп саналат. Учурда Улуттук банк өкмөт менен биргеликте “Кыргыз Республикасында финансылык мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга колдоо көрсөтүү үчүн финансылык сабаттуулук маселесин жөнгө салуу” долбоорун жүзөгө ашырууда. Анда финансылык сабаттуулук концепциясын жана тиешелүү мамлекеттик программаны иштеп чыгуу каралган.
Улуттук банк банктык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо маселесине дайыма өзгөчө көңүл буруп келген. Калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээли жетишсиз экендиги жана банктык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн көпчүлүгү өз укуктарын жакшы билбей тургандыгы белгилүү. Ошондуктан Улуттук банк финансылык банктык кызматтардын пайдалануучуларынын укуктарын коргоого багытталган мыйзам нормаларын өркүндөтүү жана сунушталып жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жаатында бардык күч-аракетин жумшоодо.

– Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук мамлекет, жалпы экономика үчүн канчалык маанилүү ?
– Финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук маселелери кеминде төмөнкүдөй үч себептер боюнча мамлекеттик деңгээлде жүзөгө ашырылуучу иш.
Биринчиден, ал керектөөчүлөрдүн финансы системине ишенимин жогорулатат жана камсыз кылат жана бул финансылык туруктуулукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди кыскартат. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо сыяктуу эле, финансылык сабаттуулук да финансы системине карата ишенимди бекемдөө үчүн, демек, депозит базасын кеңейтүү жана диверсификациялоо үчүн абдан зарыл. Бул өз кезегинде, банк тутумунда ликвиддүүлүк тобокелдигин кыскартат. Өз укугун жакшы билген керектөөчүлөр да ашкере рыноктук тобокелдиктерден өзүн коргоо аркылуу финансылык туруктуулуктун чыңдалышына өбөлгө түзүшү мүмкүн. Бул финансы системине мүнөздүү болгон кредиттик тобокелдиктин ачык-айкын болушун жогорулатат жана көзөмөл органдарынын мониторинг жүргүзүүгө сарптоолорун кыскартат.
Экинчиден, алар финансылык кызматтардан керектөөчүлөр жана аларды сунуштоочулар пайдаланган мүм­күн­чү­лүктөр, маалыматтар жана ресурстар ортосунда ажырымды четтетет. Бул – рынок механизминин натыйжа берүүсүз иштеши. Финансылык мекемелер өз кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу жакшы билишет, ал эми жеке адамдар – чекене кызматтардан пайдалануучулар үчүн финансылык продуктылар тууралуу маалымат алуу кыйынга турат же мындай маалымат алуу белгилүү бир сарптоолорду талап кылат. Мындан тышкары, бардык зарыл маалыматтар түшүндүрүлүп берилген шартта да айрым финансылык кызматтарга баа берүү кыйла татаал.
Үчүнчүдөн, алар чекене финансылык кызмат көрсөтүү рыногунун натыйжалуулугуна жана ачык-айкындуулугуна шарт түзөт. Эгерде керектөөчүлөр зарыл маалыматка ээ болсо, негизги укуктарын билсе жана өз милдеттерин жакшы түшүнсө, финансылык мекемелер тарабынан керектөөчүлөрдүн жетишсиз маалыматка ээ болушун өз кызыкчылыгында пайдалануусуна жол бербейт. Ошондой эле алардын кыйла сапаттуу продуктыларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жагында атаандашуусуна түрткү берет жана финансы рыногунда алгылыксыз жагдайларды четтетет.
Финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөр укугун коргоо системи төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

  • финансылык продуктылар жана кызмат көрсөтүүлөр баасы, сунуштоо шарттары жана аларга мүнөздүү болгон тобокелдиктер тууралуу толук, түшүнүктүү, анык, салыштырма
    маалыматтарды берүү менен ачык-айкындуулукка же­тишүү;
  •  финансылык продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, төлөмдөрдү кабыл алуу жагында ише­нимдүүлүктү гарантиялоо, акыл че­нем­дүү тажрыйбаны тандоо;
     даттанууларды жана талаш маселелерди кароодо олуттуу сарптоолорду талап кылбаган жана ыкчам механизмдердин жардамы аркасында талаш маселелерди чечүү;
  • жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу менен алардын пайдаланылышына жол бербөө.

– Керектөөчүлөрдүн укугун коргоого дүйнөдө чоң маани берилет. Бул боюнча эл аралык финансы уюмдардын кандай сунуштары бар?
– Дүйнөлүк банктын финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ке­рек­төөчүлөр укугун коргоо боюнча тал­дап-иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча докладында төмөнкүдөй алты сунуш-көрсөтмө белгиленген:

I. институционалдык негизди чыңдоо;
II. маалымат берүү тартибин өркүн­дөтүү;
III. ишенимсиз иш тажрыйбасына тыюу салуу;
IV. талаш маселелерди жөнгө салуу механизмин бекемдөө;
V. финансылык сабаттуулукту жогорулатуу программасын ишке ашыруу;
VI. финансылык сабаттуулукка туруктуу негизде баа берүү ишин жүргүзүү.

Кыргыз Республикасында жогоруда белгиленген алты сунуш-көр­сөт­мө­лөр­дүн бардыгын жүзөгө ашыруу зарыл. Алардын бардыгы маанилүү. Бул сунуш-көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу оңой эмес.

– Кыргызстанда керектөөчүлөрдүн укугу мыйзамдуу түрдө коргоого алынганбы?
– Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо алкагында мыйзамдуу негиз катары учурда парламенттин кароосунда турган Банк кодексинин долбоору жөнүндө айтып кетсек болот. Бул орчундуу, абдан маанилүү болгон жаңы мыйзам долбоору карапайым элдин кызыкчылыгын коргогондуктан тез арада кабыл алынат деген үмүттөбүз.
Бардык ушул чаралар жыйыны жа­рандардын кыйла татаал финансы­лык чечимдерди кабыл алуусуна ише­нимдүү шарт түзөт. Бул чараларды ишке ашырууда өкмөттүн жана Улуттук банктын гана эмес, финансы-банктык мекемелердин, алардын ассоциацияларынын, мамлекеттик органдардын жана бүтүндөй жарандык коомдун да жигердүү катышуусу талап кылынат. Бул керектөөчүлөрдүн андан да көп укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусуна шарт түзүү менен финансы-банк системин бекемдейт, ошондой эле коомдун консолидацияланышына өбөлгө түзөт.

– Кодекстен кандай жаңылыктарды күтүүгө болот? Банктык кызматтардан пайдалануучулар андан кандай утушка ээ болушат?
– Кардарлардын, эң оболу жеке адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого арналган нормаларынын киргизилиши олуттуу жа­ңы­лыктардын бири. Мындан тышкары банктык кызматтарды сунуштоого жана маалыматтардын чечмеленишине карата негизги талаптар белгиленген. Кодексте эгерде бул кардарлардын абалынын начарлоосуна алып келсе, келишимдик шарттарды бир тараптуу негизде өзгөртүүгө банктарга тыюу салуу да каралган. Ушул норманын киргизилиши өтө маанилүү. Анткени ал банктардын кардарлар менен акыйкаттуулук, адилеттүүлүк, ачык-айкындуулук, тактык, өнөктөштүк, экономикалык таламдарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, социалдык жоопкерчиликтерди эске алуу менен иш алып баруусун талап кылат. Ал эми кардарлар банктык кызматтардан пайдалануу учурунда ар тараптан салмактанган жана жоопкерчиликтүү чечимди кабыл алууга милдеттүү.
Мындан тышкары Улуттук банктын жоопкерчилигин, иштин ачык-ай­кын­дуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууну караган нормалар оптималдаштырылган.
Банк түзүү нормалары, банктардын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын, корпоративдик башкаруунун, ички көзөмөлдүк системинин иши өркүндөтүлүп, кызмат адамдарынын кынтыксыз ишкердик аброю, фидуциардык жоопкерчилиги орун алган көйгөйлөрдү алдын ала аныктоо жана реструктуризациялоо боюнча чаралардын системи сыяктуу жаңы түшүнүктөр киргизилип, таасир этүү чаралары такташтырылган. Банктык сыр институту өркүндөтүлгөн. Жоюу жол-жобосун соттук эмес тартипте ишке ашыруу каралып, ал кредиторлордун шартында тез арада жана натыйжалуу жүргүзүлүүгө тийиш экендиги белгиленген.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан