ИШЕНИМ

– Кана, мени карачы, сен бүгүн эмне башкача болуп келдиң жумуштан?
– Сага телефон чалсам эмнеге албадың?
– Элдин күйөөлөрүнүн баары жумуштан эрте келет экен...
Жарым жылдан бери аялымдан укканым ушул. Өзүндө да бар болсо керек, тегин жерден өрт чыкпайт деп ойлойт болушуңар керек. Бирок ыймандай сырымды айтып жаткандан кийин силерге кантип калп айтайын? Аялымды сүйүп, артынан чуркап жүрүп алгам. Наргизада мага керек болгон, аялдан талап кыла турган нерселердин баары бар. Акылдуу, келбеттүү, сулуу, мыкты кожейке, балдарыма мээримдүү апа. Болгону кыялы чатак жана өзүмчүл. Мурун деле бар эле мындай кыялы, бирок кийинки учурда балдар менен отуруп калган үчүнбү, укмуш кызганчаак болуп чыга келди.
Кээде мен уктап калганда телефонумду текшерип, мага жумуш боюнча керек кыздардын телефон номерлерин деле өчүрүп коёт. Башында «байкушум, үйдө отуруп буулугуп жаткандыр» деп көп деле жиним келчү эмес, кийинки убакта мени бул нерсе жаман кыйнай баштады. Элестеткиле, 24 саат бою сени кимдир бирөө «Кайда бардың, ал жактан качан чыгасың, качан келесиң?» деп көзөмөлдөп турса... Жумушта отуруп телефонумду албай калсам, ошол күнү үйдө дүйнөлүк согуш чыгып кетет. Токтойт десем такыр токточудай эмес.
Айланайын аялдар, эсиңерде болсун, эркекке өзү кичине эле нерсе керек. Жумуштан барганда жаркылдап тосуп алып, ысык чайын берип, жумуштагы акыбалын сурап койсо эле телегейи тегиз болуп калат. Аялым акыркы жолу мени качан кубантып тосуп алганы такыр эсимде жок.
Бир күнү үйгө барганда баягы эле уруш да деп, жумуштан чыгып алып кечке маал сейил бакты аралап басып бара жаткам. Үйгө жөө басып барууну чечтим. Байкасам, отургучта бир кыз ойго чөгүп отурган экен. Эмнегедир ошол жакка бутум өзүнөн өзү шилтенди. Жөн жерден уруш укканча дедимби же жөн гана тиричилик жаңжалдан алыстап башка дүйнө да бар экенин билгим келдиби, билбейм. Сөз баштап экөөбүз таанышып калдык.
– Атым Кенжеш...-деп кү­лүм­сү­рөгөн кыздын кабагы жарк этти.
– Кенжеси болсоң керек анда, ээ?
– Ооба, кичүүсүмүн. Сиз Талант байкесиз го, бир бөлүмдө иштейбиз. Менин силерге жумушка киргениме аз эле убакыт болду.
Көрсө, Кенжеш менин кесиптешим экен. Жайдары, токтоо, бир аз эрке мүнөзү бар кыз мага жагып турду. Ошентип биз башында ага-карындаш катары мамилелеш болуп жүрдүк. Качан, кайдан башталды, билбейм, бирок... Кенжештин мени жакшы көрүп калганын билдим.
– Талант агай, мындан ары кезикпей эле коёлучу. Билем, сиз үй-бүлөлүү адамсыз. Эч нерсе ортобузда болушу мүмкүн эмес. Бирок мен сизди жактырып калдым...- деди бир күнү жалооруп. Башыма бирөө таш менен ургандай эле туруп калдым.
Эх, Кенжеш, балапан, баёо кыз. Кечир мени... Жаман адам эмесмин. Сүйүүңө да татыктуумун. Бирок... Жүзүңдөн түшүнбөстүктү байкайм. Эмнеге эле кетенчиктейт деп ойлоп жатасың да. Канчалык азгырыктуу ойлор болгону менен, мен аялымдан башка баары бир эч кимди сүйө албайт экем. Кенжешти жандамак тургай, колун кармай албадым. Бирок аялым ошону түшүнсө гана...
Бир күнү үйгө келсем, аялым балдарды алып кетип калыптыр. Ооба, кызганчу, жаңжал чыгарчу, бирок кетип калган учуру болгон эмес. Көрсө, Кенжештин мага жазган СМСин окуп калыптыр, аны кийин билдим. Ого бетер ичим сыйрылып, кең аалам тар болуп жатты. Бүк түшүп жаткан боюнча жата бердим. Бир күн сулк жаттым. Уктап жатып бир маалда кимдир бирөө бетимден сылап жатканын сездим. Көзүмдү ачпай туруп аялым экенин билдим.
– Келдиңби?
– Келдим, кечир мени, жаным. Мен сени жөн эле азапка салып жүрүпмүн. Кенжеш деген кыз мага жолугуп баарын айтты. Сенин телефонуңдан СМСин окуп алып, ага чалып сүйлөшүүгө баргам. Ал кыз «Сиздикиндей күйөө эч кимде жок. Колуңуздан чыгарбаңыз. Ал сизди гана сүйөт» деди. Мага баарын айтып берди. Болбосо мен ажырашууга арыз берейин деп жаткам.
– Келесоо...-дедим күңк эте.
– Ооба, келесоомун, бирок сени абдан сүйөм. Кызганам, таштап кетеби дейм. Ар дайым корко берем...
– Сен коркпо, мен да келесоо окшойм, канчалык жинди болсоң да сени эч качан таштай албайт көрүнөм,- дедим аялымдын маңдайынан өөп жатып.
Кызганчаак аялымды турмуш ушинтип тарбиялады. Тагдырга жана Кенжешке чоң рахмат!
Баса, ал бизде иштеген мыкты жигитке турмушка чыгыптыр деп уктум. Бактылуу бол ылайым, карындашым!

Талант

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ayima_a
2015-07-18 17:42:01
ушундай уй булолор жана ушундай кыздар кобойо берсин демекчимин
+5
belle87
2015-08-28 17:25:09
тушунуктуу жана мыкты жигит биздеда бар экен
+1
shakeSultan
2015-10-16 17:24:11
Ушиндай адамдардын саны кобойо берсин
+2
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан