ААЛАМДА АКЫЙКАТ БОЛСО, АНДА ВРАЧТАР ҮЧҮН ӨЗҮНЧӨ БЕЙИШ БОЛУШУ КЕРЕК...

Быйылкы жылдын 22-апрелинде Тоң районунун Дөң-Талаа айылынан сапар алган «Ден соолук кербени» учурда республиканын 14 районунда болуп, 60 миңден ашуун адам медициналык текшерүүдөн өттү. Бүгүнкү күндө «Кербендин» мээрман дарыгерлери Ала-Бука жана Чаткал райондорунда иш алып барышууда. Алдыда Талас облусунун Манас районунун, Чүйдүн Панфилов жана Сокулук райондорунун, Ысык-Көл дубанынын Ак-Суу райондорунун жашоочуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүү пландалган.
«Кербендин» сапары республиканын бардык аймактарын кучагына алып, өлкөнүн шарты катаал алыскы жана четки, чек арадагы айылдары, анда жашашкан медициналык кесипкөй жардамга муктаж, бирок районго, облуска же борборго барууга мүмкүнчүлүгү жок элеттиктерге жардам кылганы көңүл борборунда болуп жатат. Долбоордун коомчулук тарабынан колдоого алынып, жер-жерлерде бул акциянын демилгечилерине жана уюштуруучуларына карата ыраазычылык сөздөр айтылууда. Айыл жерлеринде тар адистиктеги врачтар дээрлик жок. Кырдаал чынында оор. ФАПтарда дарт аныктоочу заманбап технологиялар, медициналык шаймандар, методикалар менен жабдуунун абалы, кызматкерлеринин даярдыгы тийиштүү деңгээлде эмес экени жашыруун эмес. «Ден соолук кербени» долбоорунун зарылдыгы мына ушундан улам да келип чыкканы айтпаса да түшүнүктүү.

Муратали Абдулазизов, Чоң-Алай району:
– Биз улуу тоонун арасында жашап, табияттын ысыгына да, суугуна да, жамгырына да, шамалына да бышкан элбиз. Кандай кыйынчылыктар болсо да, аны унчукпай көтөргөнгө көнгөнбүз. Ошондонбу, анча-мынча ооруну тоотпойбуз. Мен деле ушул жашка келгиче доктурга көрүнгөн жан эмесмин. Бирок тирүү жан болгон соң, кээде бутуң сыздап калат экен. Бирде жүрөк тушуң чымырап калат. Май айында «Ден соолук кербени» келди дегенди угуп, доктурга барып көрүнсөм, менден бир топ оору таап чыгышты. Айрымдары өнөкөткө айланып кетиптир. Көрсө, улам бир жерим ооруп калган себебинин сыры ошол жакта экен.
Кичипейил, ары тамашакөй врач экен, аты эсимден чыгып жатат: «Аксакал, оору менен тамашалашпаңыз. Убагында доктурга көрүнүп, жазып берген дары-дармегин алып ичип туруңуз» деди. Мен ушул баламдын айткандары туурабы деп койдум. Ден соолук башка бирөөгө эмес, өзүбүзгө керек эмеспи. «Ден соолук кербенинин» дарыгерлерине ыраазычылыктан башка айтарым жок. Ошондой эле, аны уюштурган СДПКдан борбордун врачтарын жыл сайын элет жергесине алып келүүнү уюштуруп берсеңер деп көптөн көп өтүнөт элем.

Шайбек Ташматов, Талас району:
– Таласта «Кербендин» ачылышында СДПК партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү бул долбоор маанилүү жана керектүү долбоор экенин белгилеп кетти. Мен анын айткандарына кошулам. Чындыгында, ден соолуктан өткөн маанилүү нерсе жок. Ден соолук саясаттан да маанилүү. Эгер ааламда акыйкат болсо, анда врачтар үчүн өзүнчө бейиш болушу керек. Акыркы жылдарда саясий партиялар Таласка «Жер-үй» менен «Андаштын» чыры менен келип, элдин ден соолугу тууралуу ойломок турсун, кызыкчу да эмес. «Ден соолук кербенин» уюштурган СДПКга ыраазычылык билдирем. Себеби айыл-апада көп адамдар «Кербендин» илбериңки врачтарынын ишине ыраазы болуп жатат. Өзүм да кардиологго көрүнүп, баалуу кеп-кеңешин алдым. Адам качан жаны кыйналып, төшөккө жатып калмайын чыдап жүрө берет экенбиз. Өзгөчө айыл жеринде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар көп экен. Врачтар жүрөк оорулары жашарып баратканын айтып, тоо арасында жашаган соң, ден соолукка этият мамиле жасаш керектигин айтышты. Менимче, дарыгерлердин жылуу мамилеси, кеңештери айыл жеринде жашагандар үчүн өз учурунда, керектүү айтылган кеңеш болду деп эсептейм.

 Зарина Кемелова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Pantherka
2015-07-20 09:41:05
Ушул кыдырып жургондор эптеп эле карап коюшат экен го,нааразылар коп, очеред кутуп киргендер сопсоо деп оору болсо деле.
0
Gulzat86
2015-07-20 14:17:53
Шайлоо алдында эле эмес дайыма ушундай болушса.Козду боебой.
+1
akva
2015-07-25 13:24:31
Ии молодцы деп эле койгулачы,коро албастык кыла бербей...
Эгемендуулук мамлекет болгондон бери качан кордунор эле ушундай врач кербендерди?!
Эч нерсе жакпайт ушул элге,эптеп эле критикаласа,караласа эсеп...
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан