Үй-бүлөдө эркек баланы тарбиялоодо ар улут ар кандай мамиле кылышат экен. Мисалы, европалыктар көбүрөөк эркиндик беришсе, айрым улуттар кичинесинен катуу тарбиялап чоңойтушат. Бүгүнкү макалабызда үй-бүлөдө атанын эркек балага берген тарбиясы канчалык маанилүү, биздин белгилүүлөр кандай ата деген суроолорго жооп алабыз.
Ильяз Абдыразаков, ырчы: «БАЛАМ МЕНИ ИЛЯШ, НАНАНЕЙ ДЕП ЧАКЫРАТ»
– Баланын адамды айыктыруучу өзүнчө дарылык касиети болот. Кээде жумуштан чарчап келип уулум Розанды өпкүлөп, көтөрүп, эркелетип койсом, чарчаганым сезилбей калат. Анын элжиреткен кылыктарын көргөндө маанайым көтөрүлөт, жиним келип жатканда аны көрсөм, ачуум тарап кетет. Балам кичинекей кезинде ата болгонум анча сезилген эмес эле. Атанын сүйүүсү бала чоңойгон сайын күчөйт окшойт. Уулум мага окшобой эле, кээде мен ага окшошуп кетем. Аны менен отуруп алып ойнойм, дүкөндөн 10 машина алам десе, ошонун баарын сатып алган учурлар болот. Көзүнө көрүнгөн оюнчукту алып бер дей берет, мен да анын ою менен болуп, каалаганын аткарып коём. Чоңойгондо кандай болуп өзгөрөт билбейм, бирок азыркы кези баарынан таттуу, ширин. Мени ата дебей, "Иляш", "нананей" деп чакырат.
Мүнөзүнүн оор басырыктуулугу мага окшош. Кээде жини келип кыйкырып ыйлап жибергенде апасына окшошуп кетет (күлүп). Жумшак атамын, катаал ата боло албайт окшойм. Менин бере турган тарбиям ушул, эркелетем, каалаганын жасайт, өз эркине коём, тарбияны бала бакчадагылар бере берсин. Мени да атам «кааласаң мектепке бар, каалабасаң барбай эле кой» деп өз эркиме коюп чоңойткон. Үй-бүлөдөгү тарбия – бул пайдубал эле, ал эми чыныгы тарбияны турмуш өзү берет.
Кубаныч Сатаев, ырчы: «УУЛУМ ТОЙДОН АКЧА ТЕРИП КЕЛЕСИҢБИ ДЕП КҮТӨТ»
– Ата эркек балдарга үлгү болушу керек. Себеби бала үйдөн эмнени көрсө, көчөдө ошону жасайт. Мен үчүн бала менен атанын ортосундагы идеалдуу мамиле – бул ортодо дайыма сыйдын болуп турганы. Биздин элде каада-салт, менталитет деген бар, андыктан өзүбүздүн жөнөкөй эле улууну урматтоо, сыйлоо, төргө өткөрүү, салам айтуу деген кыргызча тарбияны колдоном.
Эки уулум бар, улуусу Алишах, кичүүсү Санат. Уулдарым акылына кирмейинче эркин кармайм. Анткени тентектик кылып койсо урушуп кага берсең, бала коркок болуп калат. Кызбы, эркекпи төрөлгөндөн баштап эле ата мээрими керек. Анткени эне менен бала бир бүтүн, наристеге энелик мээримден да бөлөк сезим бар экенин туйдуруш үчүн балага атанын мээрими жардамга келет деп ойлойм. Мен ата мээримин аз көрүп калдым, ошондуктан балдарыма толук кандуу мээрим төгүүгө аракет кылам. Эркек балдар удаа төрөлсө атаандашып калышат экен. Алишах менен Санат да бат урушуп, кайра бат эле жарашып алышат. Кечээ Ысык-Көлдөн келе жатып машинадан Алишах менин «Келбейлиби бир басып» деген ырымды, Санат болсо «Ак бата» деген ырыма кой деп чырдашып мушташа кетишти. Мен кичүүсүнө көп болушуп коймой жайым бар эле, Санаттын каалоосун орундатып койдум.
Тойго кетип баратсам Алишах «ата, тойдон акча терип келесиңби?» деп күтөт. Кайра келгенде «ата, акча терип келдиңизби, жүрүңүз дүкөнгө» деп жетелеп кетет. Гастролго кеткенде «атам качан келет?» деп апасын тажатып сурай беришет экен.
Эрнист Бөрүбаев, ырчы, тамада: «ЭРКЕК БАЛАНЫ ЭРКЕ ЧОҢОЙТСОҢ, БАЛЭЭНИ БАШЫҢА ҮЙӨСҮҢ»
– Уулум Денис 12 жашта, аны төрөлгөндөн бери эле өзүм жалгыз тарбиялап келем. Мусулманчылыкта эркек бала 12 жашынан тартып намаз окуйт эмеспи, уулум быйыл намаз окуй баштады. Өзү медреседе билим алат. Баланы тарбиялоодо өзгөчө ыкмам деле жок, бирок бала ата-энеден коркуп турганы жакшы. Бир нерсе кыларда "ата-энем эмне дейт, урушпайбы?" деп чочулап турушу керек. Өз эркине коюп койсоң оюна келгенин жасап башка чыгып кетет. Эркек баланы эрке чоңойтпош керек, эркелетип чоңойтсоң балээни башыңа үйөсүң.
Мен өтө «строгий» атамын, аша чапканда какыс-кукус деле кылып коём. Баламды биринчи көргөндөр "сенин эле көчүрмөң, жадакалса басканыңардан бери окшош экен" деп айтышат. Мен өзүм кичине кезимде кара жумуш кыларда айылдагы досторумдун баарын ээрчитип келип иш кылдыртчу элем. Өзүм болсо колумду кырсылдатып аларга сүйлөп берчүмүн. Бая күнү уулум эшикте досторуна иш кылдыртып, өзү манжаларын кырсылдатып сүйлөп отурат. Кысталак деп аябай күлкүм келди, андан өзүмдү көргөндөй эле болдум.
Бакыт Байсариев, шоумен: «БАЛАМА АЗЫРЫНЧА ДЕМӨӨРЧҮ КАТАРЫ ЭЛЕ КЕРЕКМИН»
– Уулум Азиретали 3 жашта. Эркекти 5 жаштан кийин тарбиялаш керек, ага чейин өз эркине коём. Балдарыма эркиндикти чеги менен берип, каада-салтты да чеги менен колдонуп тарбиялагым келет. Бирок баары бир кыргыздын тарбиясына эмне жетсин, ат жалында ойноп, кымыздан кере жутуп, кой союп жиликтеген кыргыздын мырзаларынын баркы мурун бир топ бийик эле. Бирок заман, мезгил бир ордунда тура бербейт да.
Илгери атабыздын үнү сырттан угулса тынч отуруп калчубуз, ал кезде атага болгон сый-урмат башкача болсо керек эле. Азыр болсо үйгө кирерим менен балам мени басып жыгылат. Түнкү саат 2-3төрдө келсем, эртең менен ал бала бакчага кетип калат, кайра келсе эле мен жок болсом сагынат да. Уктап жатсам бетимди чапкылап, мурдумду, көзүмдү чукуп, курсагыма чыгып секирип ойготот. Балама азырынча демөөрчү катары эле керекмин. Эң жакшы көргөн жумушу – мени менен дүкөнгө бармай. Кичинесинде ботко бышырып бербесем да, памперс которуу боюнча профессионал болчумун. Сыналгыдан көрүп, гезитке интервьюларым чыгып калса, «кана, мен жокмун го?» деп сурап калат.
Лунара Бекиева
star@super.kg