Дүйшөнбек Зилалиев: «КАЧАНКЫГА ЧЕЙИН ТИЛЕМЧИ БОЛУП ЖҮРӨ БЕРЕБИЗ?! ЖЕР-ҮЙ ИШТЕШИ КЕРЕК»

Акыркы убакта Жер-Үй кенинин айланасында ар түрдүү кептер жүрүүдө. Кен иштесин дегендер да, иштебесин дегендер да бар. Андыктан Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы ДҮЙШӨНБЕК ЗИЛАЛИЕВ менен кездешип, коомчулукта талкууланып жаткан маселелер боюнча пикир алышып кайттык.

– Дүйшөнбек Текшербекович, Жер-Үй кенин иштетүү укугу орусиялык компанияга берилди. Карапайым калк арасында бул кенди иштетүүнүн пайдасынан зыяны көп дегендер бар. Бул боюнча сиздин оюңузду билели деген элек...
– Жер-Үй кени иштеши керек. Бул маселени саясатташтыруунун кереги жок. Жер-Үй – бул экономикага чоң пайда алып келүүчү ишкана. Чет мамлекеттерге канчалаган жарандарыбыз иш издеп кетип жатышат. Андан көрө мекендештерибиздин өз элинде иштеп турганы жакшы го.
«Сүткө оозун күйгүзгөн айранды да үйлөп ичет» деген сөз бар. Туура эмес түзүлгөн келишимдер, мыйзамсыз берилген лицензиялар баарыбыздын көңүлүбүздү калтырган. Андыктан бул ирет тыкыр иштеп чыктык. Жер-Үй кенин иштетүү бизге пайда гана алып келет. Өзүңөр билгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын сынак уюштурулуп, орусиялык компания кенди иштетүүгө уруксат алды. Бул уруксат үчүн кен иштетүүгө укук алган компания мамлекеттин бюджетине 100 миллион доллар төлөп берди. Мунун ичинен кен иштей турган аймак болгон Талас облусуна 175 миллион сом, Жер-Үй жайгашкан районго жана кенге эң жакын болгон Бекмолдо айыл өкмөтүнө да ушул суммадагы эле каражаттар бөлүндү. Бул деген жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк эмеспи. Ушундай мүмкүнчүлүк тарыхта бир гана жолу болот. Кыргызстанда лицензияланбаган Жер-Үйдөн башка ири алтын кен калбады. Ошондуктан ушул мүмкүнчүлүктү кетирбей, бул каражаттарды пайдалуу, өздөштүрүү зарыл деп эсептейм.

– Эгер экологиялык зыян тартып калсакчы?
– Мен кепилдик берем, экологиялык зыян тартпайбыз. Калың элге түшүнүктүү болуш үчүн жөнөкөй тил менен эле айтып берейин. Эгер экологиялык зыяндын учу көрүнсө эле биз кендин ишин токтотуп коё алабыз. Ошондой шарттар мыйзам менен бекитилген. Компанияга жаңы технологиялар колдонулушу керек деген талап коюлган. Андыктан компания цианидди озон менен бөлүп ажыратат. Бул деген суюк калдыктар болбойт деген нерсе. Кургак түрдө чогултулат. Хвостохранилищенин тосмосу жарылып кетип, экологияга зыяны тиет деген коркунуч жоголот. Кийин жанагы кургак калдыктар чогултулган жер айыл чарбага жайыт катары кайтарылат. Зыян болбойт. Анын үстүнө казуу иштеринин 85 пайызы жер астында жүргүзүлөт, демек, ошол жерде жайгашкан мөңгү жана сууларга эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Биз сынак өткөрдүк, бардык шарттар мыйзам чегинде коюлуп, өкмөттүн токтому менен бекитилген.

– Иштетпей койду деп эл аралык сотторго кайрылып жибериши да мүмкүн экен го. Андай болбойбу?
– Силер башка кенди Жер-Үй менен салыштырбагыла. Жер-Үй таптакыр башка негизде иштейт деп көпчүлүккө толук кандуу маалыматтарды айтып жатабыз. Мисалы, ошол «Кумтөр» «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамы менен эмес, атайын келишим менен иштеп жатат. Жер-Үй толугу менен «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына ылайык иш аткарат. Жер-Үйдү дароо эле казып башташпайт, эки жарым жыл аралыгында алар тиешелүү ишкананы куруп бүтүшү керек. Мен жалпылап айтып жатам. Эми эгер кайсы бир иштерде кен казууга укук алган компания кечиге турган болсо, мамлекетке 100 миң доллар айып пул төлөйт. Мунун 70 пайызы бюджетке, 30 пайызы Талас облусунун өнүктүрүү фондуна түшөт. Бул бир эле мисал менен эмнени айткым келип жатат, мамлекет кен казуучу ишканага өз талаптарын койгон жана анын аткарылышын толук көзөмөлдөйт. Биз компанияны тизгиндеп коё алабыз. Талап аткарылбайбы, чара көрөбүз. Бизге пайдасыз болгон чакта компаниянын ишин токтотууга толук мүмкүнчүлүк бар.

– Экологияга зыян келет деп кыйкыргандар жөн эле ызы-чуу салып жатышабы анда?
– Жер-Үйдү саясатташтыра берүүнүн эмне кереги бар, түшүнбөйм. Кен иштеп турса миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Ошол кыйкырып жаткандар миң кишини жумуш менен камсыз кыла алат бекен? Бюджетке миллиондогон сумманы төлөйт бекен? Мамлекетибизде тартип болуш керек. Мыйзамсыз митинг, жол жабууларды жана тоо-кен компаниялардын мүлктөрүнө зыян келтирүүнү уюштуруп, элдин атынан сүйлөп өз кызыкчылыктарын ойлогон адамдар мыйзам алдында жооп берет, мен муну баса белгилеп кетейин.
Салыштырып көрөлүчү, Кыргызстанда жылына жол кырсыктарынан эле дээрлик 1000 адам каза табат экен. Аны угуп, көрүп жатып биз машина айдаганга тыюу салган жокпуз го. Кен иштеткендин айынан, цианидден 1 адам каза тапты деген, далилденген бир дагы учур катталган жок. Жер-Үйдөн экологиялык зыян тартпайбыз деген корутунду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин адистери тарабынан алдын ала берилди.

– Жумуш менен камсыз кылат деп эле кенди кармата берген болбосо керек...
– Айтыңызчы, качанкыга чейин тилемчи болуп ар кайсы өлкөдөн карыздап жүрө беребиз. Өзүбүздүн жерибизде ишканалар иштеп мамлекетке салыгын төлөп, жумуш орундары түзүлүп, мекендештер өз жеринде татыктуу айлык алгандын эмнеси жаман?! Өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы инвесторлордун жардамы менен бутуна турганын моюнга алалычы. Жер-Үй кенин иштетүүгө бергенибиз өзгөчө мүмкүнчүлүк, эң сонун шанс дейт элем. Эмнеге дегенде, кен иштетүүгө укук алган компания кен иштетүүдөгү биринчи 3 жылда Талас облусуна 100 миллион сомдон, андан кийин 150 миллион сомдон социалдык пакет катары бөлүп турат. Муну аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, социалдык маселелерди чечүүгө пайдаланууга болот. 1000 жумуш орду түзүлөт. Жогоруда бөлүнө турган каражатка компанияга керектүү буюмдарды чыгаруучу ишкана ачса да жумуш орундары түзүлүп калат. Компания өз ишин баштаса жылына салыктан орточо эсеп менен республиканын бюджетине дээрлик 800 миллион сом түшүп турары болжолдонууда.

– Сиздин кебиңизди угуп жатып, мындай киреше алып келе турган кенди эмнеге мурдатан иштеткен эмеспиз деген ой кетти...
– Жер-Үй кени канча ирет колдон колго өткөнүн көпчүлүк биле бербейт. Ар кандай шылуундардын айынан иш ордунан жылган эмес. Аларды тизмектеп отурсак убактыбыз текке кетет. Айрым бир адамдардын жеке кызыкчылыгы болгон. Эми азыр болсо бардыгы мыйзам чегинде болду. Биздин жашырган эч нерсебиз жок, бардыгы ачык. «Восток-Геолдобыча» деген ачык акционердик коому кенди иштетүүгө укук алды.
Бирок карапайым элге маалымат толугу менен жетпегендиктен, Жер-Үйдү саясий чайкоочулукка пайдалана калайын дегендер чыгып жатат. Жер-жерлерди кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн аракетин көрүп жатабыз. Жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү кендин иштешин күтүп жатышат, ал жакка жумушка орношуунун жолун издеп кайрылгандар да бар.

– Кезинде лицензиялар 300 сомдон сатылып калган. Азыр бул маселеде кандай?
– Ооба, андай учурлар болгон. Ал эми бүгүнкү күндө өзүңүздөргө белгилүү болгондой жер казынасын иштетүү укугу ачык айкындуулуктун негизинде сынак жана аукциондор менен берилип жатат. Мисал катары айта турган болсок, 2013-2014-жылдары аукцион жолу менен берилген лицензиялардан республикалык бюджетке 336 милион сомдон ашык каражат түшкөн. Ошондой эле 2015-жылдын 6 ай ичинде 6 миллиард сомдон ашык каражаты республикалык бюджетке түштү.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Kroxa
2015-07-20 14:37:43
Баары сөзүндөгүдөй далилденсе болду,мен гарантия берем дедиго,алдыга жылсанар болгону мамлектти көтөргүлочү жакшы иштер менен...
+1
Pantherka
2015-07-20 16:17:02
Ээ болбогон куру создор, Кумтор иштеши керек деп иштеттинер эмне болду, эми ала албай жатасынар,кайран жер,суу ошол жактагы жашаган элдин ден-соолугу..... иштегенде чондордун чонтогуно эле пайда тушпосо
-1
Taalaibek.
2015-07-20 17:01:34
Урматтуу "Супер-инфо" Жер-уй алтын жумушуна, айдоочуларды конкурс, жээ резюме аркылуу алабы? Эгер алса кайсыл иш канага, жээ кайсыл органга кайрылып резюме ни тапшырышым керек? Жообун кутом. Сиздерге алдын ала чоон рахмат. taalaibek.72@mail.ru
0
jaazira13
2015-07-24 10:28:43
негизи адистерин тилин угушса туурале болмок
0
ooki8888
2015-07-26 16:10:04
Туура, качанкыга чейин кайыр сурап жашайбыз! Озубуздун байлыгыбызды туура пайдалана билели да.
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан