«Образ жаратуунун чебери» деген ысым Жонни Деппке бекеринен ыйгарылбаса керек. Себеби тартылган ар бир жаңы тасмасында ал күтүлбөгөн образдарды жаратып келет. Бирде сыйкырчы, бирде клоун, деги койчу, Жонни аткарбаган бир да роль калбады көрүнөт.
Америкалык актёр, сценарий жазуучу жана продюсер Жон Кристофер Депп II 1963-жылы 9-июнда АКШнын Кентукки штатындагы Оуэнсборо шаарында жарыкка келген. Жон куруучу Жон Кристофер Депп менен официант Бетти Сью Палмердин 4-перзенти. Актёрдун Дэниел аттуу агасы жана Дебби, Кристи аттуу эжелери бар. 16 жашка толгондо болочоктогу актёрдун ата-энеси ажырашып кетишкен, ошондон тарта Жоннинин жер кезген жаңы жашоосу башталат. Актёр ал кез тууралуу минтип эскерет: «Апамдын айынан 30га жакын жер котордук. Мунун себеби апам бир жерде көпкө кармалганды жаман көрчү. Бир учурда Флорида штатындагы Мирамар шаарында жашап жүргөнбүз. Ал жер тозокко окшош болчу. Кулап калайын деген үйдө жашап, мен күнүгө дүкөндөн токоч уурдап жечүмүн. Азыр эстесем, ошондо ушунчалык жакыр жашаптырбыз».
«КЫЗДАР ЖАКТЫРЫШЧУ ЭМЕС»
Өткөөл курактагы Жонни кыз жандоонун ордуна гитара менен достошкон. Анын себебин минтип түшүндүрөт: «Мектепте окуп жүргөндө мени бир да кыз карачу эмес. Себеби мен башкаларга окшобогон, чачы узун, гитарасын колунан түшүрбөгөн жүдөмүш жигит элем. Качан болсо сабактан качып гитара чертип отурчумун».
АКТЁРДУН ЖАШООСУНДАГЫ ЭСИНЕН КЕТКИС 6 АЙЫМ
1. Алгач 20 жаштагы Жонни өзүнөн 5 жаш улуу Лори Энн Эллисон аттуу сүрөтчү кызга баш кошкон. Экөө 2 жыл чогуу жашаган соң актёр «биз бирге болууга аракет жасадык, бирок андай болбоду» деп жубайынан кол үзгөн. Депп дал ушул айымдын жардамы менен актёр Николас Кейж менен таанышып, атактуу болууга мүмкүнчүлүктү утуп алган десек болот. «Мен күтүүсүз жерден актёр болуп калдым, бирок менин максатым атактуу музыкант болуу эле»,- деп эскерет.
2. Ажырашкан актёр дароо эле актриса Женнифер Грейдин торуна түшкөн. Бирок Жонни Женниферден тажаган соң «сен таланттуу эмессиң» деген шылтоо менен аны таштап кеткен.
3. 17 жаштагы Вайнонага Жонни 26 жаш курагында жолуккан. Таанышкан соң 3 айдан кийин актёр сүйүктүүсүнүн колун сураган. Бирок бул ирет дагы Депптин никеси ажырашуу менен аяктаган.
4. Кийинки сүйүктүүсү Кейт Мосс менен Деппти бири-бири үчүн жаралган адамдар дешчү. Экөө тең баңгизатка байлангандыктан, алардын мамилесине «баңгизат жыттанган роман» деген да ат коюлган. Жонни Кейт тууралуу «Экөөбүз ажыраштык. Кейт дайыма менин эсимде сакталат, экөөбүздүн чогуу болбогонубуз өкүндүрөт» деп айтып жүргөн.
5. Кезектеги сүйүүсү Ванесса Паради менен башталган мамилеси тууралуу көпчүлүк «мына эми Депп үй-бүлө куруп токтолду» дешкен. Ванесса актёрго 1 уул, 1 кыз төрөп берип, карьерасын жыйыштырып, өзүн толугу менен үй-бүлөгө арнаган. Экөө 15 жыл чогуу түтүн булаткан соң, Депп аны да таштап кетти.
6. Бул ирет 50 жаштагы Жонни 27 жаштагы актриса Эмбер Хёрдду ээрчип кете берди. Ошентип 2015-жылдын 3-февралында Депп менен Хёрд расмий түрдө никеге турушту. Эми жаш актриса Жоннини канчага чейин жанында кармап калат, аны убакыт көрсөтөт.
КЫЗЫК ЭКЕН
1. Актриса Вайнона Райдер менен мамиле куруп жүргөндө денесине «Winona Forever» («Вайнона түбөлүккө») деген жазуу чектирген. Экөө эки ажырым жолго түшкөн соң, актёр ал жазууну «Wino Forever» («Аракечтик түбөлүккө») деп өзгөртүп салган.
2. Ванесса Паради экөөнүн ортосунда Лили Роуз аттуу кызы жана Жон Кристофер аттуу уулу бар.
3. Немис тилинде Депп деген сөз акылсыз дегенди билдирет. Бул тууралуу актёр көп тамашалайт.
4. 2003-жылы «People» журналынын версиясы боюнча Жонни «эң сексуалдуу мырза» деп табылган.
5. Актёр курт-кумурскаларды жана тапанчалардын түрүн коллекциялайт.
6. Алгач «Мистер жана миссис Смит» тасмасындагы мистер Смиттин ролуна Депп дайындалган болчу.
7. Жонни жадакалса мектепти толук аяктаган эмес.
8. Анын денесинде жалпысынан 13 даана чектирилген сүрөт бар.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg