«БИР БОЛ» КЫЗЫЛ АЯНТТА!

«Бир Бол» партиясынын жаш канатынын мүчөлөрү даярдык жагынан талаш жок, мыкты экен. Ийгилик, жеңиш үстүндө гана келе жатышат. Буга чейин саясий партиялардын жаш канаттарынын арасында өткөрүлгөн дебат сынакта чемпиондукту багындырышса, эми «Бир Болдун» жаштары Орусияга чейин жетип отурат. Тагыраагы, партиянын жаш активисти Кайрат Бекмамбетов Орусияда өткөрүлгөн «Шериктештик жаштарынын күндөрү-2015» эл аралык лагерге Кыргызстандын атынан катышып келди. Аталган лагерге КМШ, Балтия жана Кавказ өлкөлөрүнөн 100дөн ашык жаш активисттер менен журналисттер катышып, эл аралык иш-чара Москвада жана Калуга облусундагы «ЭтноМир» маданий комплексинде болуп өттү.
Бир жумага созулган лагерде эс алуу менен бирге катышуучуларга ар кандай мастер-класс, тренингдер уюштурулду. Ошондой эле катышуучулар башка элдердин өткөн тарыхы, үрп-адат, каада-салттары менен тааныша алышты. Лагерде маалыматтык согуш маселеси негизги тема болгондуктан, тренинг, мастер-класс, семинарлар да ушул темага арналды. Катышуучулардын айтымында, лагердеги иш-чаралар кызыктуу өтүп, көп нерселерди билип, үйрөнө алышкан. Кайрат Бекмамбетов болсо лагердин иши өзгөчө коммуникативдик билим жана тимбилдингдерди уюштуруу маселелерине арналганын айтты.
Биз атайын Москванын Кызыл аянтында «Бир Бол» партиясынын желегин желбиретип, Кыргызстандын намысына жарап келген жаш активист Кайрат Бекмамбетовго кайрылдык:
– Лагерь катышуучулардын бейформал жолугушуу форматында өттү. Ошондуктанбы, биз, катышуучулар бири-бирибизди жакындан билип-таанып, атүгүл достошконго жетиштик. Кыргыз, тажик, өзбек, орус, украин, грузин, армян улутунун жаштары бир үй-бүлөдөгү балдардай эле болуп жүрдүк.
Лагердеги «Аншлюз» деп аталган социалдык-ролдук оюн мен үчүн кызыктуу табылга болду. Биз бул оюнда шарттуу түрдө «Миргород» жана «Этнобург» деген шаарларга бөлүндүк. Мен «Миргороддун» мэри болуп шайландым да, оппозициясы бар өзүмдүн өкмөтүмдү түздүм. Биз шаарыбыздын көз карандысыздыгын колдосок, «Этнобург» шаарынын өкүлдөрү биригүүнү колдошту. Менин өкмөтүмдүн маалымат кызматы мэриянын иши боюнча элге маалымат берип, «Миргород» шаары көз карандысыз болушу керек деп элди ынандырганга аракет кылып жатты. Бул учурда айрым журналисттер мен тууралуу жалган, бурмаланган чагымчыл маалыматтарды таратып, ордума жаңы мэрди сунуштап жатышты. Биз өз чындыгыбыз үчүн күрөштү улантып, элдин турмушун жакшыртуу үчүн багыттарыбызды аныктадык. Анан бизди колдогондор чыга башташты, атүгүл мэрдин таламын талашып митинг кылгандар болушту. Кыскасын айтканда, оюндун сценарийи ушундай. Оюн аябай кызыктуу, көңүлдүү, ошол эле мезгилде катуу күрөш менен жүрдү. Оюн аркылуу өзүбүздү саясатчы, эл башчылардын ролунда сынадык. Эң негизгиси, маалымат агымдарында багытты туура аныктап, өз жон терибиз менен манипуляция, ММКлар аркылуу коомдук пикирге таасир берүү эмне экенин аңдап, биле алдык. Ал эми бул келечектеги саясатчы, лидерлер үчүн өтө маанилүү.
Лагердин башынан аягына чейин Кыргызстандан баргандар өзүбүздүн активдүүлүгүбүз менен айырмаланып, командада иштей аларыбызды көрсөттүк. Эң башкысы, көптөгөн адамдар менен таанышып, досторду, пикирлештерди күттүк. Бири-бирибизден алыс жашасак да, интернет аркылуу байланышып, сүйлөшүп туруу үчүн координаттарыбыз менен алмаштык. Лагердин аягында дипломдор менен сыйландык. Ал жерден үйрөнгөн-билгендеримди эми Кыргызстанда колдоном. Буюрса, эми алдыда мамлекеттер ортосундагы долбоорлорду ишке ашыруу ниетиндебиз,- деп билдирди.
Ал эми Кызыл аянтта партиянын туусу менен болгонуна кызыкканыбызда, ал «Бир Бол» партиясынын атынан КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын башын бириктирип, бир болтурган эл аралык иш-чарага катышканы символикалуу болгонун, ал үчүн  сыймыктанып, толкунданганын, анан атайын Кызыл аянтка барып, «Бир Бол» партиясынын желегин желбиретип, сүрөткө түшкөнүн айтты.
Белгилей кетсек, «Шериктештик жаштарынын күндөрү-2015» эл аралык лагери «Шериктештик» эл аралык жаштар уюму тарабынан өткөрүлүп келет. Аны башкаруу ишин Евразия мейкиндигиндеги 10 өлкөдөн кирген 27 мүчө ишке ашырат. Уюмдун камкордук көрүүчү кеңешин Орусиянын эл аралык иштер боюнча Федерация Кеңешинин Комитетинин төрагасы Константин Косачев жетектеп келет. Мындай форматтагы жаштар лагери 2011-жылдан бери уюштурулуп, ага ушул убакка чейин КМШ, Балтика жана Кавказ өлкөлөрүнөн 500дөн ашык жаш лидерлер катышкан.

Айдай Каныбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан